Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:55

Кыргызстанда расмий эмес маалыматтар боюнча, 200 миңден ашык кыз-келин тигүү тармагында иштесе, анын 90 пайызы көмүскө иш алып барат. Адистер өмүрүн тигүү тармагына арнагандар жашы өткөндө пенсия жана башка жөлөкпул албай калуу коркунучу бар экенин айтышат.

Кыргызстанда тикмечилердей суроо-талап башка жумушта жок. Ар кайсы жарнама, көчө кагаздары, радиотүйүндөрдө ар дайым тикмечи издеген эле жан, түйүндөрдөн кулактандыруулар тынымсыз жаңырып турат. Андыктан иштин көзүн билген тикмечиге жумуш табуу, жакпай калса башка тигүү цехине кетип калуу көнүмүш адатка айланган.

Дубалга чапталган жарнама.

Дубалга чапталган жарнама.

Тикмечиге суроо-талаптын көптүгүнөн жогорку окуу жайда дизайнерлик кесипке тапшыруучулардын саны өсүп, муну байкаган университеттер дагы келишимдин баасын 20 миң сомдон 40 миң сомго чейин көтөрүп салышкан.

Орусиядан бери жумушчу издеп келишет

Бирок, тигүү цехтерге диплом же сертификатка суроо-талап жок. Тиккенди билсең ошол күнү жумушка алынып, иштей баштайсың. Андыктан тез арада тикмечи болууну каалагандар үчүн жеке окуу борборлорунун дагы күнү тууду. Мындай окуу курстар бир жуманын ичинде эле кыздарга тиккенди үйрөтүп, керек болсо жумушка чейин орноштуруп беришет.

Кыз-келиндер ийне-жип кармабай калды...

Акыркы мезгилде кыргыз аялдары мурдагыдай ийне кармап, сайма сайбай калышты. Бир кездерде өз кийимин өзү тиккен доор артта калгандай. Айрымдар муну барчылык менен түшүндүрсө, уз-чеберлер бул көрүнүштү жалкоолуктан дешет.

Маселен, Айзат Айдаркулованын тигүү курсуна келгенине үч күн болду, дагы эки-үч күндөн кийин окууну аяктап, тигүү цехте иштеп калуу алдында турат.

- Көңүлүмө туура келген үчүн ушул окуу курсту тандап алдым. Эң оңой методика менен аябай бат үйрөнөбүз. Колуман келишинче тигип, бычып, өз алдымча иштеп кетейин деген ойдомун.

Мындай окуу курстарды аңдып турган цехтин ээлери бар. Айтор, кыздарды окуусун бүтө электе эле өздөрүнө жумушка алып кетип калышат. Окуу борборунун мугалими Любовь Кротова Кыргызстан гана эмес, Орусиядан бери жумуш берүүчүлөр анын окуу борборуна келерин айтты.

Любовь Кротова

Любовь Кротова

- Орусиядан жумуш берүүчүлөр тикмечи издеп келишет. Кыздарга сүрөттөрүн көрсөтүп, иштөө шарты менен тааныштырат. Айлык маянаны да ушул жерден такташып алышат. Башында биздин кыздарды Орусияга алып кетип жатса коркуп жүрдүк, бирок азыркыга чейин ал жакка кеткен кыздарыбыз бизге келип, рахматын айтып турушат.

Акчасы мол, келишими жок жумуш

Тажрыйбалуу тикмечи бүтүндөй бир үй-бүлөнү бага алат. Өзүн Гүлнура деп тааныштырган жалгыз бой тикмечинин эки студент баласы бар. Ал тикмечилик кесипти он жылдан бери аркалап келет. Ушул жумуштун арты менен эки студентке 80 миң сом контракт төлөп жатат.

- Он күндө бир эс алабыз. Жакшы тиккен учурда он күндүк маянаң 15 миң сомго чейин жетет, кээде андан дагы көп болуп калат. Кызым Юридикалык академияда, балам Улуттук университте окуйт. Экөөнө 40 миңден 80 миң контрагын төлөйм. Андан башка жол кире, кийим, бардык чыгашаларын менден алышат.

Айпери

Айпери

Дагы бир тикмечи Айпери окуу жайда билим алып, цехте иштегенге дагы жетишип жатат. Ал учурда 2-курста окуганы менен тикмечиликти 8-класстан эле өздөштүрүп, ошондон бери иштеп келаткан экен.

- Өзүм жыйырмадамын, тикмечиликти 16 жашымда эле өздөштүрө баштагам. Бүгүнкү күндө тапкан тыйыным өзүмө кенен жетет. Үйдөгүлөргө да жардам берем.

Жогорудагы эки каарман тең жумуш берүүчү менен эч кандай келишим түзбөй иштеп келишет.

Кыргызстанда расмий эмес сандар боюнча 2500 тигүү цехи бар болсо, анда 200 миңден ашуун кыз-келин иштеп келет. Булардын он пайызы гана жумуш келишимин түзүп расмий иштеп жатса, калгандары расмий иштөөнү каалабайт. Тикмечи Аида анын себебин мындайча түшүндүрдү.

Аида

Аида

- Мен буга чейин патент алып, Соцфондго төлөп иштечүмүн. Себеби буга чейинки жумушта айлыктан эле кармап калчу. Бирок Соцфонд анан патент биригип, миң сомдон ашык акча төлөсөк, кичинекей эле бөлүгүн пенсияга деп чегерип койот экен. Анын үстүнө документ менен жүгүргүң келбейт. Биз акча алчудай болуп күттүрөт, анын үстүнө салыктын көлөмүн дагы көбөйтүп салышты.

Патенттин баасы канча?

Мамлекеттик салык кызматынын бөлүм башчысы Муратбек Жамакеевдин билдиришинче, ар бир тикмечи мыйзам боюнча ыктыярдуу патент үчүн айына 390 сом төлөшү абзел. Бул талап ар бир тикмечиге тиешелүү болгону менен ал үчүн цехтин ээси жооптуу.

- Ошол 390 сомдун ар бир тикмечиге айлык берип жатканда жумуш ээси кармап калышы керек. Болбосо биз эки миң сомго чейин цехке айып салып, убакыт беребиз. Такыр эле талаптарды аткарбаса цехти жабууга укугубуз бар.

Ар бир тикмечи патент алса эле документ иши бүтө калбайт. Мындан тышкары социалдык камсыздандыруу үчүн дагы 900 сомдон төлөшү керек. Бул каражат тикмечинин пенсия, жөлөкпул жана башка мамлекеттен алуучу компенсациясына кеткени менен жумушчулар бул акчаны мамлекетке берүүдөн караманча баш тартышат.

Ал эми тигүү цехинин ээлери тикмечилерди тийиштүү документтер үчүн акча төлөтүүдө азырынча алсыз. 25 тикмечини башкарган технолог Зияда Иманкулова буларга токтолду.

Зияда Иманкулова

Зияда Иманкулова

- Биз тикмечи алып жатканда бардыгын түшүндүрүп, ай сайын Соцфондго кармап калабыз деп айтабыз, бирок таңуулай албайбыз. Себеби мен алардын айлыгын кармап калдым дегенче, ал тикмечи эртең башка цехке кетип калат. Бүгүнкү күндө тикмечилер ар жерде талап кылынууда, андыктан алар дагы өз баасын билишет. Мен тикмечилеримди бирден ар жерден чогултуп келгем, ошол үчүн тобокелдикке бара албайм. Менимче, мамлекет өзү жумушчулардын ишениминен чыккан, ошондуктан булар төлөгүсү келбейт.

Зияда Иманкулова кошумчалагандай, тикмечилик жумуш кош бойлуу аялды гана эмес, эмчекте баласы бар энелерди дагы токтото албайт. Тикмечиге суроо талап жогору болгондуктан үйүндө балдары менен отурган тикмечилерге, шартына карап тигүү машинесин үйүнө чейин коюп беришет экен. Атүгүл жайкы сезондогу каникул учурунда, окуучулардан бери тигүү цехте иштеп калышат.

- Машинканы үйүнө алып барып беребиз, ошол жактан бизге тигип бере берет. Айлыгынан ошол тигүү машинасын сатып алса дагы болот, кааласа кийин бизге кайра өткөрүп беришет. Ал эми айрыкча жайында окуучулар дагы цехке жумуш издеп келишет. Аларга топчу бастырабыз, үтүкчү анан “упаковщик” деп койобуз - даяр кийимди бүктөп атайын баштыкка салып акча таап кетишет. Бизде жаш балдарды иштетүүгө айып салынат. Эгерде жергиликтүү бийлик же милиция текшерип келсе, цехтеги эле тикмечинин баласы деп койгон учурлар болгон, бирок текшерүүлөр көп деле болбойт.

Кесипке убактылуу мамиле жасоодо

Айтор өлкөдө тигүү тармагынын өнүгүп жатканын, тикмечилердин таңсыктыгы менен эле ченеп койсо болот. Эксперттер Кыргызстанда жеңил өнөр жай жакынкы беш жылда чоң арыш жасай турганын боолгоп жатат.

Тигүү цехи

Тигүү цехи

Бирок, тикмечилерди расмий жумушка орноштуруп, тийиштүү документтерди толуктабаса, келечекте Кыргызстан ири “пенсиялык коллапска” туш болорун соода-өнөр жай палатасынын текстиль комитетинин төрагасы Амир Закиров айтып өттү.

- Биздин тикмечилер өз жумушуна күнүмдүк мамиле жасап жатат. Алар эртең оорубачудай, төрөбөчүдөй же пенсияга чыкпай калчудай эле мамиле кылышат. Расмий эмес жер төлөдө иштегенден көрө, ачык чыкканга не жетсин? Эгерде эмгек келишим бар болсо, айлык бербей калса, ооруп калсаң же пенсияга чыксаң “мамлекет мага кайтарып берет” деген ой менен иштеши керек да. Буга мамлекеттин тийиштүү деңгээлде маалыматын бербей, түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй жатканын айыптаса болот. Эми келечекте жүз миңдеп көмүскөдө иштеп жаткан эжелер пенсиясы өтө төмөн же пенсия албаган апаларга айлануу коркунучунда турат.

Мамлекеттик салык кызматы өлкө боюнча тогуз миң гана тикмечи ыктыярдуу патент аркылуу иштеп жатканын айтат. Расмий эмес, көмүскөдө иштеп жаткандар, жогоруда айткандай, 200 миңден ашып, так санын эч ким билбейт. Тикмечиликке соңку учурда азын оолак эркектер дагы тартыла баштады.

Текстилдин экспорту өлкөдө алтындан кийинки экинчи орунда турат. Кыргызстандык тикмечилердин эмгеги Орусия жана Европа өлкөлөрүнө чейин экспорттолуп, соода көлөмү жылына 70 млн долларга жетет. Расмий эмес сандар бир миллиард доллардан ашууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG