Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Алберт Эйнштейндин 100 жыл мурдагы салыштырмалуулук теориясын тастыктаган илимий ачылыш жасалды. Эйнштейн белгилеген гравитациялык толкундар Аалам мейкиндигинде бар экен.

АКШдагы LIGO обсерваториясында гравитациялык толкундар былтыр 14-сентябрда катталып, ал тууралуу дүйнө коомчулугуна 11-февралда жарыяланды. Илимий ачылыштын практикалык мааниси жөнүндө физика-математика илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Шаршен Жусубакунов ой бөлүштү.

“Азаттык”: Гравитациялык толкундар Аалам мейкиндигинде бар экенин тастыктаган илимий ачылыш чоң эл аралык кызыгууну жаратты. Анын себеби эмне? Бул өзү эмне болгон нерсе?

Шаршен Жусубакунов: Дүйнө окумуштууларынын гравитациялык толкундардын пайда болуусу жөнүндөгү окууга кызыгуу себеби - гравитациялык толкундун бар экенине байланыштуу. Гиганттык, массалары өтө чоң эки планетанын же жылдыздардын кагылыштарынан келип чыккан толкундар гравитациялык толкундардын булактары болууда. Алар: 1) Массалары чоң, ылдамдануусу өтө тез эмес учурда

Алберт Эйнштейн

Алберт Эйнштейн

көрүнөт; 2) Массалары чоң, бир бирине жакындаганда өтө чоң ылдамдыкка келген эки системанын кагылышынан пайда болгон толкундар. Бул экөө бири-биринен кандай айырмаланат? Массасы чоң, бирок ылдамдыгы азыраак болгон учурда алардын толкундарынын таралышы бизге чейин жетпейт. Себеби алар галактиканы аралап келатканда көптөгөн жутууларга дуушар болушат. А гравитациялык талаа пайда болгон кезде бул эки чоң гигант кагылышат жана алар бири-бирине кошулуп кеткенде чоң толкунду жаратып, жарык нурун чыгарышат. Ошол мезгилде пайда болгон толкунду кабыл алуу биз үчүн жеңилирээк. Анткени алар толкун эле жаратпастан жарык да бөлөт. Алдагы жарык абсолюттук кара нерсеге (телого) жакын экени айтылууда. Ал Планк формуласына баш ийет жана инфракызыл нурга жакын. Бул гравитациялык толкундун булагы саналат. Гравитациялык толкундарды кабыл алгычтар бир эмес эки жерде турушу керек. Гравитациялык толкундар алгач 1970-жылы катталган. Илимий ачылыш үчүн Нобель сыйлыгына татыган америкалык эки физик (Джо Тейлор жана Рассел Халс) эки пульсардын1 бири-бирине жакындоо учурунда да гравитациялык толкундарды жарата турганын айтышкан. Бул Алберт Эйнштейндин жалпы теориясына дал келип турат.

Азаттык”: Гравитациялык толкун жана гравитациялык мейкиндик деген термин чогуу айтылууда. Бул кубулушту кээ бир илимий журналдарда мейкиндиктеги убакыттын козголоңу же гравитациялык убакыт деп аташты. Гравитациялык толкун менен гравитациялык талаанын эмне айырмасы жана кандай окшоштугу бар?

Шаршен Жусубакунов: Аалам мейкиндигинде биздин көзүбүзгө көрүнө турган жана биз анын бети менен чуркай ала турган аянт жок. Гравитациялык бет деп толкун тараган эле мейкиндик айтылууда. Гравитациялык толкун тараган учурда анын бурчтарын кандайдыр бир түз деп карасак, анда бурчтар жана ийилүүлөр пайда болот. Ошол маалда убакыт менен талаанын өзгөрүшү пайда болгондуктан мейкиндик жана убакыт деген түшүнүктү жаратууда.

“Азаттык”: Гравитациялык мейкиндикти Американын обсерваториясы байкаган. Бул кубулушту изилдөөгө Италиянын, Кытайдын, Индиянын илимий академиялары кызыгып, ушул долбоорго катышабыз дешүүдө. Евробиримдикти айтпай эле койолу. Мындай кызыгуунун эмне максаты бар?

Шаршен Жусубакунов: Ал долбоорго катышуунун пайдасы өтө эле чоң. Сиз атаган өлкөлөр космоско обсерватория курганга умтулушууда. Себеби, биринчиден, ал жакта бөтөн ызы-чуулар жок, кабыл алгычка бөлөк нерселер таасир этпейт. Экинчиден, ал жак кадимки эле ваакум. Азыр биз жерде колдонуп жаткан кадимки кабыл алгычтар космоско жарабайт. Радиотолкундарды, башкача айтканда, төмөнкү жыштыктарды кабыл алчу кабыл алгычтар керек экенин окумуштуулар билишпедиби. Ошого космостук обсерватория илимдин өнүгүшүнө алып барат, илимге чоң салым кошот.

Үчүнчүдөн, космосто мындай гравитациялык толкундар качан тарайт деп күтүп отуруштун кереги жок болот. Себеби гравитациялык толкундардын айлануу мезгилдери бири-бирине дал келип, бири экинчиси менен кагылышып, бири-бирин жутканга чейин көп убакыт керек. Аны күтүп отуруп биздин да өмүрүбүз өтүп кетиши мүмкүн. Ошон үчүн космостук обсерваториялар убакыт боюнча да, мейкиндик боюнча да баарын аныктай алышат. Баарын көрүп турушат. Бул адамзатка терс таасир берчү жагдайлардан алдын ала коргонууга мүмкүндүк түзөт.

1Пульсар (англисче, рulsar) туруктуу аралыкта Ааламга (Жер бетине чейин) радио (радио-пульсар), оптикалык (оптикалык пульсар), рентгендик (рентгендик пульсарды) же гаммалык (гамма-пульсар) импульстарды (толкундарды) таркатып турчу космостук (жылдыз) булак.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG