Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:47

Талас облусундагы Андаш кенин иштетүүгө Жогорку Кеңеш тыюу салган. Буга аталган кенди иштетүүгө уруксат алган тарап макул эмес.

Парламент өкүлү чечим жергиликтүү элдин нааразычылыгынан улам чыгарылганын айтууда. Ал эми компания кен чыгуучу аймакка жакын жашаган элдин арасында аларды колдогондор да бар экенин белгилейт.

Австралиялык инвесторлор каржылап жаткан “Андаш майнинг компани” ишканасы Таластагы Андаш кенин казууга даярдыгын билдирүүдө. Бирок эл каршы деп Жогорку Кеңеш кенди иштетүүгө тыюу салды.

Эл арасында эки ача пикир бар, парламент тиешелүү эксперттик жыйынтыктарды күтпөй эле чечим чыгарып койду, дейт компаниянын башкы директору Кубан Ашыркулов:

- Эл арасында каршы жана макулдар бар. Биз каршы тарабы менен бир аз тил табыша албай жатабыз. Нааразычылыгы - экология маселеси. Ошол жерден эксперттер, экологдор, жардыруучулар жана башкалар келип карап көрүп, өз тыянагын чыгарып, ошонун негизинде жыйынтык чыгарылса биз деле макул болмокпуз да.

Ашыркулов учурда кен казуунун экологияга тийгизген таасирин эксперттер иликтеп жатканын кошумчалады. Муну менен бирге элге жана мамлекетке келтире турган пайдасын санап өттү:

- "Андаш майнинг компани" салыктан тышкары түшкөн пайданын 20 пайызын дивиденд катары мамлекетке өткөрүп берет. Экинчиден, 450 жумушчу орун түзөбүз. Ошонун 70 пайызын, болжолу менен 300 орунду жергиликтүү элге беребиз. Андан тышкары жалпы кирешеден 1 пайызын жергиликтүү фондго бөлүп берүүдөбүз. Бул жылына 70 миллион сомду түзөт экен.

Мындан тышкары компания айылдагы ар бир кожолукка ай сайын 3 миң сомдон которуп туруу демилгесин көтөргөн.

Бирок мындай сунуштарга карабастан Айдаралиевдин айрым тургундары кенди каздырбайбыз дешүүдө. Алардын бири Жумабек Сабатаровдун жүйөлөрү мындай:

- Айыл элинин ден соолугу, жашоо шарты, бала чаканын келечеги, бейиттин жакын тургандыгы, шамалдын багытына карабагандыгы, калдык көмүүчү жайын суунун боюнча койгондугу, алдамчылык, адамды сатып алуу жолу менен ачабыз деп атканына каршы чыгып атабыз.

Бул кен айыл элине 1 километрге жетпеген аралыкта тургандыктан муну ачууга эч кандай мүмкүн эмес.


Жогорку Кеңештеги отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети ушундай пикирлерди эске алып, кен иштетүүнү убактылуу токтотмой болгондугун комитет жетекчиси Азамат Арапбаев билдирди.

Бирок кайсы бир себептерден улам комитет менен жалпы парламенттин чечими да эки ача чыгууда. Жалпы отурумда кенди таптакыр жабуу чечими кабыл алынган.

- Айылга кооптуу болуп аткан экен. Ошонун негизинде убактылуу токтотуп туруу чечимин чыгарганбыз. Убактылуу эмес, негизинен токтотулсун деп парламентте токтом чыгып калды. Аны өзгөртүшүбүз керек. Бирок долбоорду бир аз өзгөртүп, ишке салса болот.

Замирбек Эсенаманов
Мындай чечим өкмөткө келгенин жаратылыш ресурстары министри Замирбек Эсенаманов тактады. Ал кенди өкмөт өзүнө алса жакшы болмоктугун, бирок анын алдында чече турган маселе бар экендигин белгиледи.

- Андаш кенинин буга чейинки чыгымдары бар. Көп акча жумшалган. Ошол маселесин кандай кылып чечебиз деген маанинин үстүндө турабыз учурда. Биротоло өкмөткө өткөрүп алсак жакшы болот. Берки маселелерин кошо чечишибиз керек болууда. Соттошпой, Кыргыз мамлекетинин аброюн сактап, тынч жол менен чечүү жолдору иштелип жатат.

Кыргызстандагы тоо-кен тармагын бир топтон бери талдап келаткан эксперт Эрмек Үмөтов аларды казуу керек дейт. Коңшу Өзбекстанды мисалга тартып, ал алтын казуу боюнча дүйнөдө алдыңкы ондукка киргенин, ал эми Казакстан алдыңкы жыйырмалыкка илинип, дагы умтулуп жатканын айтат.

- Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк масштабда ушунчалык катуу процесс жүрүп аткан убакта бизге дагы 50 жыл керек деп отурганыбыз туура эмес. Алтынды өндүрүп алуу өзүнчө маселе. Биз тоо кен тармагы боюнча адистерди даярдап алышыбыз керек.

Кийин эле иштетебиз десек адистерибиз өспөй тура берет. Ал эми ошол 50-60 жылдан кийин кошуналардын адистери келип биздин тоо кендерди иштетет. Биз болсо кетмен-күрөк кармап эле кенге кошумча жумушчу күчү катарында калып калып атпайбызбы.

Биротоло өкмөткө өткөрүп алсак жакшы болот. Соттошпой, Кыргыз мамлекетинин аброюн сактап, тынч жол менен чечүү жолдору иштелип жатат.

Андаш кени Талас облусунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн аймагында. Анда 20 тонна алтын, 70 миң тонна жез бар экендиги такталган. Иштетүүгө 2006-жылы уруксат берилген. Лицензиялык келишимге ылайык, биринчи алтын 2012-жылдын жай айларында казылып алынышы керек болгон. Ал эми 2017-жылга чейин казылып бүтмөк.

Акча жаатына келсек, компаниянын планы боюнча, ошол 2017-жылга чейин жалпысынан 850 миллион доллар киреше табуу пландалган. Салыктарды, мамлекеттик 20 пайыздык үлүштү кошкондо анын 200 миллион доллары мамлекетке төгүлөт.

Ал эми чет элдик инвесторлор кен казуудан 280 миллион доллар таза пайда көрүшөт. Калган каражаттар болсо тийиштүү имарат, заводдорду куруу, жарак-жабдыктарды алуу жана башка чыгымдарга жумшалары пландалган.
XS
SM
MD
LG