Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:38

Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасын аныктоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр аяктады.

Сүйлөшүүлөргө катышкан кыргызстандык өкүлдөрдүн билдиришинче, чек араны тактоонун жаңы форматы тандалып алынды. Ага ылайык, мындан ары буга чейин эки тарап таптакыр карала элек тилкелерди аныктоого киришмекчи. Эки өлкөнүн дээрлик бир жарым миң чакырымга тете чек ара сызыгынын 300дөй чакырымы талаштуу.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы талаштуу жер тилкелери түштүктөгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймагында. Бул облустардагы коңшу өлкө менен чектеш аймактарда жашагандар такталбаган тилкелердин көйгөйүн жон териси менен сезип келатышат. Андайлардын бири - Жалал-Абаддын Ноокен районундагы Сакалды айылынын тургуну Рустам Абдрасулов.

Абдрасуловдун айтымында, алардын айылы Өзбекстан менен чектеш жайгашып, чек ара сызыктары такталбагандыктан айылдыктар “алда кандай болот” деп үй-жай кургандан чочулап жашап келишет. Анткени буга чейин жер, сууга байланыштуу чатактар маал-маалы менен болуп келген:

- Жашоо абдан эле кооптуу болуп калды. Мал айдагандан чочуйсуң, балдарды пахтага сугартарда чек арачылар атып кетпесин, ар жакка алып кетпесин деп артынан бирөөнү акмалатып жибересиң. Чек араны тактайбыз деп 10-20 жылдан бери келатышат. Бирок ишинин жыйынтыгын көрө элекпиз. Өзбектерге көбүн берип, бизге азы калса деле тактап бүтсө болот эле. Кийин эмне болот деп чочулап канча жылдан бери үй-жай салбай келе жатабыз. Мисалы, өткөндө Чек деген айылда 15-20 кишини Өзбекстандын аймагы деп чыгарып коюшуптур.

Чек арадагы үйлөр

Чек арадагы үйлөр

Эки өлкөнүн чек арасын тактоо иштери мына ушундай талаштуу жерлерге келгени такалып, бир канча жылдан бери алдыга жылбай турат. Мунун үстүнөн өкмөттөр аралык комиссия иш алып барып, жылына бир канча жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрсө да ишинин майнабы сезилбей келет.

Бул алкактагы кезектеги сүйлөшүүлөр Өзбекстандын Фергана шаарында 30-июнда аяктады. Сүйлөшүүлөргө катышкан өкмөттүн чек араларды делимитациялоо жана чек ара аймактарын өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, бул жолу чек араны аныктоонун жаңы форматы тандалып алынды.

Ага ылайык, мындан ары эки тарап таптакыр карала аймактардагы чек араны аныктоого киришет. Буга чейин ишти мындай ыкта алып барууну Кыргызстан сунуштап, Өзбекстан макул болбой келген эле:

- Такталбаган аймактардагы жумушту жылдыралы деген келишимге келдик. Атайын 10 участокту да аныктадык. Мунун негизинде келээрки жолугушуу 24-июлда Ош шаарында болот. Мына ушунда аныкталган кыргыз-өзбек чек арасындагы 10 участок боюнча жазууну баштайбыз. Буга чейин болсо Өзбекстан такталган, бирок талаштуу айрым участокторду кайрадан карап чыгалы деген позицияны карманып келген эле. Биз болсо буга макул болгон эмеспиз.

Муз козголду...

Искандаровдун айтымында, иштин ордунун жылышына Өзбекстан тараптагы чек ара аныктоо боюнча комиссиянын төрагасынын алмашышы себеп болгон. Антпесе буга чейин комиссия чек ара аныктоодогу керектүү документтерди сунуштабай, ишти создуктуруп келген экен:

- Биз тараптан керектүү документтер берилген. Өзбекстан болсо эмнегедир мурдагы 3 жолугушууда документти бербей создуктуруп келет. Эми комиссиянын жаңы төрагасына биз мурда ушундай болгон, кийинкисинде бардык документтериңерди алып келгиле деген талап койдук.

Өкмөт аралык комиссия "муз ордунан жылды, эми тактала элек аймактарда иш башталат" деп убада бергени менен буга ишенбей алардын ишинин чабалдыгы үчүн сындагандар арбын. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Кочкоровдун айтымында, чек араны тактоо мурдагы бийликтердин шалаакылыгынан кечеңдеп келген болсо, акыркы учурда активдүү иш башталды деген менен деле көңүлкош мамиле уланып жатат:

- Чек ара маселесинде чабалдык кылып жатабыз. Күчүбүз жетпечүдөй болуп эле биздин тарапка чечилчү жерлерге деле кол шилтеп, чечкиндүү аракет көрө албай келатабыз. Биздин органдар жергиликтүү органдар менен тыгыз иштебей, бирдиктүү чара көрбөй жатат. Экинчиден, ар кандай чыр-чатактан качып эле, мен иштеген учурда түшүнбөстүк болбой эле койсунчу деп чечкиндүү чаралардан качып келишет.

Кыргызстан сырткы чек араларын Кытай жана Казакстан менен биротоло тактап, бекитип бүткөн. Коңшулар арасынан Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара тактала элек.

Өзбекстан менен Кыргызстан ортосундагы бир жарым миң чакырымга тете чек ара сызыгынын 300дөй чакырымы талаштуу болсо, Тажикстан менен 970 чакырымдан ашык болгон аймактын жарымы гана такталган. Талаштуу аймактарда маал-маал менен ар кыл себептерден улам чатактар орун алып келет.

ИИМдин маалыматы боюнча жыл башынан бери Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен аймактарда беш, кыргыз-өзбек чек арасында төрт жаңжал катталды.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG