Линктер

ишемби, 25-март, 2017 Бишкек убактысы 03:57

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги киндик энелердин кызматын жакшыртуу боюнча стратегиялык план түзгөнү жатат.

Кыргызстанда эмне үчүн акушердик кызмат көрсөтүү деңгээли төмөндөп кетти? Энелер менен ымыркайлардын өлүмүн кыскартуунун кандай жолу бар? Акушерлердин санын көбөйтүү зарылбы?

“Азаттык” радиосунун “Арай көз чарай” талкуусунда ушул тема тууралуу сөз болду. Ага Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева, Энени жана баланы коргоо Улуттук борборунун башкы врачынын орун басары Салтанат Назаралиева жана Кыргызстандагы акушерлердин альянсынын президенти Чынара Казакбаева катышты.

“Азаттык”: Раиса айым, Кыргызстанда акушердик кызмат көрсөтүү боюнча стратегиялык план түзүү кандай зарылдыктан улам пайда болду? Ал план канча жылга түзүлгөнү жатат жана кандай жаңы багыттар киргизилет?

Раиса Асылбашева: Саламаттык сактоо министрлигинин Улуттук программасынын негизинде акушерлердин ролун күчөтүү жана сапатын жогорулатуу милдети алдыга коюлган. Бул милдетти кантип ишке ашыруу керек деген маселени эл аралык уюмдар менен бирге семинарда талкуулап жатабыз. Анын негизинде алдыдагы үч жана беш жылга эсептелген стратегиялык план түзүлөт. Ага үч багытта: билим берүү, мыйзамдык негизде жөнгө салуу жана акушердин ролун жогорулатуу боюнча милдеттер киргизилет.

Кыргызстанда негизи мурдагы кезге салыштырмалуу акыркы жылдары төрөттүн саны өсүп жатат. 2015-жылы 160 140 төрөт болсо, былтыр 157 904 аял төрөдү. Энелердин өлүмүн алсак, 2016-жылы көрсөткүч 30,1 түздү. Бул 2015-жылга салыштырмалуу 23,1% аз.

“Азаттык”: Чынара айым, мен кечээ ушул программага даярданып жатып, сиз менен сүйлөшкөндө акушердик кызмат көрсөтүүнү түп- тамырынан бери өзгөртүү керек, себеби бул система СССРден калган система менен иштеп жатат деп айттыңыз. Демек, альянс кандай өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат?

Эгер акушер жакшы болсо эне менен баланын саламаттыгы да жакшы болот же алардын саламаттыгы акушердин кызматына көз каранды. Кыргызстанда мындай милдет врачка гана жүктөлүп, акушердин эмгеги экинчи планда калган.

Чынара Казакбаева: Жогоруда айтылгандай эң биринчи милдет - билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу. Экинчиден, акушердин милдетин, сапатын жана кызмат көрсөтүү деңгээлин дүйнөлүк стандарттарга дал келгендей кылып өзгөртүү керек. Анткени, эне боюна болгондон баштап акушердин көз алдында болушу зарыл. Эгер акушер жакшы болсо эне менен баланын саламаттыгы да жакшы болот же алардын саламаттыгы акушердин кызматына көз каранды. Кыргызстанда мындай милдет врачка гана жүктөлүп, акушердин эмгеги экинчи планда калган. Кыргызстанда 2 миң 309 акушер бар, демек, алардын ишин жакшыртуу үчүн эмгектенүүсүнө шарт түзүү да сунушталып жатат.

“Азаттык”: Салтанат айым, сиз иштеген Энени жана баланы коргоо боюнча Улуттук борбордо бүткүл өлкө аймагынан келген оорулуу балдар дарыланышат эмеспи. Ошолордун арасында аялдардын кош бойлуу кезинде дени сак бала төрөө үчүн зарыл талаптарды аткарбагандыгынан, төрөт убагында медициналык жакшы жардам берилбегендигинен оорулуу болуп калган балдар болсо керек. Буга жер-жерлерде акушер-гинекологдордун жетишсиздиги терс таасирин берип жатат деп айта алабызбы?

Эгер акушерлердин билими, тажрыйбасы жакшы болсо врачтардын убактысын үнөмдөп, катуу оорулуулар менен иштөөсүнө жана жеке билимин жогорулатууга шарт түзүлөт.

Салтанат Назаралиева: Эненин боюна бүткөндөн баштап төрөгөнгө чейин, төрөгөндөн кийин да эне менен баланын жана бүтүндөй үй-бүлөнүн эң жакын адамы акушер болот жана ушул процессте алардын эмгеги абдан зор.

Ошон үчүн акушердин билим деңгээлин көтөрүү жана шарт түзүү милдети алдыга коюлуп жатат. Эгер акушерлердин билими, тажрыйбасы жакшы болсо врачтардын убактысын үнөмдөп, катуу оорулуулар менен иштөөсүнө жана жеке билимин жогорулатууга шарт түзүлөт. Күтүүсүз кырдаал түзүлгөн учурда врачтар менен бир команда болуп иш алып бара алат. Тилекке каршы, Кыргызстанда акушерлердин милдетине жакшы көңүл бурулбай калгандыгынан улам кейиштүү учурлар болгону чындык, бирок ага бир гана акушердин тажрыйбасыздыгы өбөлгө түзүп жатат деп айтуу кыйын. Ошол себептүү калктын саламаттыгы үчүн бардык мекеме, уюмдар жана ата-энелер жана адам өзү жооптуу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG