Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

Балдар билимден да, тарбиядан да өксүбөсүн


Сүрөт Жуманазар Койчубековдун “Азаттык” - 60 сынагына жиберген фотобаянынан алынды.

Сүрөт Жуманазар Койчубековдун “Азаттык” - 60 сынагына жиберген фотобаянынан алынды.

Билим берүү жана илим министрлиги балдарга болгон тарбияны күчөтүү багытында атайын концепция иштеп чыкты.

Анын алкагында мугалимдер окуучуларды мекенчилдикке, жаратылышты сүйүүгө, көп маданияттуулукка жана эмгекке тарбиялайт. Анткен менен адистер мамлекеттин тарбия берүү багытындагы бирдиктүү, ырааттуу саясаты жоктугун сынга алууда. Алар насаат айтуу ордуна, өрнөк көрсөтүү аркылуу тарбиялоону сунушташууда.

2002-2005-жылдары мектеп жана мугалим баланын билимине гана жооп бериши керек деген негизде мектептерде тарбия иштери кыйла азайтылып, бул багытта иш алып барган завучтардын орду кыскарган. Анын ордуна сабактардын сааттары көбөйтүлгөн.

Бирок соңку жылдардагы мектеп окуучулары арасындагы суициддин өсүшү, өспүрүмдөр катышкан кылмыштардын көбөйүшү, улан-кыздар арасында рэкетчилик көрүнүштөрдүн орун алышы бул көз караштан чыгууга себеп болду.
Билим берүү жана илим министрлиги учурда балдарга тарбияны күчөтүү максатында атайын концепция иштеп чыкты.

Министрликтин жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаеванын айтымында, бул концепциянын алкагында окуучуларга ар кайсы багытта тарбия берүү боюнча мугалимдер үчүн программалар иштелип чыгат.

- Билим берип, сабак өтүү жагы эле эмес тарбия иштеринин, мугалимдерге сабак өтүү боюнча программалар жазылып берилет. Мисалы ыйман, акыл-парасат тарбиясы – тарбиялоо иштеринин негизги багыттарына кирет. Мындан сырткары атуулдук тарбиялоо, мекенчилдикке, жаратылышты сүйүүгө, эмгекке жана эстетикалык тарбиялоо багыттары кирет.

Анткен менен серепчилер, билим берүү жаатындагы адистер мамлекеттин тарбия берүү багытындагы бирдиктүү, ырааттуу саясаты жоктугун сынга алышууда. Тарых илимдеринин доктору, профессор Үмүт Асанова, тарбия адам баласынын тагдырын өзгөртчү, мамлекеттин келечегин аныктоочу факторлордон экенин белгилөөдө. Ал мамлекет буга өзгөчө көңүл буруп, жаштар умтулчу идеалды же багытты көрсөтө билүүсү керек деп эсептейт.

- Өкмөт өзүнчө саясат куруш керек. Бул кагаз, сөз түрүндө эмес тажрыйба, практика жүзүндө ишке ашырылышы шарт. Биз каякка баратабыз, кандай максат менен, коомдун максаты эмне, бизге кандай адам керек же бизге мындай адам керек дегендей негизги көздөгөн имидж, идеал керек. Сабак аркылуу тарбия жүрүшү керек. Тарбия дегенде да жөн эле айтып коюу эмес, биз кандай сапаттарды каалайбыз, мамлекеттүүлүк, мен мамлекетмин деген ошондон чыгат.

"Баш мыйзамда, расмий кагаздарда жана билим берүү мыйзамдарында мамлекет келечек муундун өкүлдөрүнө өзгөчө маани бере турганы жазылганы менен иш жүзүндө мындай болбой жатат", - дейт кийинки биздин маектеш, билим берүү жаатындагы адис Асылбек Жооданбеков. Ал балдарга насаат айтуунун ордуна көбүрөөк өрнөк көрсөтүү аркылуу тарбиялоону сунуштоодо. Мындан сырткары мамлекет ата-энелерге көңүл буруп, алар менен иштешүүнү күчөтүшү керек деп эсептейт.

- Билим берүү мекемелерде, мектепте мекенчил, жакшы адам болуш керек деп ооз учунан айтып, көп учурда насаат менен чектелип калып жатабыз. Бала биздин айтканыбызды эмес, көргөн нерселерди жасап жатат. Ал эми көргөн нерселердин бардыгы дайыма эле биз каалаган нерселер эмес. Мамлекет Билим берүү жана илим, Жаштар министрлиги аркылуу өзүнүн саясатын жүргүзүп жатат. Бирок бул бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт. Коомду ойготуу керек.

Кыргыз элинде балага тарбия берүүчү бир топ макал-лакаптар арбын. “Улууну урматта, кичүүнү ызаатта”, “Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги", "Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон”, "Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат”, “Адам көркү – адеп” деген сыяктуу макалдардын ар бири өзүнчө тарбиялык мааниге ээ. Педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов кыргыздын салт-санаасын билим берүү концепциясына киргизүү зарылдыгын белгилөөдө.

- Батыштан дейбиз, Чыгыштан дейбиз ар кандай агымдар интернет аркылуу, башка жолдор аркылуу коомубузга кирип атат. Экинчиден, өзүбүздүн улуттук, көрөңгөлүү салттык тарбиялоо маданиятыбыз сырттан келип аткан таасирлерге өзүнүн каршылыгын көрсөтө албай жатат. Билим берүү министрлигинин жана башка тарбиялык мекемелердин милдеттери – биздин элдик тарбиябызды, этнопедогогикабызды азыркы тарбиялоо процессине киргизиши керек. Азыр бул жагынан мамлекеттик концепция иштелип чыккан менен анын аракети мектептерге жетпей жатат. Системалуу билим жана тарбия берүүчү каражаттарга караганда көчө тарбиясы, көчөдөгү адамдардын таасири көбүрөөк тийүүдө.

Министрлик иштеп чыккан тарбия концепциясы июнь айында өкмөттүн кароосуна сунушталат. Андан соң программалар иштелип чыкмакчы.
XS
SM
MD
LG