Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Аталышы талаш жараткан Elektromed


Gulcanlar Elektrik Elektronik ишканасы.
Gulcanlar Elektrik Elektronik ишканасы.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы мүлкүнө байланыштуу талкуу кайрадан жанданды.

Түркияга барып, документтерди изилдеп келген коомдук ишмер Эдил Байсалов мамлекет башчысынын мүлкү тууралуу буга чейин президенттик аппарат тараткан маалыматты жалган деп билдирди. Анын жүйөсүндө, президенттик аппарат тараткан өлкө башчынын Түркиядагы Elektromed Elektronik аттуу компанияда үлүшү болгон деген маалыматты тактоо зарыл. Президенттин маалымат кызматы Байсаловдун айткандарын жокко чыгарып, жөнү жок кыйкым издөө катары сыпаттады.

25-апрелде Бишкекте маалымат жыйынын өткөргөн коомдук ишмер Эдил Байсалов президенттин басма сөз кызматы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы Elektromed Elektronik ишканасында үлүшү болгону тууралуу 12-апрелде тараткан маалымат чындыкка дал келбейт деп айтты:

- Маалымат калп болуп чыкты. Gulcanlar деген фирмасы, алар айтып жатышпайбы, азыр Elektromed деп... Gulcanlar мурун эле болуп келген... Муну материалдык далил менен көрсөтө алдык.

Байсалов пресс-конференцияда айткандарынын далили деп Түркиянын "Соода реестр" гезитинен алынган маалыматтын көчүрмөсү деген кагаздарды көрсөттү.

Байсалов Түркияга барып, Gulcanlar Elektrik Elektronik жана Elektromed Elektronik эки башка ишкана экенин бышыктаган маалыматты дал ушул реестрден алганын кошумчалады. Ал колундагы документтерге таянып, Gulcanlar Elektrik Elektronik деп аталган компанияда Атамбаевдин үлүшү болгонун, аны 2003-жылы 45 миллиард түрк лирасына сатканын кошумчалады.​

Коомдук ишмер президенттин кеңсеси элге туура эмес маалымат таратканы үчүн моралдык-саясий жоопкерчилик тартышы керек деген пикирде.

Байсаловдун маалымат жыйынынан соң президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу жооп кайтарды. Ал Байсаловду жалган маалымат таратып, коомчулукту адаштырбоого чакырат.

Үсөнов кыргыз президентинин 2002-жылдары үлүшү болгон Gulcanlar ишканасын электр жабдыктарын чыгарган ELEKTROMED компаниясы сатып алып, аталышы буга байланыштуу өзгөрүлгөнүн түшүндүрдү:

- Gulcanlar Elektrik Elektronik ишканасынын аталышы 2002-жылы Атамбаев тарабынан сатылгандан кийин Elektromed Elektronik холдингинин менчиги болуп калган жана ага ылайык аталышы өзгөртүлгөн. Байсалов журналисттерге тараткан документтерден деле Elektromed холдинги Атамбаевден электр жабдууларын чыгарчу ишкананы сатып алгандан кийин 2003-жылы февралда Измирде филиалын ачканын көрүүгө болот. Мындайча айтканда, сөз бир эле ишкана сөзүндө болуп жатканы айкын.

Президенттик аппараттын өкүлү өз үлүшүн сатуудан Алмазбек Атамбаев 35 миллион долларга жакын пайда көргөнүн кошумчалады. ​

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Саясий серепчи Медет Төлөгөнов бийлик өкүлдөрү да, оппозиция да коомчулукка маалыматты таратууда жоопкерчиликтүү мамиле кылышы зарылдыгын эскертет:

- Мен бул жерде эки маселеге көңүл бургум келет. Биринчиден, дал ушундай президент сыяктуу саясий ишмерлерге келгенде ар бир маалымат абдан такталып берилиши керек. Анан алгачкы болуп президент тарап ар бир пайда болгон күмөн саноого дароо жооп кайтарып, ачыктыкты камсыз кылуу керек. Ошондой эле башка жарандар да мындай маалыматка жоопкерчиликтүү мамиле кылышы зарыл.

Алмазбек Атамбаев жана Индира Жолдубаева, 5-апрель, 2017-жыл
Алмазбек Атамбаев жана Индира Жолдубаева, 5-апрель, 2017-жыл

Президент Атамбаевдин 2000-жылдардагы Түркиядагы мүлктөрү тууралуу талкуу быйыл 5-апрелде башталган. Атамбаев башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алып, өз мүлктөрүнүн ачыктыгы тууралуу маалымат берген. Анда президент баш прокурорго 2003-жылы Түркиянын Измир шаарындагы өнөр жай ишканасын 45 млрд түрк лирасына, же ал кездеги курс менен 35 млн долларга сатканын күбөлөндүргөн документтерди бергенин өлкө башчысынын маалымат кызматы кабарлаган.

“Бул материалдар Өмүрбек Текебаевдин Атамбаевдердин үй-бүлөсүнүн акчасы 2010-жылдан кийин гана пайда болгон деген сөздөрү жалаа экенин документтер менен ырастайт”, - деп айтылган эле президенттин маалымат кызматынын пресс-релизинде.

Мындан соң Эдил Байсалов бул сандарды өз алдынча эсептеп, Атамбаевдин үлүшү сатылган 45 млрд түрк лирасы 2003-жылы 35 млн доллар эмес, 27 миң доллардай акча болгонун жазып чыккан.

12-апрелде президенттин маалымат кызматы кайрадан кабар таратып, кыргыз президенти 2003-жылы Түркияда жайгашкан компаниядагы 90% үлүшүн 35 миллионго жакын долларга сатканын дагы бир жолу ырастап, бирок “ишкананын рыноктук наркы жана уставдык капиталы боюнча сандарды чаташтыруудан улам ката кеткенин" моюнга алып, коомчулуктан ал үчүн кечирим сураган.

Ошондой эле мурда ишкана Gulcanlar Elektrik Elektronik деп аталса, 2002-жылы декабрда ELEKTROMED ELEKTRONİK деп аталып калганы президенттик аппараттын маалыматында айтылган. Дал ушул компаниянын аталышындагы өзгөрүү Байсалов менен президенттик аппараттын ортосундагы талаш-тартыштын өзөгүнө айлангандай.

"Азаттык" Измирдеги ELEKTROMED ELEKTRONİK ишканасы менен байланышып, Бишкекте жаралган талаштуу суроолорго азырынча жооп алалган жок. Маалымат такталганда окурмандарга жарыялайбыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG