Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:55

Кумшекердин бир килограммынын баасы 70 сомго чыкты. Буга аны ташып келүүдөгү монополисттердин жасалма таңкыстык түзгөн аракеттери себеп болгон.

7-апрелге чейин кумшекер тартып келүү Максим Бакиевге жакын адамдардын көзөмөлүндө болуп, башка атаандаштардын рынокко кире албай келгендиги айтылып жүрчү.

Жогорку Кеңештин жыйынтыктоочу отурумунда “Республика” фракциясынан депутат Нурбек Мурашев сырттан кумшекер тартып келүүдө кайрадан монополия орногондугун айтып чыкты.

Мурашевдин белгилешинче, кумшекерди тартып келүүгө бажы төлөмдөрү алынып салынгандыгына карабастан, анын баасы кескин өсүп жатат.

Депутат Нурбек Мурашев бул үчүн айрым кесиптештеринин калкалоосу менен башка ишкерлерди рынокко киргизбей жаткан монополист компанияларды айыптады:

- Кумшекердин токсон пайызга жакынын Кыргызстанга бир эле адам алып келет экен. Бул жерде биздин кесиптешибиз бар - Өмүрбек Абдрахманов деген. Мына ошол кишинин уулу бир айда жүз вагон кумшекер келсе, ошонун токсон вагонун тартып келип жатыптыр. Биз кумшекерге мамлекеттик төлөмдү алып салганыбызга карабастан, өздөрүнөн башка атаандаштарды киргизбей, мына ошол компаниялар кумшекерди асманга чыгарып жиберишти. Мына ушуга байланыштуу Ө. Абдрахманов мырза бирөөнү эле сындай бербей, өзүн дагы бир сыйра карап койсо дейин дедим эле.

Өмүрбек Абдрахманов
Мындай дооматты “Ата Мекен” фракциясынан депутат Өмүрбек Абдрахманов четке какты. Депутаттын айтымында, кумшекер тартып келүү тармагын толук көзөмөлгө алууга оппозициялык фракциядагы депутат аралаша албайт.

Өмүрбек Абдрахманов анын дарегине айтылган дооматты жалган жалаа катары сыпаттады:

- Ооба, менин уулум да бир компанияда иштейт. Мына ошол “Кайыңды-Кант” ишканасына анын анча-мынча гана тиешеси бар. Бирок Ө. Бабановдун партиясындагы Н.Мурашев деген жигит негизсиз жерден эле жаманатты кылып, калптын баарын айтып жатат. Демек муну Ө. Бабановдун буйрутмасы экен деп билсек болот. Биз кумшекерди монополия кылып алып, андан акча жасагыдай эч кандай бийлик рычагдарыбыз жок. Өкмөттө бүтүндөй экономиканы көзөмөлдөп Ө. Бабанов отурат.

Көнүмүш адаттын көлөкөсү

Анткен менен серепчилер кумшекердин баасынын кескин кымбатташынын башка себептерин көрө алышпайт. Анткени анын чет өлкөдөгү баасын жана ташып келүү чыгымдарын салыштырганда анын сатууга чыккан баасы элүү сомдун айланасынан ашпаш керек эле деген эсептер бар.

Мындан үч жыл мурун Максим Бакиевдин кысымы менен өкмөт кумшекерге монополия киргизип, аны Кыргызстанга ташып келүү укугу “Беларус кумшекер” компаниясына берилген. Натыйжада ошол учурдагы экономика жана соода министринин айтымында, 2008-жылы кумшекердин баасы алгач жолу алтымыш пайызга кымбаттаган болчу.

Учурда Жогорку Кеңештин каржы жана бюджет комитетин жетектеген Акылбек Жапаровдун айтымында, мына ошол учурдагы көрүнүш азыр деле кайталанып жатат:

- Тилекке каршы өткөн жылкы апрелдеги ыңкылаптан кийин деле мына ошол монополист компаниялар калып калышкан. Анткени алардын артында кандайдыр бир таасирдүү, акчалуу жана бийлиги бар адамдар турганы шексиз. Болбосо мындай болмок эмес.

Мына ошол аткаруу бийлигиндеги жооптуу жетекчилердин ушундай мамилесинен аларга жагымдуу шарттар түзүлүп калган. Болбосо биз бажы төлөмдөрүн алып койгондон кийин жок эле дегенде кумшекердин баасы 25-30 пайызга арзандаш керек эле. Бирок эмнегедир андай болгон жок. Демек мына ошол рынокту бирөөлөрдүн пайдасы коргоп берип жаткан өкмөттө таасирдүү адамдар отурат.


"Билбейм деген бир сөз"

Бирок өкмөттүн алдындагы монополияга каршы күрөшүү агенттиги кумшекер тартып келүү тармагындагы мындай көрүнүштөн азырынча кабары жок.

Атаандаштык чөйрөсүн анализдөө бөлүмүнүн башчысы Сейит Асанов эгерде монополияга жол койгон аракеттер далилденсе, ага тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгына токтолду:

- Биз бул боюнча эми маалымат алып отурабыз. Эгерде ошондой монополия бар экендиги далилденсе, биз аны иликтеп көрөбүз. Андан соң ага карата баа саясатын турукташтыруу боюнча чараларды көрөбүз. Кумшекерге болгон баанын негизделип коюлушун биз алардан талап кылабыз.

Ошол эле учурда Кыргызстанга кумшекер ташып келе турган канча компания бар экендиги, алардын канча убакыттан бери жана канчалык керектөө өлчөмүндөгү кумшекерди ташып келип жатканы боюнча суроолор жоопсуз калды.

Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат катчысы Абдылда Малдыбаев мындай суроолорду коммерциялык сыр катары эсептеп, ал тууралуу ачык маалымат берүүдөн баш тартты:

- Бажы кодексине ылайык, биз мындай маалыматтарды ачыкка чыгара албайбыз. Азыр Беларустан гана келип жатат. Мурда Азербайжандан жана Кытайдан келчү. Болду, башка эч нерсе айта албайм.

Ошол эле мезгилде бажы төлөмдөрүнүн алынып салынгандыгына байланыштуу Кыргызстанга кумшекер ташып келүүгө кызыкдар ишкерлердин уруксат ала албай жүрүшкөндүгү айтылууда. Анткени буга кирешелүү тармактагы “өз кишилерди” калкалоо өнөкөтү себеп болуп жаткандыгынан кеп салгандар аз эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG