Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Куну чечилбеген Кумтөр…


Кумтөр алтын кенинин кечки көрүнүшү. 2013-жыл
Кумтөр алтын кенинин кечки көрүнүшү. 2013-жыл

26-февралда Жогорку Кеңеш сүйлөшүүсү аяктай элек Кумтөр боюнча келишимди карады. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев баш болгон өкмөт жетекчилери жана жооптуу кызматкерлер сүйлөшүүлөрдүн жагдайы тууралуу маалымат берди.

Жыйынтыгында парламент Кумтөр боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүнү бүткөрүүгө өкмөткө дагы бир ай мөөнөт берди.

Жоомарт Оторбаевдин парламенттеги сөзүнө караганда, өткөн жылы август айынан бери жүргөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, үлүштөрү 50-50% бөлүштүрүлгөн ишкананы акционердик коом түрүндө түзүү макулдашылды. Ал биргелешкен ишкана Кыргызстанда катталат. Келишим күчүнө кирсе, “Центерра” өткөн жылкы кирешенин 50% Кыргызстанга бөлөт деди Оторбаев:

- 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча “Кумтөр голд компани” жабык акционердик коомунун пайдасынын 50% кыргыз тарап аларын “Центерра” ырастады.

“Центерра” 2014-жылы 110 млн. доллар киреше тапканы кабарланган. Март айында аудит аны аныктаса, Кыргызстанга 55 млн. доллар бөлүнөт. Жоомарт Оторбаев сүйлөшүүнү бүтүрүү үчүн март айынын аягына чейин мөөнөт сурады.

Жаңы түзүлүп жаткан келишим боюнча Кумтөрдү иштетүү же оперативдик башкаруу дале “Центерранын” колунда кала берет. Бирок ал мурдагыдай Канадада эмес, Нидерландияда жайгашат. Бул жагдай депутаттардын нааразылыгын жаратууда.

Депутат Улукбек Кочкоров оперативдик башкаруу “Центерранын” колунда калышы эч нерсе өзгөрбөйт дегенди билдирет деп айтып чыкты:

Улукбек Кочкоров
Улукбек Кочкоров

- Убагында 67% бизде болуп, 33% аларда болгон. Бирок оперативдүү башкаруу алардын колунда болгондуктан каалагандай иштетип келген. 270 млн. долларлык фабрикасын 452 млн. доллар деп жазып койгон. Эч ким каршы чыккан эмес. Өздүк наркы өсө берген киреше да, дивиденд да алган эмеспиз. 50-50% жеткен кезде да киреше болбойт. Себеби, алар өздүк наркын өтө жогору кылып коюшат. Биз жөн эле бул жерде жел менен күрөшүп жатабыз.

Парламентте биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев экологиялык маселеге токтолду. Белгилүү болгондой Кумтөрдү иштетүүдө айлана-чөйрөгө келтирилген зыян үчүн Кыргызстан “Центеррага” 22 млрд. сомго жакын доо койгон. Бул боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат. “Центерра” менен сүйлөшүүлөрдө экологияга келтирилген зыяндарды азайтуу үчүн көбүрөөк каражат бөлүү талабы коюлуп жатат. Ал талаптар аткарылса, кыргыз тарап доосун алууга макул.

Вице-премьер-министр Валерий Диль биргелешкен ишкананы башкаруу маселесине токтолду. Дилдин маалыматы боюнча, биргелешкен ишкананын Директорлор кеңеши алты кишиден туруп, анын үчөөсү кыргыз тараптан болот. Кыргыз тарап оперативдүү башкаруу органына Директорлор кеңешинин таасирин күчөтүүнү көздөөдө.

Депутаттар Кумтөр боюнча сүйлөшүүдөгү мындай жыйынтыктарга түрдүү пикирлерди айтышты. Айрым депутаттар муну кезектеги алдоо катары бааласа, башкалар сүйлөшүүнү тез арада аяктоону жакташты. Маселен, “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов 9-апрелге чейин өкмөт Кумтөр боюнча Кыргызстан үчүн пайдалуу келишимге жетишпесе, анда өкмөттү кызматтан кетирүүнү талап кылды.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кумтөр бир нече парламенттин, өкмөттүн түбүнө жеткенин эске салды. Ал “Центерранын” кызыкчылыгын акчага сатылган мамлекеттик жана менчик маалымат каражаттары коргоп жатканын белгилеп, Кумтөр маселесин чечүү үчүн эки гана жол бар деди:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

- Кумтөрдү чечүүдө эки гана жол бар. Улутташтыруу же багынып берүү. Багынып берсек, анда кыргыз мамлекетинин алсыздыгын, жарамсыздыгын көрсөтүп, тарап кеткенибиз оң. Багынып берген болсок ушул залда кыргыз мамлекетин тараткан болобуз, аны жоготкон болобуз. “Центерра” парламент койгон шартка макул эмеспиз деди. Колуңардан эмне келет деп айтты. Эл эмессиңер, мамлекет эмессиңер деп айтты.

Өмүрбек Текебаев маселени чечүүдө президент, парламент, өкмөт жана бардык бийлик органдарынын биримдиги керектигин кошумчалады.

КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков да эгер өкмөт апрель айына чейин толук келишимди алып келбесе, аны кызматтан кетирүүнү жактады:

- Бул өкмөт 30-мартка чейин ишти бүтүрбөсө, анда бул өкмөттүн ордуна ушул маселени айтканын айткандай аткарган өкмөткө алмаштыруубуз керек.

Чыныбай Турсунбеков 50-50% үлүш бөлүшкөн биргелешкен ишкана түзүү компромисстик вариант экенин кошумчалады.

Ар кандай суроолорго байланыштуу “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов Кумтөр иштей баштагандан бери Кыргызстанга салык, социалдык фонд, айлык акы, дивиденд төлөмдөрү, алардан сырткары афинаждоо, электр энергиясын жана башка сатып алуулар боюнча жалпысынан 2 млрд. 715 млн. доллар төлөнгөнүн, ал эми “Центеррага” 6 млрд. 894 млн. доллар тийип, анын 5 млрд. 668 млн. доллары чыгаша катары сарпталганын маалымдады.

Жоомарт Оторбаев өз кезегинде бир ай ичинде акыркы келишимди алып келүүгө даярдыгын билдирди. Эгерде компромисс табылбаса, анда өкмөт улуташтыруу вариантын даярдап койгонун Оторбаев кошумчалады.

Жыйынтыгында парламент Кумтөр боюнча "Центерра" менен сүйлөшүүнү бүткөрүүгө өкмөткө дагы бир ай мөөнөт берди. 4 пункттан турган токтомдо ошондой эле өкмөткө Кумтөр алтын кенин улутташтыруу вариантынын да жолдорун даярдап келүү тапшырылган. Эгерде бир айдын ичинде кыргыз өкмөтү Центерра менен орток пикирге келе албаса, анда ЖК өкмөттү отставкага кетирмекчи.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG