Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Шайлоо: бурмаланган тизмеден ким утту?


Добуш берүүгө келген бир катар шайлоочулар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таба алышкан жок.

Териштирүү учурунда ошол эле кезде алардын аты-жөнү өздөрү туруктуу жашап көрбөгөн башка аймактардан чыккан учурлар катталган. Бул тууралуу айрым шайлоочулар жана шайлоого катышкан саясий партиялардын штабдарынан билдиришти.

Шайлоочулардын тизмесинде чоң көйгөйлөр болгонун добуш берүүгө байкоо салган “Таза шайлоо” ассоциациясы да ырастап, бул үчүн жоопкерчилик алган мамлекеттик орган болбогонун жарыялады.

Такталбаган тизменин тек жайы

Кыргызстан боюнча сегиз жүздөн ашуун шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо салган “Таза шайлоо” ассоциациясы эң эле негизги көйгөй катары шайлоочулардын тизмесиндеги башаламандыктарды каттоого алган.

Байкоочулардын мониторинги боюнча Ысык-Көл жана Талас облустарындагы 29 шайлоо участогунда шайлоочулар өздөрүн тизмеден таба алышкан эмес. Ар бир добушканада буга окшогон учурлар үчтөн отуз бешке чейин катталган.

Добуш берүү үчүн кезек күткөндөр, Ош
Добуш берүү үчүн кезек күткөндөр, Ош

Ушундай эле абал Бишкектеги добушканаларда да кайталанган. Биометрикасын тапшырган 3442 шайлоочу Бишкектеги №1265 кошумча шайлоо участогуна тизмеге турууга арыз берген. Бирок анын ичинен алты жүзгө жакын шайлоочу тизмеге кирбей калган.

“Таза шайлоо” ассоциациясынын өкүлү Ракия Рахматова өзүн тизмеден таппай калгандардын укугу корголбой калганын белгиледи:

- Мурда тизмеден текшерилген эле шайлоочулар кийин эле тизмеден чыкпай калган учурлар көп катталды. Бизге бир орус аял келди. Ал үйүндө каттоодо өзү жалгыз турат экен. Бирок бул жолу анын үйүнө эки кабарландыруу келиптир. Бирөө өзүнө, экинчиси башка бир кыргыз жигитке. Ал аял аны тааныбаса деле эмнеге мындай болгону таң калычтуу экенин билдирди. Ушуга окшогон даректери алмашкан же тизмеден чыкпай калган башаламандыктар тизмеде көп кездешти. Бул атайын жасалганбы же кокустан болуп калдыбы - бул белгисиз.

“Кайып” болуп кеткен ысымдар

Бир топ жылдан бери Бишкек шаарында туруктуу жашаган 34 жаштагы Замир Эргешов шайлоо күнү дайыма каттоодо турган добушканага барып, өзүн тизмеден тапкан эмес.

Замир Эргешов 19-сентябрга чейин каттоосу боюнча тизмеден алдын ала текшерилгенин айтып, шайлоо күнү эле өзүнүн аты-жөнүн тизмеден таппай калганын белгиледи:

- Бул жерде туруктуу каттоодо турсак, 19-сентябрга чейин барып текшерилсек, анан эле шайлоо күнү эле тизмеде жок болуп калганда башка чапкандай эле болот экенсиң да. Издетсек, менин аты-жөнүм Ош облусунун Кара-Суу районунун Баш-Булак айылынан чыгып жатпайбы. Мен ал жерде туулган дагы эмесмин же мурда-кийин жашаган дагы эмесмин. Анан кантип менин биометрикам ал жакка кетип калганы түшүнүксүз. Ошентип мени добуш берүү укугумдан ажыратышты.

Кыяс Молдокасымов
Кыяс Молдокасымов

Буга окшогон мисалдар Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да катталган. Мырзаке шайлоо округунан “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Кыяс Молдокасымов бул шайлоодо тизмени бурмалоо аркылуу көз боёмочулукту камсыздаган жаңы технология колдонулганын мындайча мисал келтирди:

- Бул жакта жашаган туруктуу калк, болгондо дагы көп жыл бул жакта жашаган аксакалдар өздөрүн тизмеден таппай калышпадыбы. Анан кызыгы - жалаң кыргыздар жашаган айылдарда башка жактан келген башка улуттун өкүлдөрү тизмеден чыгып добуш беришкени таң калтырды. Бул жерде туруктуу каттоодо болуп келгендердин аты-жөнү Чүйдөн, Нарындан, Баткенден чыгып жатканы элдин башын айландырып, бул шайлоонун жасалмалуулугунан кабар берди.

“Таза шайлоо” ассоциациясы шайлоочулардын тизмесинин тактыгы боюнча жоопкерчиликти кароо маселесинин татаалдыгын белгилөөдө. Анткени өзүн тизмеден таппай калгандар же дареги алмашып кеткендер учурда бул үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын кайсы бирин сотко берерин билбей турганы көрсөтүлгөн.

Бирок мындай дооматты өкмөт башчысынын биринчи орун басары Таирбек Сарпашев төмөндөгүчө четке какты:

- Андай фактылар көп болгон жок. Муну шайлоодон кынтык таппай калып, ошондой маалымат таратып жаткандардын бир аракети десек болот. Айрымдар атайын сөз чыгарып, биометрикадан кемчилик издеп жатышат. Биз изилдеп көрдүк. Он миң адамдын ичинен 2-3 кишиники ошондой болуп чыкпай калганы болбосо, негизгиси биометрикалык система эң мыкты иштеп берди.

Учурда бир катар партиялардын шайлоо штабдары жана шайлоочулардын демилгелүү топтору тизмеден өзүн таппай калгандардын же дареги алмашкандардын арыздарын жамааттык негизде сотко берүү үчүн топтоого киришкени жарыяланды.

XS
SM
MD
LG