Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Нарын: кышта көмүр түгөндү


Иллюстрция
Иллюстрция

Нарында он күндөн бери көмүр сатылбай жатат. Бул аралыкта күн сайын мүшөктөп көмүр алгандар отунсуз калышты.

Буга чейин өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов "облус кышка толугу менен даяр, көмүр тартыштыгы болбойт" деп эл алдында бир канча жолу убада берип келген.

Нарын шаарынын тургуну Шайык Абдырахманов көмүр издеп, беш күндөн бери базардагы көмүр кампасын шынаарлап жүрөт. Ал үйүндө аялы ооруп жатканын айтып, балдарынын үшүп отурганына кейиди.

- Жылыткыч сайсаң олчойто эсептейт. Чакан пенсиям эмнеге жетет? Бийлик башында отургандар карапайым элди ойлойбу? Көмүрдөн башка эмне жагабыз? Кыш киргенде бир тонна көмүр алып койдум эле. Ал түгөндү. Эми минтип беш күндөн бери көмүр таба албай койдум.

Кара-Кече
Кара-Кече

Нарын шаарынын элине көмүр камдоо үчүн шаарга үч кампа уюшулган. Бирок ал жерде бир аз үйүлгөн көмүрдүн күл майдасы гана болбосо колго илинер көмүр таппайсың. Кампаны иштетүүгө милдет алган жеке ишкер Бакыт Аттокуров көмүр алып келгенге аракет кылып жатам деп актанды.

Ал эми өкмөттүн Нарындагы өкүлү Аманбай Кайыпов буга чейин облус аймагындагы Кара-Кече, Турук көмүр кендеринде иш жүрүп жатканын, кышында эч кандай маселе жаралбай турганын бир канча жолу элдин астында убада берген. Ал азыр да "шаарда көмүр таптакыр жок эмес, бирок бир аз тартыштык болуп жатат" деди.

- Бир бүдүр көмүр жок дегендерге кошулбайм. Көмүр алып келгенге аракет кылып жатабыз. Эки-үч күндө төрт машина көмүр алып келгени жатабыз. Буга чейин көмүр толтура болчу. Эл албай, КамАЗдар көчө кыдырып сатып жүрүштү эле. Ошондо алып калбай, анан көмүр жок калганда чуркап калышты.

Өкмөттүн өкүлү жакында шаарга көмүр келет дегени менен "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Мырза Жаманбаев Кара-Кече көмүр кени 13-январдан баштап гана ишти жандантарын билдирди.

- Жаңы жылдык тазалоо иштерине карата 24-декабрдан баштап иш убактылуу токтотулган. Азыр да тазалоо иштери жүрүп жатат. Эми 13-январдан баштап кайра иштей баштайт. Кара-Кеченин көмүр казуу көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырмалуу отуз пайызга көп аткарылды. Эл көмүр менен толук камсыз болду.

План аткарылып жатат деп тиешелүү жетекчилер минтип отчетун толтуруп жатканы менен көмүр тартыштыгы карапайым калкта жетиштүү көйгөй жаратууда.

Буга чейинки Кара-Кече жана Турук көмүр кендериндеги чырлар көмүрдүн убагында камдалбай калышына себеп болду дегендер да четтен чыгат. Маселен Кара-Кечедеги жетекчиликке нааразы болгон жумушчулар иш таштарын айтышып, митингге чыгышса, Турук кенинде ишин жүргүзгөн компаниялар тендерге макул болбой, жергиликтүү эл үч жолу нааразычылык акциясын уюштурган.

​Туруктуулукту эңсеген Турук кени
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG