Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:32

Фамилиянын аягын "тегинге" алмаштыруу сунушталды


Паспорт алуу үчүн толтурулчу баракча.
Паспорт алуу үчүн толтурулчу баракча.

Кыргызстанда орусча үлгүдөгү фамилиялардан баш тартуу, башкача айтканда, аты-жөнүн “ов”, “ова” деген мүчөлөрдү кошпой жазуу демилгеси көтөрүлүп жатат.

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Нуркамил Мадалиев бул боюнча атайын мыйзам долбоор даярдап, 4-мартта коомчулук талкуусуна чыгарды. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин туулгандыгы тууралуу күбөлүккө “уулу”, “кызы” деп жазууга уруксат берген норма кирген. Бирок соңку учурда Орусияга барганда маселе жаралат деген жүйө менен мындай фамилия алып, катталгандардын саны кескин азайып кетти.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуркамил Мадалиев адамдын аты-жөнүн жазууну эки түрдө өзгөртүүнү сунуштап жатат. Биринчиси - үч бөлүктөн жана төрт сөздөн турат, ал эми экинчисинде эки гана сөз жазылат. Маселен, биринчи чоң атасынын аты “тегин” деген сөз менен кошо жазылып, ысымы көрсөтүлгөн соң атасынын аты менен кошо “уулу”, же “кызы” деп кетет. Мисалы, Мадалиев Нуркамил Апишович, Мадалытегин Нуркамил Апиш уулу болуп өзгөрөт. Экинчи вариантта болсо жөн гана өз аты менен атасынын ысымы жазылат. Ага ылайык, Нуркамил Апиш болуп калат.

Депутат Мадалиев “Азаттыктагы” маегинде фамилияларды өзгөртүү демилгесин бир канча себеп менен негиздеп берди:

- Эгерде азыркыдай “уулу”, же “кызы” дей турган болсок, анда бул бир эле муунга тиешелүү фамилия болуп калат. Фамилия деген дүйнөлүк тажрыйба боюнча бир канча муунга коюлушу керек. Эгер биз мындан ары “тегин” деген сөздү кошо турган болсок, геналогияны тактаганга, мамлекеттик каттоону жүргүзгөнгө да оңой болот. Бул деген элдин байлыгы. Колдо бар алтындын баркы жок дегендей аны колдонбой жатпайбызбы. Маселен, мен азыр Мадалиев болсом, анан Мадалытегин деп өзгөрсөм, урпактарымдын баары Мадалытегин боюнча калат. Бул жерде улуттук баалуулукка таасир бере турган да фактор бар. “Тегин” деген сөз адамдын тегин билдирип жатат, колдонгонго да жакшы.

Кыргызстанда фамилиясына тегин деген сөздү улап жазган тажрыйба бар. Кыргыз Тарых коомунун президенти Тынчтыкбек Чоротегин муну алгачкылардан болуп колдонгон. Ал фамилияларды өзгөртүү, туура жана так жазуу боюнча өз сунушун айтып келет:

- Мисалы Өскөнөв деген фамилияны орусча да, кыргызча да Осконов деп жазып жатышпайбы. Өмүрбектер Омурбек болуп жатат. Ошондуктан мен кыргыз паспортуна эки тилди киргизүүнү сунуштамакмын. Мисалы, кыргызча жагында Өскөнов, же Өскөн тегин, же Өскөн кызы, уулу десе, орусча жагына Осконов деп жазса болот. Азербайжандар совет учурунда эле ушинтип жазып келишкен. Атүгүл үчүнчү тилди да киргизип, фамилияларды так жазуу керек. Мисалы, азыр кыргыз паспортторунда “ж” деген тамганы латынча төрт башка жазып жатышат.

Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө, же паспортуна “уулу”, же “кызы” деп жаздыруу эгемендиктин алгачкы жылдарында күчөгөн. Кийин айрыкча Орусияга барганда, орус жарандыгын алууда маселе жаралат деген жүйө менен “уулу” же “кызы” дегендер паспортторун өзгөрткөн. Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Руслан Эшимов бул жаңылыш түшүнүк экенин айтууда:

- Негизи адам өзүнө каалаган фамилияны койсо болот. Бул жакта миң түрлүү фамилия менен деле жүрүшөт. Орусияда буга көп деле кине коюлбайт. Орус жарандыгын алам дегендер уулу деген жерге келгенде эле такалып калса, которгусу келип жатат. Орусияда мыйзамдарда орус жарандыгын алгандар “уулу”, же “кызы” болбогула, баары “ов”, “ова” болсун деген талап жок. Эч жерде кысымга албайт.

Депутат Нуркамил Мадалиевдин орусча фамилиялардан баш тартып, “тегин” деген сөздү кошуу тууралуу мыйзам долбоору коомчулук талкуусунан өткөндөн кийин Жогорку Кеңешке келет. Талкуу маалында аты-жөнүн өзгөртүп жазуу чындап эле зарыл же зарыл эместиги билинмекчи.

XS
SM
MD
LG