Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:29

Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Алтай Бөрүбаев илимий иштердеги плагиат тууралуу маек курду.

“Азаттык”: Быйыл Кыргызстанда илимий иштердеги бирөөнүн эмгегин көчүрүп алуу фактыларын аныктоо боюнча “Анти-Плагиат” системасы ишке кирет экен. Оболу ушул система тууралуу учкай айтып бересизби? Буга чейин плагиатты кантип аныктачу элеңиздер?

Алтай Бөрүбаев: Жогорку аттестациялык комиссия илимдин доктору жана кандидаты окумуштуулук даражаларын ыйгарууга келип түшкөн диссертациялык иштерди эксперттен өткөрүү үчүн инновациялык “Анти-Плагиат” системасын киргизип жатабыз. Учурда бул система тестирлөөдөн өттү. Бул аттестация системасында чоң бурулуш болуп эсептелет.
Студенттер илимий иш жазып атат дегенден алысмын, себеби студенттер жазган иштерде илимдин элементтери гана бар.

Диссертацияларды экспертизадан өткөрүү өтө көп эмгекти, тактап айтканда, көптөгөн документтерди, илимий эмгектерди, диссертацияларды анализдөөнү талап кылат. Эксперттер ушундан абдан кыйналып жүрүшчү. Эми бардыгын жатка билүү да кыйын. Ошондуктан Интернеттен, же бөлөк диссертациядан көчүрүп алгандар аттестациядан өтүп кетчү. Ал эми азыр болсо компьютер өзү канча пайызы башка диссертациялардан, канчасы Интернеттен, канчасы башка булактардан шилтемесиз көчүрүлүп алганын, өзүнүн оригиналдуу иши канча пайыз экенин таптак көрсөтүп берип турат.

“Азаттык”: Илимий иштердеги плагиат үчүн мыйзамдарда жаза каралганбы? Башка бирөөнүн эмгегин көчүрүп алганы аныкталса, кандай чара көрүлөт, же уяткарып эле тим болосуздарбы?

Алтай Бөрүбаев: Биринчиден, биз машина аныктап берген документтерди эксперттик комиссияларга беребиз. Ал комиссия кашкайып көрүнүп турган нерселер көп болсо, автоматтык түрдө ал ишти четке кагуу боюнча президиумга сунуш берет. Анан ал ишти президиум четке кагат. Ал эми кээде талаш учурлар болот. Машина менен эксперттер ортосунда талаш жаралган учур да болот. Анда биз эксперттердин чечимин карайбыз, анан акыркы чечимди президиум чыгарат.

“Азаттык”: Кыргызстанда илим өзүнчө, коом жана мамлекет өзүнчө жашап жаткандай таасир калтырат. Жылына 30дай диссертациялык, 200дөй кандидаттык иш жазылат экен. Алардын 10 пайызы сиздердин комиссиянын сынынан өтпөй калат. Бул көппү же азбы? Жазылган илимий иштерден пайда болобу?
Азыр болсо компьютер өзү канча пайызы башка диссертациялардан, канчасы Интернеттен, канчасы башка булактардан шилтемесиз көчүрүлүп алганын, өзүнүн оригиналдуу иши канча пайыз экенин таптак көрсөтүп берип турат.

Алтай Бөрүбаев: Илим болбосо, коомдун да, мамлекеттин да өнүгүшү болбойт. Бизде мынча диссертация жазылгандан кийин канча сом пайда келет деп түшүнүшөт. Мында өндүрүшкө тиешелүү диссертациялардан каражат түшүп жатат. Ал эми кыйыр түрдө коомдук илимдерде, мисалы математикадан жакталса, албетте илимдин өнүгүшүнө сөзсүз түрткү болот. Бул иштердин пайдасы талашсыз.

Ал эми бизде өзүңүз айткандай, 30га чейин докторлук диссертация, 200гө жакын илимдин кандидаттыгы үчүн диссертациялар жакталып жатат. Бул биздин 5 миллион элибизге көппү, же азбы деген мыйзамдуу суроо туулат.

Эгер ар бир адамдын башына салыштырмалуу айтсак, мисалы, Казакстанда 20 миллион адам болсо, Өзбекстанда 30 миллионго жакын эл жашаса, ал жактарда жазылган диссертациялардын санына салыштырмалуу КМШ өлкөлөрүнүн ичинен диссертациялар эң аз жазылган өлкөлөрдөн болуп саналабыз. Себеби Жогорку аттестациялык комиссия ошого бөгөт койгон. Азыркы бөгөтүбүз эми мындан да катуу болмокчу. Илимдин кандидаттык, доктордук диссертацияларынын сапатын жогору көтөрүү боюнча күрөш жүрүп жатат. Кеп санында эмес, сапатында болуш керек.

“Азаттык”: Сиз ректор болгонсуз, студенттер жазган илимий иштердеги плагиатты азайтуу чаралары барбы? Анткени Кыргызстанда курстук, дипломдук иш жазып берүү боюнча кызматтар жайнап кетти.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен диссертациялар эң аз жазылган өлкөлөрдөн болуп саналабыз.

Алтай Бөрүбаев: Биз жасап жаткан “Анти-Плагиатты” жогорку окуу жайларында да колдонуу ниетин көздөп жатабыз. Студенттер илимий иш жазып атат дегенден алысмын, себеби студенттер жазган иштерде илимдин элементтери гана бар. Ал эми накта иштер аспирант, докторанттарда эле болот.

“Азаттык”: Сиздердин комиссия негизи эмне менен алектенет?

Алтай Бөрүбаев: Жогорку аттестациялык комиссия кандидаттык, докторлук наамдарды татыктуу адамдарга, туура диссертацияларды жазган адамдарга ыйгаруу боюнча, доценттик, ага илимий кызматкер жана профессор деген наамдарды берүү боюнча аттестация тармагындагы бардык иштерди алып баруу эсептелет.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG