Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:10

Мугалимдер эмне үчүн нааразы?


Бишкетин бир топ мектептеринде мугалимдер айлык акынын кеч жана мурдагысынан азыраак берилишине нааразы болушууда.

Мугалимдердин айтымында, сентябрдын маянасы миң, эки миң сомго аз берилген. Билим берүү министрлиги менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы бөлүнгөн сааттарга байланыштуу айлыкта айырма болгонун айтышууда.

Сентябрь айынын маянасын Бишкек шаарындагы мугалимдердин акыркылары 21-октябрда алып бүтүштү. Бирок алардын көбү өкмөт убада кылган айлыкты албай калдык деп нааразы.

Бишкектеги №70 мектеп-гимназиясынын атын атагысы келбеген мугалими айлык акы мурдагы эле суммада берилип жаткандыгын билдирди:

- Нааразылар болуп эле атат. "Коштук" деп коюп эле кошпой жатышпайбы. Кошулду, бирок биз деле эмнени алып, эмнени берип жатканыбызды түшүнбөй калдык. Мурдагы эле айлыгыбызды алып жатабыз.

Мугалимдердин нааразылык акциясы, Жети-Өгүз, 13-декабрь, 2010-жыл
Мугалимдердин нааразылык акциясы, Жети-Өгүз, 13-декабрь, 2010-жыл
Мугалимдердин көбү бул тууралуу эч кимге ооз ачпоону туура көрүшүүдө. Мунун себебин алар “жумуштан айрылып калуудан коркобуз” деп түшүндүрүп жатышат. Борбор калаадагы №48 мектеп-гимназиянын мугалимдери да ушундай маселе болгонун айтышып, бирок сүйлөп берүүдөн баш тартышты. Атын атабоону суранган мугалим айлык маселесин териштирүүдөн майнап чыкпайт деп эсептейт.

- Ар ким жумушун жоготуп алуудан коркот. Ошондуктан унчукпай отурабыз. Биз азыр алган айлыгыбыздан көбүрөөк алабыз го деп күткөнбүз. Балким чын эле ушунча алышыбыз керектир. Бизге келип, мисалдар менен эч ким түшүндүргөн жок. Үмүтүбүз акталган жок. Сиз бекер эле жүрөсүз. Баары бир эч ким, эч нерсе айтпайт.

Мугалимдердин нааразылыгы №5 Улуттук компьютердик гимназияда да болгон. Мектеп директору Аскарбек Байсеркеевдин айтымында, нормага ылайык мугалимдер бир гана ставкада иштөөгө укуктуу. Мурда эки ставкада, башкача айтканда 36 саат алып иштеп жүргөндөр азыр 22-25 гана саат ала алат. Мына ушул жагдайлар май менен сентябрь айындагы айлыктарга айырма берген экен.

- Жаш мугалимдердина айлыгы үч эсеге чейин көтөрүлдү. Салыштырмалуу жашы жогорулаган сайын айлыктарына азырак акча кошулду. Нааразы болуп жаткандарынын бир себеби ушул. Экинчиден, мурда алар эки ставка менен толук иштеп жүргөн. Май айында окуу жылдын аягы болуп, 36 саат иштегендер болгон. Бүгүнкү күндө 25 сааттан ашуун алганга болбойт. Ошондуктан ортодогу тогуз сааттын акчасы сөзсүз көп болот. Мугалимдер сентябрь айында бир-эки миң аз алышы мүмкүн, андан ашык эмес.

Көбөйтүлгөн айлык боюнча жогорку билимдүү мугалимдердин бир саатына 45 сом, магистратураны аяктаса 50 сом төлөнөт. Ошондой эле эмгек стажына пайыздык төлөмдөр кошулат. Мисалы, беш жыл стажы болсо 10%, 10 жыл – 20%, 15 жылдан жогору 30%. Категория үчүн айлыкка кошулбайт. Эгер мугалим мыкты окутса, ал бааланып, ага кошумча төлөнөт.

Билим берүү министрлиги менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы бөлүнгөн сааттарга байланыштуу айлыкта айырма болгонун айтышууда. Башкармалыктын жетекчиси Айнагүл Ниязова ушундай маселелер чыккан мектептер өз алдынча такталарын кошумчалады.

- Айлыктардын бардыгы берилип бүттү. Бизге айлык боюнча кайрылган мугалимдер болгон жок. Директорлор менен байланышканда мугалимдер баягыдай эле айлык алышканын айтышты. Кайсы мектептер, ким экенин айтышса биз такташабыз. Айлык көбөйгөнү кантип байкалбайт? 40 саат өтүп 7,5 миң сом алышчу эле, азыр 27 саат өтүп 8 миң алып атышат.

Кыргыз өкмөтү ушул жылдын 1-майынан тарта мугалимдердин айлыгы үч эсеге чейин көбөйөт деп билдирген болчу. Май айынын маянасын алган бир катар мугалимдер эмгек акы өкмөт убада кылгандай көтөрүлбөгөнүнө нааразы болушкан.

Жакында эле мугалимдердин айлык акысынын кечиктирилип берилишин премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Бабанов сындап, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу зарылдыгы белгиленген. Ал эми жер-жерлерде мугалимдер шайлоодон кийин айлык акыга байланыштуу өкмөткө кайрылышарын белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG