Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:46

Ооганстандагы абал ЖККУну ойго салды


ЖККУнун онлайн форматта өткөн жыйыны.
ЖККУнун онлайн форматта өткөн жыйыны.

23-августта Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчылары Ооганстандагы абалды жана анын чөлкөмгө тийгизчү таасирин онлайн форматта талкуулады. Бир күн мурда Орусиянын президенти Владимир Путин Батыштын талибдердин режиминен качкан оогандыктарды АКШ жана Европага виза алганга чейин Борбор Азияга жайгаштыруу сунушун сындаган.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын онлайн форматта өткөн жыйынынын күн тартибинде жалгыз Ооганстан маселеси болду. Талкууга Өзбекстандын президенти байкоочу катары катышты.

Орус президенти Владимир Путин Ооганстандагы абалдан улам радикал исламчылардын уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичине киришине, жарандарды өз катарына тартышына жол бербөө керектигин белгиледи. Путин ооган наркотрафигинин көйгөйү дагы эле курч экенин, мындан улам окуя кандай өнүгөрүн тыкыр көзөмөлдөө зарылдыгын айткан.

"Ислам мамлекети" террордук уюмунун Ооганстандагы күчтүү позициясы ЖККУга мүчө өлкөлөр үчүн коркунуч туудурарын белгилеген.

Президент Садыр Жапаров коркунучтарга өз убагында адекваттуу жооп берүү үчүн биргелешип, жамааттык чараларды бириктирүү зарылдыгын айтты.

ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась мамлекет башчыларынын онлайн талкуусунун жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын өткөрүп жатып буларга токтолду.

Станислав Зась
Станислав Зась

"Жер-жерлерде талибдерге каршы чыгып жаткан аракеттер Ооганстанда узакка созулган жарандык согушка алып келиши ыктымал. Бул жагдайдын Ооганстан эле эмес, аны курчап турган чоң аймактын коопсуздугуна келтирген кесепети кандай болорун айтуу кыйын. Буга байланыштуу өлкөдө кан төгүүнү токтотууга бөгөт коюу жана качкындардын көзөмөлсүз агымын, наркотрафик, диний фундаментализм идеяларын жайылтууга бөгөт коюу үчүн, мындан ары кан төгүүнү болтурбоо жана диалогду жакшыртуу зарыл. Жалпысынан кезексиз сессияда ЖККУнун мүчө-мамлекеттиринин, баарынан мурда Борбор Азиянын коопсуздугун күчөтүү боюнча кошумча чара көрүү сунушталды. Бул жылы тажик-ооган чек арасын бекемдөө чаралары каралды. Бул багытта Тажикстанга техникалык жактан жардам зарыл".

1-9-сентябрь күндөрү Ооганстандагы абалга байланыштуу ЖККУнун Борбор Азиядагы жамааттык ыкчам күчтөрүнүн "Чек ара - 2021" аттуу машуугуулары өтөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын "РИА Новости" маалымат агенттигине билдирген.

ЖККУнун кезектеги саммити 16-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтөт.

Путиндин качкындарга камтамасы

Орусиянын президенти Владимир Путин жекшембиде “Бирдиктүү Орусия” партиясынын мүчөлөрүнүн алдында сүйлөп жатып, Батыштын талибдердин режиминен качкан оогандыктарды АКШ жана Европага виза алганга чейин Борбор Азияга жайгаштыруу сунушун сындады. Орус президенти муну “Орусиянын коопсуздугуна коркунуч” деп атады.

“Биздин Борбор Азия мамлекеттери менен виза чектөөлөрү жок. Жүздөгөн, миңдеген, мүмкүн миллиондогон качкындар бул мамлекеттердин каалаганына кириши мүмкүн. Ал качкындар ким экенин каяктан билебиз? Чек арадан бери унаага же эшекке отуруп алып талаа менен келе берет. Биз качкын атын жамынган жоочулардын пайда болушун каалабайбыз”.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен оогандык качкындарга транзиттик аймак болуп берүүгө макул болгон мамлекеттерди санап жатып, Борбор Азиядагы Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан макул болгонун билдирген.

АКШ бийлиги "Талибан" кыймылы Кабулдагы бийликти ала электе эле Ооганстандан качкындарды кабыл алуу маселесин Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан менен сүйлөшүп жатканын кабарлаган. Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов АКШ качкындарды кабыл алуу үчүн Кыргызстанга расмий кайрылбаганын билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Ооганстандагы абал күндөн-күнгө күчөп жаткандыктан Орусиянын президентинин кооптонуусунда негиз бар деп эсептейт.

“Путиндин айтканы абдан туура. Миңдеген качкындар келсе алардын арасында кимдер бар, ким кепилдик берет? Экинчиден пандемия шартында алардын келиши эпидемиологиялык абалга кандай таасир этет? Качкындардын саны күндөн-күнгө көбөйө баштайт. Анткени Ооганстанда ич ара согуш башталып, талибдерге каршы альянс түзүлүп каршылык көрсөтүлүп жатпайбы. Качкындар каякка качат? Сөзсүз кошуна мамлекеттерге качат. Коркунучтарды эске алуу менен эл аралык милдеттенмелерди өлкө кызыкчылыгына жараша аткаруу керек”.

Ооганстандагы абал курчуганына байланыштуу кыргыз бийлиги Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча Конвенциясына мүчө өлкө катары Ооганстандагы памирлик 1200дөй кыргызды кабыл аларын билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза берүүгө даяр деп билдирүү тараткан.

Кыргызстан качкындарды кабыл алууга даяр эмес экенин айткан мурдагы дипломат Азат Эркебаев эл аралык милдеттенмелерин аткарбай коюу өлкөнүн репутациясына дагы көлөкө түшүрө турганын белгиледи.

Азат Эркебаев
Азат Эркебаев

“Кыргызстандын социалдык-экономикалык абалы белгилүү. Ошондуктан көп качкынды кабыл ала албайбыз. Кабыл алсак бизге оорчулук келтирет. Эгер мамлекет катары эл аралык милдеттенмелерди аткарабыз десек кыргыз бийлиги буга чейин жарыя кылган студенттерге виза берүү сыяктуу жардам колун сунуп турганыбыз оң. Эстония, Грузия, 30-60 качкын кабыл алабыз дегендей, биз да шартыбызга, алыбызга жараша чечим кабыл алсак туура болот. Бирок качкындар боюнча чечим кабыл аларда приоритеттерди туура коюп, биринчи кезекте этникалык кыргыздардан каалоочулар болсо, ошолордон башташ керек".

Кыргызстанга азырынча Ооганстандан качкындар келе элек жана Кыргызстандын аймагы аркылуу эвакуация болгон учур дагы жок. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы Кыргызстанда "оогандык качкындар жүрөт" деген сөздү четке каккан.

Тышкы иштер министрлиги 23-августта Ооганстандагы абалдан улам дипломаттар жана расмий делегация мүчөлөрүнөн башка ооган жарандарына виза берүүдө чектөөлөр киргизилгенин жарыялады.

Мындай чара Ооганстандагы соңку аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын аймагына кирбеши керек болгон адамдардын өтүүсүнө жана баш калка издеп жаткандардын жапырт кирип келүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынган.

Саясий эксперт Эсенбек Өмүракунов Ооганстандан качкан качкындар Кыргызстандан башпаанек сураса, эшикти бекитип алуу туура эмес болот деген пикирде.

Эсенбек Өмүракунов
Эсенбек Өмүракунов

“Эл аралык келишимдерди эске алуу менен качкындарды кабыл алып туруу керек деп ойлойм. Карып болгон элди кабыл алып, жардам колун сунуу адамдыкка, кыргызчылыкка, мусулманчылыкка дагы туура келет. Албетте колубуздан келишинче жардам кылышыбыз керек. Эл аралык уюмдар каржы маселесин чечип берип жатпайбы. Көбү батыш өлкөлөрүнө кетет, бирок кетпей калганы деле коркунучтуу эмес. Кан алмашып, интеграция болуу жакшы нерсе. Ал эми качкындарга кошулуп экстремисттердин өтүп келишине атайын органдар бөгөт коюш керек”.

"Талибан" кыймылы 15-августта Кабулду алгандан кийин, жүз миңдеген жай тургун качууга аргасыз болду. АКШ президенти Жо Байден 14-августтан бери Кабул эл аралык аэропорту аркылуу 28 миң киши Ооганстандан чыгарылганын билдирди.

Өзбекстан Ооганстандан качып келген миңден ашык жаранга убактылуу башпаанек бергени кабарланды. Муну менен катар Ооганстандан 2000дей чет өлкөлүк Өзбекстан аркылуу эвакуацияланды.

ЖККУ уюму 1992-жылы "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту, туруктуулукту бекемдөө, жамааттык негизде коргонуу" максатында түзүлгөн. Ага Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG