Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:58

Үркүндүн 100 жылдыгына байланышкан иликтөөлөр окуяны далилдөөчү сүрөт булактар аз болгондугун көрсөттү.

Окумуштуулар кыргыз тарыхына байланыштуу архивдик материалдардын басымдуу бөлүгү кошуна өлкөлөрдө сакталганын айтып келишет. Архив кызматкерлери учурда Кыргызстанда урунттуу тарыхый окуяларды чагылдырган сүрөттөр өтө эле сейрек экенин, атүгүл акыркы жылдарда топтолгон материалдарды сактоо да зор көйгөй жарата баштаганын ырасташат.

Курманжан Даткага тиешелүү сүрөттү ким тартканын таап, авторун элге жарыя кылган тарыхчы Кыяз Молдокасымов кыргыз тарыхына байланыштуу сүрөттөрдү сырттан алып келүү маселеси азыр да актуалдуу экенине токтолду:

- Санкт-Петербург архивинде, Орусия географиялык коомунун эски альбомдорунда, Ташкенттин, Алматынын атайын фотодокументтер сакталган архивдеринде кыргыз тарыхына байланышкан көптөгөн сүрөттөр бар. Биздин архивде кыргыз тарыхына байланыштуу далил сүрөттөрдүн аз гана бөлүгү сакталуу. Азыр бизде өз тарыхыбызга тиешелүү материалдарды сырттан жыйнап келүү маселеси дагы деле турат.

С.Чуйковдун сүрөтү

С.Чуйковдун сүрөтү

Тарыхчы акыркы жүз жылдыктын башында кыргыз тарыхына тиешелүү окуяларды камтыган материалдар кимдер тарабынан сүрөткө түшүрүлгөнүн кыстарды:

- ХIХ кылымдын аягында, ХХ кылымдын башында Орусиядан келген, Жети-Суу облусунда, Ташкенттеги Түркстан генерал губернаторлугунда атайын сүрөтчүлөр болгон. Алар Кыргызстанды кыдырганда бир топ фото материалдарды тартып алганы белгилүү. Учурда алар дагы деле сыртта сакталып турат. Аларды иргеп, бизге тиешелүүсүн алып келгенге дагы деле мүмкүнчүлүгүбүз жете элек.

Молдокасымов мындай сүрөттөрдүн ичинде Санкт-Петербург архивинде жана Алматы китепканасында өзү күбө болгон Шабдан баатырдын ашына байланыштуу тартылган бир нече сүрөттөр бар экенин кошумчалап, жакында алардын ичинен Кыдыр акенин сүрөтү Кыргызстанга алып келингенин кабарлады.

Жаш тарыхчы Жумагул Байдилдеев кыргыз эли өз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык тарыхы бар экенин айтып жүргөнү менен, муну далилдөөгө келгенде дармансыз экенине кейип, кыргыздар өз тарыхын оозеки санжыраларда гана сактап келгенин кеп кылды:

- Орус империясынын курамына кирген кезден баштап кээ бир саналуу гана эл жакшыларынын сүрөтү тартылып калган. Мисалы, Шабдан баатыр тууралуу айтсак болот. Орусиянын Башкы штабынын полковниги, соңунда Финляндиянын президенти болгон Маннергеймдин Курманжан Датканы тарткан сүрөттөрү эгемендүүлүк жылдары дайын болду. Швед фотографы Элла Маяр 30-жылдары келип басмачыларды, кулакка тартылып айдалып бараткандарды тарткан экен.

"Ата-Бейиттеги" Үркүн жаңырыгы

1916-жылкы улуттук боштондук күрөшүнө арналган эстелик кечээ, 2-сентябрда "Ата-Бейит" комплексинде ачылды. Ага президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекеттик ишмерлер, саясатчылар, Кыргызстанда иштеп жаткан чет өлкөлүк дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ачылышка Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз комиссиянын өкүлдөрү келген жок.

Байдилдеев жогорудагы беш манжа менен саналган авторлор тарткан сүрөттөр кыргыз элинин ошол мезгилдеги жашоосунан кабар берген негизги маанилүү булак болуп эсептелерин ортого салды:

- Чынында биздин тарых мындай материалдардан өтө жарды. Мисалы, Тайлак баатырдын убагын эле карап көрөлүчү. Ал мезгилде батышта техника өнүгүп, көчөдө автоунаа, поезд жүрүп, фотоаппарат эле эмес, видео камералар чыга баштаган.

Үркүн окуясын изилдеп, ал тууралуу көркөм-тарыхый роман жараткан Бактыбек Максүтов кыргыз акын-жазуучулары, искусство ишмерлери совет бийлиги учурунда 1916-жыл боюнча бир топ чыгарма жаратканын кыстарды:

- 1916-жыл боюнча бир топ романдар, драмалар жазылган. Театрларга спектаклдер коюлуп жатат. Бул тарыхый окуялар көркөм-сүрөт искусстводо да жакшы чагылдырылган деп ойлойм. Мисалы, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Гапар Айтиев, Семен Чуйков, Образцов, Рындин Үркүн окуясына байланыштуу мыкты чыгармаларды жаратышкан. Алардын ичинен Семен Чуйков 1916-жылдагы окуя боюнча мыкты эмгек кылган экен.

Анткен менен ошол учурда деле Үркүн темасын болгону төрт-беш гана художник тартканы айтылып келет. Мамлекеттик архивдин кызматкери Майрамкүл Субаналиеванын айтымында:

- Бизде архивде ХIХ кылымдын соңунан баштап сакталган сүрөттөр бар. Бирок алар түп нуска эмес. Түп нускадан тартылып алынып чогултулгандар. Ошол эле Курманжан Датка, Шабдан баатырдан башталган сүрөттөр. 1916-жыл боюнча 15 сүрөт бар. Алар дагы түп нуска эмес. Тасмалар тууралуу айта турган болсок, бизде 1927-жылдан берки фильмдер кинолентада сакталат. Негизинен биз даректүү тасмаларды гана кабыл алабыз. Бирок акыркы мезгилде көркөм тасмаларды да кабыл алалы деп чечтик.

Субаналиева учурда Мамлекеттик архивде акыркы 90 жылда чогулган материалдарды зыянга учуратпай сактоо көйгөйү турганын, акыркы кездерде мындагы видео жана фото материалдарды санарипке өткөрүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Кыргыз жергесиндеги архивдик иш 1926-жылы Кыргыз АССРи түзүлгөн кезде башталган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG