Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:21

Кыргызстанда кыйноо фактыларын азайтуу үчүн жабык мекемелерди туруктуу текшерүүгө ала турган улуттук борбор түзүлгөнү турат.

Ал үчүн атайын мыйзам долбоору иштелип чыкканын Жогорку Кеңештин комитет төрагасы, депутат Дастан Бекешев 13-сентябрда маалымат жыйынында билдирди.

Былтыркы июнь коогасынан кийин күчөгөнү айтылган убактылуу кармоочу жайлардагы зордук-зомбулукка улуттук борбор бөгөт койо алабы?

Мыйзам долбоору даяр

Жогорку Кеңеш жаңы даярдалган мыйзам долбоорду жактырса, жакында Кыргызстанда абактардагы кыйноолорду алдын алып, жабык жайларда текшерүү жүргүзүп туруучу Улуттук борбор ачылат.

Парламенттин адам укуктары боюнча комитетинин төрагасы Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, бул борбор 11 адамдан турат.

Борбордун координациялык кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстандагы бардык жабык мекемелерди тоскоолдуксуз, маал-маалы менен текшерип турганга мүмкүнчүлүк алышат:

Дастан Бекешев
- Координациялык кеңештин мүчөлөрү түрмөлөрдөгү кыйноолорго байланыштуу ачыкка чыккан маалыматтар боюнча камакка алынып, же суракка чакырылбашы керек.

Улуттук борбордун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайларды, аскердик бөлүктөрдү, дарылануучу жайлар, ар кыл интернаттарды кыдырып, ал жакта тоскоолдуксуз мониторинг жүргүзүүг
ө укук алышат. Башкача айтканда, жогорудагы мекемелердеги кармалып турган адамдардын абалы менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргызстан 2008-жылы БУУнун кыйноолорго каршы факультативдик протоколуна кошулган. Улуттук борбор түзүү иши протоколдун негизинде Кыргызстан аткара турган негизги милдеттенме болгон. Кыйноолорго каршы борборду түзүү демилгеси, убактылуу кармоочу жайлар менен абактарда зордук-зомбулук көбөйдү делген учурга туш келүүдө.

Жакында Жалал-Абаддын Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө Кыргызстандан кетип, Орусия жарандыгын алган Усманжан Холмирзаев кыйноого кабылып, каза болгону кабарлаган. Айрым укук коргоочулар, алардын ичинде эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюму бул өңдүү фактылар былтыркы июнь коогасынан кийин көбөйгөнүн билдиришип, коңгуроо кагып келишет.

Аида Салянова
Абактардагы кыйноо фактыларына президент Роза Отунбаева көңүлүн буруп, август айында Ошко жасаган иш сапарында бул жагдайды жөнгө салууга чакырган. Кыйноо фактылары кооптуу жагдайга айланып баратканын баш прокурор Аида Салянова да “Азаттыкка” курган маегинде ачыктаган:

- Адамдарды кыйноо фактылары чынында эле кооптоно турган тенденция болуп атат. Мисалы, 2010-жыл боюнча отуздан ашык мыйзамга ылайык келбеген ыкмаларды колдонуп, кыйноо фактылары козголгон болсо, быйыл жети айдын ичинде эле 33 факт катталды. Балким мурун кээ бир фактылар ачыкка чыкпай, же ачылган иштер аягына чейин тергелбей калганы себеп болсо керек. Бул фактылар менен күрөшүш үчүн убактылуу кармоочу жайларды бат-баттан текшерип туруу боюнча прокурорлорго тапшырма бердим.

Алгачкы кадамбы, аргасыз айлабы?

Жаңы түзүлө турган улуттук борбор жагдайды жөнгө салып, абактардагы кыйноо фактыларын азайтаары белгиленүүдө. Мындай борборду түзүү демилгесин өзгөчө жергиликтүү укук коргоо уюмдары колдоого алышууда.

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун Оштогу өкүлү Хусанбай Салиев, борбордун түзүлүшүн абактардагы зордук-зомбулукту алдын алуудагы алгачкы кадам деп эсептейт:

- Менин оюмча мындай борбор керек болчу. Эмнеге дегенде, Кыргызстан кыйноолорго каршы конвенцияга кошулган эмеспи. Ошол конвенцияга ылайык, мындай борбор ачуу абзел болчу. Эми бул борбор ачылышы менен кыйноо маселеси чечилип калбайт. Ошентсе да бул багыттагы алгачкы кадам болуп саналат.

Кыргызстанда кыйноо фактылары көбөйдү дегенден бери, жогорку көзөмөл органдары тарабынан ар кыл алдын алуучу ыкмалар сунушталууда. Маселен, буга чейин убактылуу кармоочу жайлар менен абактарга видеокөзөмөл камераларын орнотуу демилгелери көтөрүлгөн. Бирок булардан азырынча так натыйжа байкалбаганы айтылып келет.

"Улуттук борбор кыйноолорду азайтууну көздөгөн дагы бир жаңы ыкма катары саналганы менен, анын иштеп кетиши кадр саясатына барып такалат", - дейт, “Эркиндик үнү” укук коргоо борборунун жетекчиси Сардар Багышбеков:

- Ошол түзүлгөн борборго кандай адамдар кирет? Ушул да негизги нерсе. Анткени бизде ар дайым кадр жагынан көбүнчө көйгөйлөр чыгып келет. Ошондуктан, мен ойлойм, кесипкөй, кыйноолор багытында иштеген уюмдар, же укук коргоочулар бул борборго мүчө болуп кирсе, анда иш жылат. Ал эми мурункудай эле борбор түзүп коюп, анан өздөрүнө жаккан адамдарды отургузуп койсо, албетте иш жылбайт.

Кыйноого каршы коалициянын маалыматы боюнча, 2009-жылдын августтунан 2010-жылдын август айына чейин Кыргызстанда 186 кыйноо фактысы катталган. Андан бери кыйноо фактылары бир нече эселеп көбөйгөнү белгиленип келет. Бул жагдайларды жөнгө салууну көздөгөн улуттук борбор түзүү боюнча мыйзам долбоору 14-сентябрда парламенттик угууга коюлат.
XS
SM
MD
LG