Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Кыргыз өкмөтү ГЭСтерди курууга кеткен Орусиянын чыгымдарын кайтаруу боюнча комиссия түздү. Өкмөттө ошондой эле Жогорку Нарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСине Кытай, Иран тараптан кызыгуу бар экенин айтылууда. Бул канчалык реалдуу? Мына ушул жана башка суроолорго энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков жооп берди.

“Азаттык”: ГЭСтер боюнча келишим бузулуп жатканда кыргыз өкмөтү Орусия кетирген чыгымды келечектеги инвесторго жүктөйбүз деген эле. Эми Орусиянын кетирген чыгымын кайтаруу маселеси көтөрүлүүдө? Муну Москванын талабы катары түшүнсөк болобу?

Эрнест Карыбеков: Жок. Андай эмес. Бул жерде кыргыз өкмөтү өз кемчиликтерин орус өкмөтүнө жүктөөгө аракеттенүүдө. Анткени, биринчиден, өтпөй турган долбоорду кыргыз өкмөтү сунуштаган. Экинчиден, жер былтыр октябрь айынын аягында гана бөлүндү. Азыркы өкмөт башчы ал кезде экономика министри болчу. Үч жылга созуп жатып жер бөлүп берди. Жер берилбесе, бир да инвестор курулуш баштабайт. Бирок орус тарап өзүнүн президентинин буйругун аткарып, курулушту акырындап баштаган эле.

Коррупциялык схемалар аркылуу 2010-жылдан баштап суунун көлөмүн түшүрүп салып, кубаттуулукту көтөрө албай келатышат. Ошон үчүн элди кыйнап башка мамлекеттерден кымбат баада электр энергиясын сатып алууда.

“Азаттык”: Эрнест мырза, жер ишти жүргүзүүгө жетиштүү өлчөмдө мурда эле бөлүнгөнү белгилүү да...

Карыбеков: Бөлүндү. Бирок октябрь айында гана. Ага чейин толук бөлүнө элек болчу. Экинчиден, долбоордун баасын аябай көтөрүп салышкан. Ошондой эле ГЭСтерди түрктөр Грузияда 500 миллион долларга куруп жатышат.

“Азаттык”: Жогорку Нарындагы ГЭСтердин техника-экономикалык негиздемесин орус тарап түзүп, бааны алар көтөргөн да?

Карыбеков: Орус тарап көтөргөн. Бирок буюрутма берген Кыргызстан болуп атпайбы. Кыргыз тараптан бир да министрлик, өкмөт бааны көтөрүп салдыңар деп айткан жок.

Ошон үчүн башында кымбат бааланган. Андай баада электр энергиясын эч ким сатып албайт. 2012-жылы сентябрда долбоор сунушталар алдында бул ГЭСтерден чыга турган электр энергиясын ким сатып алат деген суроого жооп болушу керек эле. Буга азыркы кезге чейин жооп жок.

“Азаттык”: Бул эми биздеги тариф саясатына байланыштуу маселе болушу мүмкүн. Бирок бизде азыркы кезде электр энергиясы жетишпей жатат. Өзүбүз эле сатып алат элек да?

Карыбеков: Андай эмес. Биздин энергетикалык системабыз жылына 15,5 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүрөт. Кыргызстан жылына 11,5 млрд киловатт-саат пайдаланат. Ошондо 4 млрд киловатт-саат электр энергиясы калып жатат. Макул 16% техникалык жоготуу десек, ошондо да 2,5 млрд киловатт-саат экспортко да калып жатпайбы. Булар болсо коррупциялык схемалар аркылуу 2010-жылдан баштап суунун көлөмүн түшүрүп салып, кубаттуулукту көтөрө албай келатышат. Ошон үчүн элди кыйнап башка мамлекеттерден кымбат баада электр энергиясын сатып алууда. Ошонун айынан 300% тарифти көтөрүштү.

“Азаттык”: Эрнест мырза, сиз Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин эч качан курбасын мурда эле айтып келген элеңиз. Айткандай эле ал ишке ашпай калды. Эми мына Кытай жана Иран тараптан кызыгуу бар экени айтылууда. Бул өлкөлөр келеби?

Карыбеков: Кызыгып жатат деген бир сөз, курат деген башка сөз. Ошон үчүн менин оюмча, башка мамлекеттер курбайт. Курулганда алар иштеп чыккан электр энергиясын ким сатып алат? Кошуна мамлекеттер сатып албайт. Алардын энергетика системасы өзүнө жетиштүү энергия берет. Аларга суу керек. Суу болсо алар Токтогулдагы сууну электр энергиясы менен кошо сатып алышат. Кытайга чоң кубаттуулуктагы станциялар өнөр жай тармагына керек. Ал эми Жогорку Нарындагы каскад жай айында гана иштейт. Ал эми жайында бизде электр энергиясы көп эле болуп атпайбы. Эгерде биз тармакты натыйжалуу иштетсек, электр энергиясы өзүбүзгө жетет. Экспортко да ашат.

Бизден электр энергиясын ким сатып алат? Кошуна мамлекеттер албайт. Аларга суу керек. Суу болсо алар Токтогулдагы сууну электр энергиясы менен кошо сатып алышат.

“Азаттык”: CASA-1000 программасы аркылуу экспортко чыгарууга болот да?

Карыбеков: Биринчиден, машинаны жүргүзүү үчүн май куюш керек. Ошол CASA-1000 куруш керек.

“Азаттык”: Депутаттык комиссияны Жогорку Нарындагы ГЭСтерди курууга даярдык үчүн 38 млн. доллар жумшалганын абдан чоң күмөнгө салган. Сиз кандай дейсиз, ошончо каражат жумшалганбы?

Карыбеков: Комиссия түзбөй эле Эсеп палатасы аркылуу эсептесе болмок. Кыргызстандын да, Орусиянын да Эсеп палаталары, коррупцияга каршы кызматтары бар. Мына ошолор санап, жыйынтыгын бериши керек. Комиссиянын деле кереги жок эле.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG