Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” ишканасы "Кумтөр" ишканасын биргелешип иштетүү боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Ага ылайык, тараптар биргелешкен ишкана түзүп, анда ар бири 50 пайыздан теңме-тең үлүшкө ээ болушат жана биргелешкен ишканага алгачкы жылдары Кыргызстан жетекчилик кылат.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы "Кумтөр" ишканасын иштетүүнүн шарттарын белгилеген бул меморандум кечээ түн бир оокумга чейин талкууланып, бүгүн кол коюлду. Меморандум аркылуу тараптар теңме-тең үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүүнү макулдашты.

“Кыргызалтын” ишканасынын вице-президенти Кылычбек Шакировдун айтымында, биргелешкен ишканага Кыргызстан жетекчилик кылып, Кумтөр кенин түздөн-түз башкарууга мүмкүнчүлүк алат:

- Бул эми меморандумдун концепциясын, негизин кабыл алдык. Ага ылайык, биз бир нече утушка ээ болдук: эки тарап 50 пайыздык үлүшкө ээ болгон жаңы ишкана Кыргызстандын аймагында түзүлөт. Ал биздин мыйзамдарга ылайык иш алып бармакчы. Анын жетекчиси Кыргызстандын жараны болот. Ал эми иштеткен оператор “Центерра Голд” боюнча кала бермекчи. Бирок анын бир вице-президенти биз тараптан болот.

Жантөрө Сатыбалдиев жана Майкл Фишер, 1-октябрь, 2012-жыл

Жантөрө Сатыбалдиев жана Майкл Фишер, 1-октябрь, 2012-жыл

Муну менен катар Шакиров жаңы келишимге ылайык, Кыргызстанга түшкөн кирешенин көлөмү да көбөйөт деп ишендирүүдө:

- 50 пайыздык үлүшкө ээ болгондо Кыргызстанга келе турган акча каражатынын көлөмү көбөйгөнү жатат. Мисалы, 2009-жылкы келишимге ылайык, 13 жыл ичинде 1 миллард 470 миллион доллар алыш керек болчу. Жаңы келишимге ылайык, 2 миллард 700 миллион доллар алат экенбиз. Ошондо бизге түшкөн киреше боюнча 1 миллиард 300 миллион доллар ашык каражатты утуп жатабыз. Ошону менен катар эле “Центерра Голд” АМИК деген экспертизанын жыйынтыгына ылайык, экологияга келтирилген зыяндын ордун толуктайбыз деп жатышат. Биз ушундай көзөмөлдү алдык, кошумча каражатка ээ болдук жана экология боюнча да утушка ээ болгон жатабыз.

Ошол эле учурда Шакировдун айтымында, кыргыз өкмөтү "Кумтөрдү" түз башкаруу үчүн "Центерра Голддун" акционердик капиталындагы 32,75 пайыздык үлүшүн жаңы ишканын 50 пайыздык акциясына айырбаштоого макулдук берди. Ортодогу айырмачылык үчүн “Кыргызалтын” аркылуу “Центерра Голдго” 100 миллион доллар төлөмөй болду. Аталган меморандум кыргыз парламенти жана “Центерра Голддун” директорлор кеңеши бекиткенден кийин күчүнө кириши керек.

Бирок буга чейин Кумтөрдөгү бардык экологиялык чыгымдарды төлөтүүнү жана өлкөнүн үлүшүн 67 пайызга жеткирүүнү талап кылган депутаттар бул меморандумду бекитеби деген суроо турат. Маселен, “Ата Мекен” фракциясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев азыртадан эле жаңы түзүлгөн меморандум Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей калганын айтып чыкты:

- “Ата Мекен” фракциясы Кумтөр боюнча 2003 жана 2009-жылдагы келишимди жокко чыгарып, өз үлүшүбүздү 67 пайыздан кем эмес кылуу деп айтып келгенбиз. Ошондуктан бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына толук жооп бербей калды деп эсептейбиз.

Мурдагы каржы министри Акылбек Жапаров “Центерра Голддогу” Кыргызстандын үлүшүн түзмө-түз эле айырбаштап жиберүүдөн мурда анын пайда-зыянын изилдөө зарыл болчу деген пикирде:

- Эсеп-кысапты көрүш керек болчу. Биздин “Центерра Голддогу" 33 пайызга жакын акциябыз дүйнөлүк базарда канча турат, канчага жетиши мүмкүн деген изилдөө жүргүзүү керек болчу. Мисалы, биздин Монголияда бир кенде үлүшүбүз бар эле. Ал эмне болду? Бул да айтылган жок. Жөн гана жарымына ээ болдук деп эле айтып, сүйүнүп жатабыз.

Жогорку Кеңеш "Кумтөр" ишканасы боюнча келишимди өркүндөтүү боюнча “Центерра Голд” менен сүйлөшүүлөрдү баштоону өкмөткө 21-февралда тапшырган. Бул сүйлөшүүлөргө алгач июнга чейин убакыт берилип, андан соң ал мөөнөт 10-сентябрга чейин узартылган. Бүгүн өкмөт меморандумдун долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөттү. Ал алгач комитеттерде жана фракцияларда талкууланып, андан соң жалпы жыйында каралышы керек.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG