Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Ала-Бука: экс-аким айылына кордук көрсөткөнбү?


Элдик жыйындын катышуучулары
Элдик жыйындын катышуучулары

22-сентябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында элдик жыйын өтүп, ага катышкандар айыл тургуну Абдыназар Курманалиев элге тынчтык бербей жатат деп, аны көчүрүп жиберүү талабын коюшту.

Доомат артылып жаткан тургун болсо муну төгүндөп, айылдаштары менен соттошоорун билдирди. Жыйынга милиция менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Сары-Талаа айылынын тургуну Сайрагүл Кудайбердиева чогулгандарга коңшусу Абдыназар Курманалиев чөбүмдү өрттөдүң деп догурунуп, күн көрсөтпөй жатат деп даттанды:

- 2013-жылы 6-майда айылдыктар менен бирге райондук администрацияга барып, "эй, ушул кишини тартипке чакыргыла, бизди кордоп жатат" деп арызданганбыз. Ушунчалык кордоду. Мен эле эмес, ошол жердеги айылдыктардын баарына кордук көрсөтүп келе жатат. Бир да жолу бул кишиге каяша айткан жокмун. Ошол жердеги келиндердин малы короосуна кирип кетсе, аларды да тилдеп, коркутуп отун жыйнатат экен. Алар мага коркуп айтып беришти. Эми бир жерде туруп, бир арыктан суу ичип, урук-тууган болуп мен эч нерсе деген жокмун бул кишиге. Бирок качанга чейин биз кордук көрүп жүрө беребиз?!

Сайрагүл Кудайбердиева өңдүү айылдашы Абдыназар Курманалиевге таарынычы бар жүздөй киши айылдын чок ортосунда жыйын курушту.

Элдик жыйындын катышуучулары
Элдик жыйындын катышуучулары

Нааразылыктын курчушуна жакында эле айылда өткөн маркум Карим ажынын жылдык ашы себеп болгон. Анда Куран окутууга барган Курманалиев коңшусу Нурлан Токтобаевди көпчүлүктүн көзүнчө маңдайкы тишин түшүрө урган. Арачалаган айыл аксакалына да муштум кезеген. Бирок Курманалиев өзү ооруканага барып жатып алган дешет жабырлануучулар.

- Мен бул иш боюнча район прокуроруна арыз жазып барсам, "Абдыназар деген кишини билбейсиңби? Сенин колундан эч нерсе келбейт" деп кабыл албай койду. Тишимди тойдо жөн эле уруп сындырып, кол көтөрдү. Ала-Бука, Аксынын ооруканалары кабыл албай койгон соң аргасыз Бишкекке барып дарыланып келдим. Ал жактан да мени эрте чыгарып жиберишти. Баарын ушул киши көзөмөлдөп турат. Милицияга болсо мага кол көтөрдү деп менин үстүмөн арыз жазып таштаптыр. Кай жерге барбайлы ушул кишинин сөзү өтүп, бизди эч ким карабай жатат. Акыры акыйкат болушу керек да. Баласы УКМКда иштейт деп угабыз, балким ошол да кийлигишип жатат окшойт, - деди Нурлан Токтобаев

Жыйындын кабарын угуп келген Абдыназар Курманалиев эл айткан дооматтардын бардыгын жалганга чыгарды. Анын айтымында, алты жылдан бери жеке менчигиндеги жеринен жыл сайын өрт чыгат. Ага шектүү катары кошунасы Токтобаев Нурландын үстүнөн милицияга арыз жазган. Бирок тойдо болгон урушта жабырлануучуларга кол көтөрбөгөнүн айтып, актанды:

- Эч кандай уруш-талаш болгон эмес, бул жөн эле бет тырмалык кылып жатат. Алты жыл катары менен менин жеримдеги чөбүмдү өрттөдү, милицияга айтсам карабай койду. Эми бул иш боюнча кылмыш ишин козготсом чычалап элди чогултуп жатат. Мени эл аркылуу, пресса аркылуу коркута албайсыңар. Мен силер менен сот аркылуу гана сүйлөшөм.

- Мен бул иш боюнча район прокуроруна арыз жазып барсам, "Эмне, Абдыназар деген кишини билбейсиңби, сенин колундан эч нерсе келбейт" деп кабыл албай койду. Тишимди тойдо жөн эле уруп сындырып, кол көтөрдү.

Анын жообун уккан айылдыктар ызы-чуу салышып, милицияга жазган арызын кайра алууга чакырышты. Ага макул болбогон Курманалиев жыйындан кетүүгө аракеттенгенде чогулган эл анын унаасын тосуп кетирбей коюшту. Бирок ал өз пикиринен кайткан жок.

Райондук ички иштер бөлүмү тойдо чыккан ызы-чуу боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын айтып, соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы азырынча келе электигин билдирди. Ал эми жыйынга катышкан район акиминин орун басары Бектур Сагынбаев элди тынчтыкка гана чакырып өттү.

- Биз элге да, Абдыназар Курманалиевге да тартпайбыз. Болгону баарын ынтымакка гана чакырабыз. Ал эми бул жерде айтылып жаткан милициянын дачасы боюнча биз Курманалиев менен кезегинде соттошконбуз. Бирок Жогорку Сот анын пайдасына чечип берген. Ал эми башка дооматтар боюнча кезегинде бизге кайрылуу болгон эмес. Бизге стабилдүүлүк гана керек.

Жыйында 2006-жылы райондук милициянын 15 гектар жердеги дачасын менчиктештирген соң, ал аркылуу беш үй-бүлө каттаган жолду да жаап, электр энергиясын үзүп салганы да айтылды. Мындан сырткары ал жашаган жер аркылуу өткөн суу түтүктөрүн алмаштырууга да уруксат бербей койгон экен:

- Мен өзүм ушул айылдагы суу канал ишканасында иштейм. Былтыр кышкысын суу жарылып, токтоп калган соң оңдоо иштерин алып баруу үчүн күзөткө чыкканбыз. Абдыназар Курманалиев ээлеген 30 гектар дачанын ичинен өткөн суу түтүгүн кароого бизге кыйкырып-сөгүнүп, кууп уруксат бербей койгон. Ошондон соң бул кишинин пейилин билген балдар анын үйүнө жакын жолобой коюшту, - деди жыйынга катышкан адамдардын бири.

- Биз элге да, Абдыназар Курманалиевге да тартпайбыз. Болгону баарын ынтымакка гана чакырабыз. Бизге стабилдүүлүк гана керек.

Эл нааразы болуп жаткан Абдыназар Курманалиев 1990-жылдары Токтогул районунда аким болуп иштеп, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы жергиликтүү администрацияларда да эмгектенген. Учурда ардактуу эс алууда.

Элдик жыйындын жүрүшүндө катышуучулар "айылдан көчүп кетсин, жашоочулар менен араздашканын токтотсун жана элден кечирим сурасын" деген талап коюшту. Бирок муну аткарууга Курманалиев убакыт керектигин айтты. Жыйындын соңунда айылдыктар он күндөн соң кайра эле ушул талап менен чогуларын айтып тарап кетишти.

Жарандарды тигил же бул жакка мажбурлап көчүрүү кыргыз мыйзамдарына каршы келет. Ошондуктан адистер маселенин баары мыйзамдык алкакта жана түшүндүрүү жолу менен чечилиши керектигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG