Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

Маянаны көтөрүүдөн майнап чыгабы?


Кыргызстанда мамлекеттик кызматчынын орточо айлыгы 300 АКШ долларын түзөт.
Кыргызстанда мамлекеттик кызматчынын орточо айлыгы 300 АКШ долларын түзөт.

Өкмөт мамлекеттик кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн атайын чараларды иштеп чыкты.

Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев мамлекеттик мекеме-уюмдардын жетекчилерине үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен кызматчылардын маянасын жогорулатууга укук берген токтомго кол койду. Коомчулукта бул аракет мамлекеттик кызматчыларды колдоо катары кабыл алынууда. Бирок ошол эле кезде системалуу кадр саясатын жөнгө салууга мындай демилге таасир этпейт дегендер да арбын.

“Иштеген тиштейт” принциби

Кыргызстандагы мамлекеттик кызматчылардын эмгек акысы КМШ өлкөлөрүндөгү эң эле аз маяна катары бааланат. КМШнын экономикалык изилдөө борборунун 2013-жылдагы маалыматы боюнча Кыргызстандагы мамлекеттик кызматчынын орточо айлыгы 300 АКШ долларын түзөт. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларын колдоо максатында атайын токтом чыгарды. Ага ылайык натыйжалуу иштеген кызматчыларды баалаган мекеме жетекчилери алардын айлыгын эки эсе жогорулата алат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат берүү борборунун жетекчиси Бердибек Жакыпбаев өкмөттүн бул чарасынын маани-маңызын мындайча белгиледи:

- Жетекчилерде мурда мындай укук жок болчу. Бюджеттен бөлүнгөн айлык фондунан ашкан же үнөмдөлгөн каражат мурда кайра казынага кайтарылып берилчү. Эми ошол каражат ишине так, сапаттуу жыйынтык бере турган кызматчылардын маянасын көтөрүүгө бериле турган болду. Жетекчилер жумуштун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн жакшы стимул пайда болду. Айрыкча азыр жогорку квалификациялуу адистер айлыктын аздыгынан мамлекеттик кызматтан качып, жеке секторго кетип жатканда ушул чаранын киргизилиши жакшы болду.

Эмгекти баалоонун шарттары

Өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик кызматчылардын маянасы андагы айлык акы фондунан үнөмдөлүп калган каражаттын эсебинен көтөрүлөт. Өкмөт бул токтомго байланыштуу мамлекеттик кызматчылардын маянасын жогорулатууга негиз болгон шарттарды атайын жобо менен бекитмекчи. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев мамлекеттик кызматчынын ишинин натыйжасын аныктоо шарттары так иштелип чыгууга тийиш деп эсептейт:

- Эгерде жакшы жетекчи болсо, бул ага чоң мүмкүнчүлүк берип, кол алдындагыларды жакшы иштетүүгө түрткү болот. Бирок начар жетекчи болсо мына ошол кошумча айлыкты жамааттагы жакын адамдарына жазып берип коюп отура бериши мүмкүн. Ошон үчүн кызматчынын ишинин сапатын аныктоо критерийлери так болушу керек.

Кадр саясатынын калпыстыгы

Бирок айрым жарандык активисттер бул чаралар мамлекеттик кызматтын жоопкерчилигин жогорулатууга жана жумуштун сапатын көтөрүүгө өбөлгө түзөт дегенге ишенишпейт. Анткени алар өлкөдөгү коррупциялык кадр саясаты түп-орду менен жок болмоюнча өзгөрүү болбойт деген ишенимде. Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова алгач адистерди кызматка алуунун тартиби жөнгө салынышы керек деген ойдо:

- Мен мисалы, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, тажрыйба топтодум, бирок, башчылыкка мени эмес, кызматка сынаксыз келген депутаттын жардамчысын алып келип коюшу мүмкүн. Анан мына ошолор иштин маңызын билбей туруп, акыйкат шартта кайсы кызматчыга кандай кошумча маяна чегерүү керек дегенди билеби? Мен буга ишенбейм. Бул үчүн кадр саясаты түп-орду менен кайрадан оңдолуп, кызматка алуунун тартиби акыйкат болушу кажет. Болбосо буга окшогон чараларды киргизүүдөн эч кандай жыйынтык болбойт.

“Мамлекеттик кызмат тууралуу” мыйзамга ылайык, адистер мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызмат орундарына сынак аркылуу алынат. Бирок ага парламент депутаттарынын жана министрлердин жардамчылары сынаксыз кызматка алынат деген жобо кирип калган. Мына ошондуктан сынак берүүдөн качкан адистер министрлер менен депутаттарга убактылуу жардамчы болуп иштеп, анан барып кызматка орношууну адатка айлантып алышкан.

XS
SM
MD
LG