Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:04

Гемодиализге байланган өмүрлөр


Бөйрөгү оорулуу, гемодиализ алган жарандар аларга жеңилдик берген Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунун программасын 2017-жылга узартып берүүнү жана ага оорулууларды толугу менен киргизүүнү суранып жатышат. Оорулуулардын жакындары бул туурасында президентке атайын кайрылуу жолдошту.

Эки баланын энеси, 41 жаштагы Жылдыз Асанакун кызы он жылдан бери бөйрөк оорунун азабын тартып жүрүп, акыры июль айынан тарта гемодиализ ала баштады. Аптасына үч жолу 5800 сомдон канын тазалатып келе жаткан аял кечээ акчасы түгөнүп, кезектеги процедурасына бара албай калды.

- Тыйынга байланыштуу кечээ бара албай калдым. Башында бир жумада үч жолу барып жаткам. Кийин акчага карап эки жолкуга өткөм. Жайдан бери 200 миңден ашык акчабыз кетти. Болгон мал-салдын баарын сатып бүттүк. Кезегибиз болсо жылбай эле турат.

Гемодиализди убагында ала албай калса, адам гүл сыяктуу эле соолуп, шылкыя түшөт, дейт Жылдыз. Ушул тапта ал өңү керсары тартып, буту-колу шишип, деми кыстыгып кыйналып турат.

- Суу ичпесең деле дене боюң сууга толуп чыгат экен. Өзүмдү оор сезип. Бир аз гана кыймылдайм. Эч жакка чыкпайм.

Бейтапты убайымга салган гемодиализ акысы

Бейтапты убайымга салган гемодиализ акысы

Бөйрөк оорусуна кошумча кант диабети жармашып, кан басымы көтөрүлүп, көзү да начар көрө баштаган келинди төрт айдан бери кайненеси Гүлүйпа Турдумамбетова кичине баладай багып жатат. Оорунун айынан Караколдон Бишкекке даба издеп келгендер шаар четинен бир бөлмө жер тамды 3 миң сом ижарага алып күн кечирүүдө. Меши жок, көк жыттанган бөлмөдө плитка сайып коюп, жакшылыктан үмүт үзбөй отурушат.

- Батирдин ээси жакшы киши. Үшүсөңөр плитканы сайып алгыла дейт. Арзанына карап шаардан алыс болсо дагы киргенбиз. Мен болсо келинимдин чачы-башын жууп берип, тамак-ашын жасап берем, кызматым ушул. Тигил дарыланган жерине үчүнчү смена деп түнкү саат 11де барабыз. Төрт саат жатат аппаратта. Мен болсо сыртта күтүп, күзөттө турам. Такси тосуп алып, таңга жуук келебиз. Түнкүсүн уйку жок. Ар кайсы жерим ооруп жатат деп отуруп алат. Кээде укмаксан болуп, сай сөөгүм сыздап жата берем. Кээде туруп каралашам. Кыйын эле болуп жатат. Үйдөгүлөрдү акча салгыла, тапкыла деп жатабыз. Ушу жакшы болуп эле балдарына кайтып барса экен, оокатын улантса экен деп тиленем. Балдарын да сагынды. Алар телефон чалат “качан келесиң” деп.

Оорулуу аял бюджеттик негизде гемодиализ менен камсыздалгандардын тизмесине илине албай же медициналык камсыздандыруу фондунун жеңилдик берген программасына кире албай аргасы түгөнүп турган кези. Алар бекер дарыланууга өтмөйүн бул жактан кете албастыгын, башка жолу жоктугун айтып зыркырашат.

Өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын жүгүн жеңилдетүү максатында быйыл өкмөт кошумча 60 миллион сом бөлүп, Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фондунун программасынын негизинде май айынан тарта 118 киши 5800 сомдун ордуна 800 сомдон төлөп канын тазалата баштаган. Бирок бул программа кайра эле 31-декабрда аяктаганы турат. Оорулуулардын жакындары программаны 2017-жылга узартып, ага дагы гемодиализге өтө муктаж 230 адамды кошууну президенттен суранып жатышат.

19 жаштагы уулунун азабын тартып жүргөн Зульфия Эгембердиева өкмөт жардам бербесе, оорулуулардын келечеги жок экендигин белгилейт.

- Бир сеанска кирүү 5800 сом турат. Ошол суммага 10 сом жетпей калса гемодиализди салбай коет. Ошол эле учурда 1000 сомдук кошумча препаратты салыш керек. Антпесе гемоглобини түшүп кетет. Гемоглобини түшкөн киши кийинки сеанска чейин эле ооруп жатып калышат. Айтайын дегеним, камсыздандыруу фондунун программасын созуп бериңиздер. Ооруп жаткандардын келечегин ойлосоңуздар. Бул - эң коркунучтуу оору. Эч кимдин башына салбасын. Ошону президенттен суранам.

Аталган фонддун медициналык камсыздандыруу программасын ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы Жыпаргүль Азизбекова бүгүнкү күндө аталган программаны улантуу маселеси чечиле электигин, бирок талкууланып жатканын билдирди.

- Каржы жагы чечилген эмес. Акча болсо эмне, келишимдерди түзүп койгонбуз, тажрыйбабыз бар, маалымат базасы бар, баары даяр эле. Акча табылса эле улантып койсо болот. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги да, биз да ойлонуп жатабыз. Өкмөткө кайрылып, каржылоону кайдан алсак, бюджет быйыл ошончо каражатты чыгара алабы же жокпу деп караштырып жатабыз.

2016-жылга карата оорулуу жарандар үчүн бюджеттен 225 миллион сом каралган. Соңку маалыматтар боюнча, Кыргызстанда өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын жалпы саны 1488. Алардын 473ү бюджеттик негизде гемодиализ аппараты менен камсыздалган. Мындай оорулуулар бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, айына 12 жолу канын тазалатып турушат.

Бюджеттик кезекке илинбей калгандар өз эсебинен дарыланып, айына орточо 70 миң сом, жылына дары-дармектери менен кошо 1 миллион сомго чукул каражат табууга мажбур. Эң өкүнүчтүүсү - мындай каражаты жоктор кан тазалатууга кезек жеткиче көзү өтүп кетүүдө.

P.S.: Макалага пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG