Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:59

Улуттук статистика комитети Кыргызстанда 2010-жылга салыштырганда акыркы жылы абага зыяндуу заттардын тарашы эки эсе көбөйгөнүн билдирди. Өзгөчө Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагынын атмосферасы өтө эле булганып жатканы айтылууда.

Абанын булганышына эмне себеп болууда, глобалдык көйгөйлөрдүн таасириби же кайдыгерликтин кесепетиби, аны жеңилдетүүгө өкмөт, жалпы коомчулук кандай чараларды көрүшү керек? Мына ушул маселелер «Арай көз чарай» берүүбүздүн бүгүнкү чыгарылышында талкууланды.

Талкууга Борбордук Азия жер изилдөө институтунун илимий кызматкери Рыскул Усубалиев, Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Бишкек шаары боюнча башкы инспектору Камил Султанмуратов, география илимдеринин кандитаты, экология боюнча серепчи Кайрат Молдошев катышты.

"Азаттык": Кайрат мырза, Кыргызстанда 2010-жылга салыштырганда абанын булганышынын сандык көрсөткүчүнүн көлөмү эки эсе көп болуп жатканы айтылууда. Анын негизги себеби эмнеде?

Кайрат Молдошев: Абаны булгоочу эки фактор бар. Биринчиси - жүрүп туруучу техника, автоунаалардын таасири. Экинчиси - стационардык деп коебуз, ага жылуулук берүүчү станциялар (ТЭЦ), туруктуу иштеп жаткан от казандар. Мында Бишкек жана Ош шаарларындагы жылуулук берүүчү станциялар абаны көп булгашууда.

Эн чоң көйгөй Бишкек шаарындагы автоунаалардын көбөйүшү болууда. Автоунаанын саны эле эмес, сапаты да абанын булганышына терс таасирин тийгизүүдө. Эгер бул маселени чечүүнү колго албаса, абал дагы оорлойт. Себеби, түндүктөн, түштүктөн келген аба массаларынын атмосферадагы айлануу процесстери, өзүн-өзү тазалоо деген түшүнүктөр бар, алар жылдан-жылга азаюуда.

"Азаттык": Булгануунун жарымы Бишкекке туура келет экен... Автоунаадан чыккан түтүндөн сырткары, борбор шаардын атмосферасы кайдан, эмнеден бузулуп жатат?

Камил Султанмуратов: Биздин эсебибиз боюнча Бишкек шаарынын абасынын булганышына 15 пайыз ТЭЦ баш болуп, мазут, көмүр жаккан мекеме-ишканалардан чыккан түтүндөр, башка уулуу заттар себеп болсо, 85 пайызы автоунаалардан чыккан уулуу газдар булгап жатат.

Кыргызстанда мониторинг жүргүзгөн үч лаборатория бар. Бирөө Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинде, экинчиси Саламаттык сактоо министрлигинде болсо, үчүнчүсү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидромет кызматында иштеп жатат. Биздин анализ боюнча, абанын булганышынын негизги себеби автоунаалардын көбөйүшү. МАИнин маалыматы боюнча, Бишкек шаарында 316 миң автоунаа катталган. Башка аймактардан келгендерди эсептесек, борбор шаарыбызда күнүнө 500 миңден ашык машина жүрүүдө. 2010-жылы машинлердин саны эки эсе аз болчу.

"Азаттык": Европанын экологиясын булгай баштаган, эскирген, керектен чыккан машиналарын биз пайдаланып жатабыз. Киргизбей коюуга же санын чектөөгө болобу?

Камил Султанмуратов: 2012-жылы техкароо деген жоюлган. Техкароо болгондо ар бир машиненин түтүнү ж.б. жактары текшерилчү, экологиялык жактан зыяндуулугу болсо токтотулчу, айып пулдарды салчубуз. Азыр мамлекет техкароо да өткөрбөй калган, бул милдетти менчик фирмалар ишке ашырат. Менчик автоунаасы барлар кааласа өтөт, каалабаса жок. Атайын автоунаалар, жүк ташуучу машинелер гана эки жылда бир өтөт. Ошентип мамлекет тарабынан көзөмөл болбой калды. Маселенин оорлошун мен ушул жактан да көрөм.

Мындан сырткары май куюучу жайлар өзүнчө көйгөй. Уруксаты жок эле ооруканалардын, парктардын жанына салып койгондор көп, уулуу заттар алардан да чыгууда.

Рыскул Усубалиев: Абанын булганышы, климаттын өзгөрүшү глобалдык маселе болуп эсептелет. Анын аймактык өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, биздин тоолуу мамлекетибиз Борбор Азиядагы чөлдөрдүн ортосунда жайгашкан. Өзгөчө жай мезгилинде болгон бороон-чапкындан ошол чөлдөрдөн көптөгөн чаңдар абага көтөрүлүп чыгып, белгилүү бир убакыттан кийин, кайра жерге түшүүдө. Эң негизгиси антропогендик фактор деп коебуз, башкача айтканда, аба адамдын өзүнүн колу, аракети, таасири менен булганып жатат. Бул глоболдык мүнөзгө ээ болууда. Булганган аба бир жерден экинчи жерге жылып жүрүп отуруп, акыры алардын калдыктары биздин тоолорубузга, мөңгүлөргө келип түшүүдө. Алар мөңгүлөрдүн тез эришине алып келүүдө. Мурда мөңгүлөргө жөнөкөй эле чаңдар түшсө, кийинки жылдары оор металлдар кездешүүдө. Бул мөңгүлөрдүн сапатына да терс таасирин тийгизүүдө.

Кайрат Молдошев: Жакында Париж шаарында дал ушул маселе боюнча саммит болуп, биздин президентибиз да катышты. Мурда Киото протоколу деп жүргөнбүз. СО2ге көп мамлекеттер кол койбой жүрүштү. Парижде болгон кеңешме буга башкача көңүл бурду. “Биз экономиканы өстүрөбүзбү же экологияны сактап калабызбы?” деген чоң суроо коюлду. Көп мамлекеттер эми башкача мамиле жасай турган болушту. Атмосфера деген чек араны билбейт, ошондуктан абаны жакшыртуу боюнча жалпы күрөшүү керек.

Кыргызстан бул жаатта 13 эл аралык келишимдерге, конвенцияларга кол койгон. Акыркысы болуп Париж протоколуна да президентибиз кол коюп келди, Кыргызстан кол койгон документтеринин талаптарын аткарып жатат.

"Азаттык": Камил мырза, Бишкек шаарындагы оор кырдаал түшүнүктүү. Эми ошону чечүү, жеңилдетүү боюнча кандай чаралар көрүлүүдө?

Камил Султанмуратов: Биздин инспекция 2012-жылы уюштурулган. Биз колубуздан келгенибизди жасап жатабыз. 2015-жылы мазут, көмүр жагып техникалык, экологиялык эрежелерди сактабагандыгы үчүн 15 мекемеге айып пул салынган, анын бешөө жабылган, иши токтотулган.

Дагы бир көйгөй: автоунаалардан чыккан газдарды, түтүндөрдү ченеп, өлчөп, текшерип ала турган жабдууларыбыз тээ союз мезгилинен калгандар. Эми ошолорду жаңыртуу боюнча мамлекеттик техэкоинспекция аракеттерди жасап жатат. Азыр Орусиядан чыккан жеңил, мобилдүү аппараттарды алууга аракеттер болууда.

Рыскул Усубалиев: Биздин абанын таза болушу өзүбүздүн колубузда. Эми чечкиндүү аракеттерди жасоо керек. Автоунааларды көзөмөлгө алып, чектерин коюп, талаптарга жооп бербегендерин токтотуу керек. Бизге Орусиянын “Газпром” компаниясынын келгенине эки жыл болду, үзгүлтүксүз газ берилүүдө. Көп объектилерди газдаштырууга өткөрүү зарыл.

Кайрат Молдошев: Биздеги эң чоң маселе, кичинекей баладан баштап баарыбыз жаратылышка, айлана-чөйрөнү коргоо, таза сактоого көңүл бурбасак эч нерсе өзгөрбөйт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG