Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Кыргызстандын дагы 6,5 млн. акциясы камакка алынды


Кыргызстандын “Центеррада” 33% үлүшү бар, бул жалпысынан 77 млн. 400 миң даана акцияны түзөт
Кыргызстандын “Центеррада” 33% үлүшү бар, бул жалпысынан 77 млн. 400 миң даана акцияны түзөт

Онтарио соту “Центерра” компаниясындагы Кыргызстанга таандык 6,5 млн. акцияны камакка алды. Буга чейин эле аталган компаниядагы Кыргызстандын 77 млн. акциясынын 47 миллиону Канада соту тарабынан камакка алынган болчу.

Канада соту латвиялык ишкер Валерий Белокондун арызынын негизинде ушундай чечим кабыл алганы айтылууда. Канададагы Онтарио Жогорку Соту Centerra Gold Inc. компаниясынын Кыргызстанга таандык 6,5 млн. акциясын убактылуу тоңдуруу чечимин кабыл алганы тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов “Азаттыкка” билдирди:

- Мурдагы “Манас” банкынын ээси Валерий Белокон Канаданын сотуна кайрылып, “кыргыз өкмөтүн эл аралык соттон утуп алгам, ошону чечип бергиле” дептир. Ошондуктан, азырынча биздин акциялар убактылуу камакка алынды. Соттун акыркы чечими чыкканга чейин ошол абалда турат.

Өткөн жылы 24-октябрда Париждеги арбитраж соту Белокондун арызынын негизинде кыргыз өкмөтүн 16,5 миллион доллар доого жыккан. Анда Белокон 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң кыргыз бийлиги Бишкектеги “Манас” банкты мыйзамсыз тартып алып, менчик укугу бузулганын айтып даттанган болчу.

Кыргыз өкмөтү мурдараак бул сот чечимин тааныбай тургандыгын, соттошууну улантарын билдирген.

Белгилүү болгондой, ушул тапта эл аралык соттордо кыргыз өкмөтүнө каршы берилген доо арыздар көп. Алсак, өткөн жылдын 14-октябрында Stans Energy компаниясынын доосунун негизинде Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык же 47 млн. акциясын камакка алган. Белгилүү болгондой Кыргызстандын “Центеррада” 33% үлүшү бар, бул жалпысынан 77 млн. 400 миң даана акцияны түзөт. Мурдагы 47 млн. даана акцияга Белокондун арызына байланыштуу 6,5 млн. даана акциянын камакка алынышын кошкондо азыркы учурда 53,5 млн. даана акция Кыргызстан үчүн пайдасыз деп айтууга болот.

ЖК оппозициячыл маанайдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов Кыргызстандын "Центеррадагы" акцияларынын камакка алынышын апрель окуясынан кийин кыргыз өкмөтүнүн туура эмес жасаган кадамдарынын натыйжасы деп эсептейт:

Өмүрбек Абдрахманов
Өмүрбек Абдрахманов

- Мындай окуялардын болуп жатышы Кыргызстанда эч кандай демократиялык нормалар, стандарттар, ошондой эле укуктук нормалар да сакталбагандыгынан кабар берет. Ошол эле Белокондун банкына байланыштуу маселени жакшы көрсөк да, көрбөсөк да, Максимдин досубу же башканын жакыныбы, юридикалык жол менен Баш мыйзамга ылайыктап, чечүүгө тийиш болчубуз. Бизде болсо жөн эле барып тартып алышты, эми ошонун азабын тартып жатабыз.

Өткөн аптада парламент Кумтөр алтын кенин канадалыктар менен чогуу иштетүү боюнча өкмөттүн долбоорун угуп, аны аягына чыгарууга өкмөткө бир ай мөөнөт бергени белгилүү. Өмүрбек Абдырахманов минтип "Центеррадагы" Кыргызстандын акцияларынын камакка алынышын биргелешкен ишкана түзүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн солгундоосуна алып келет деген пикирде.

Белокондун арызына байланыштуу Кыргызстан “Центеррадагы” өзүнө таандык 6,5 млн. акциясынан ажыроо алдында турганын “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси Токон Мамытов өткөн аптада парламентте Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча маселе каралып жатканда билдирген. Ал ошондой эле акциялардын камакка алынышы Кумтөр боюнча 50/50 пайыздык үлүштө биргелешкен ишкана түзүү тууралуу эки тараптуу сүйлөшүүлөргө кедергисин тийгизе албастыгын айтканы бар. Экономист Жумакадыр Акенеев да ушундай пикирде:

- Жок. Мендеги маалыматтар боюнча канадалыктар акциялар камакка алынышы- камалышына карабай, 50/50 пайыздык үлүштө кол коюуга “Центерра голд” макулдугун берди деп айтылып жатат.

Жумакадыр Акенеев
Жумакадыр Акенеев

Жумакадыр Акенеев ошентсе да, кыргыз өкмөтү доо арыздарда утулган суммаларды төлөп берүүдөн көрө, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылганы оң деп эсептейт:

- Бир сом төлөсө да бюджетке зыян, ошондуктан, кыргыз өкмөтү коркпой-үркпөй эле, отуруп сүйлөшүп, Кыргызстандын пайдасына кайсы жол жакыныраак болсо, ошону тандап чечүүгө тийиш. Менин билишимче, алар өздөрү деле отуруп сүйлөшүүгө кызыкдар, мына ошол мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу керек.

Кыргыз өкмөтүн кен байлыктарды иштетүү, банк тармагы, инвестиция салуу боюнча бир топ чет элдик ишкерлер, компаниялар эл аралык сотторго берип, утуп алышкан. Жалпысы болуп, чет элдик доочулар тарабынан эл аралык арбитраждарга берилген арыздардын негизинде Кыргызстан утулуп калып, төлөй турган сумманын өлчөмү 1 млрд. долларга чукулдап барат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG