Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Прагадагы кыргыз дизайнеринин кыялы


Салтанат Керезова
Салтанат Керезова

Прага шаарында өтүп жаткан Prague Design Week деп аталган дизайн көргөзмөсүнө кыргызстандык Салтанат Керезова дагы катышууда. Чехиянын борбору Прагадагы Техникалык университеттин архитектура бөлүмүндө билим алган Салтанат көргөзмөгө жыгачтан жасалган шам чырактарды койгон.

Эски Праганын тарыхый борборундагы атактуу жазуучу Франц Кафканын үйүндө өтүп жаткан дизайнерлердин көргөзмөсүнөн Салтанат Керезова менен бири-бирибизди алыстан эле таанып, бир туугандай кездештик. Жыгачтан жасалган шам чырактарга кызыгуу менен караган көргөзмөнүн конокторуна мекендешибиз англис жана чех тилинде эркин сүйлөп, жылмаюу менен тосуп алып, баарын жан дилинен түшүндүрүп жатты.

- Бул шам чырактар менин дизайным боюнча жасалган. Жыгачтан жасалып, суу менен кесилген. Мен өз колуман чыккан буюмдарды бионика стилинде жасайм. Биониканы жаратылыш менен архитектуранын айкалышы деп түшүндүрсө болот. Көбүнчө бардык формалар жана идеялар жаратылыштагы табигый көрүнүштөрдөн алынат. Мисалы, мен жакшы көргөн бул чырак Прагадагы “Танцующий дом”, же болбосо “Бийлеген үйдүн” имаратына түспөл жасалган.

Салтанат Керезова жасаган буюмдар
Салтанат Керезова жасаган буюмдар

Prague Design Week чехтердин жумуриятынын борборунда үч жылдан бери өткөрүлүп жаткан маданий иш-чара. Быйыл көргөзмөгө 100гө жакын чеберлер-дизайнерлер түрдүү материалдардан жасалган көркөм буюмдарын алып келишкен. Көргөзмөгө катышуучуларга талап күчтүү, андыктан Салтанат ага бир жыл бою даярданган.

Каарманыбыз Прагадагы Техникалык университеттин архитектура бөлүмүнүн студенти, ошондой эле Жогорку экономика мектебинде дагы кошумча билим алууда. Буга чейин Бишкектеги Кыргыз-орус славян университетин бүтүргөн. Алгач Прагага келгенде бир жыл бою чех тилин үйрөнүп, аны мыкты өздөштүргөндөн кийин гана жогорку окуу жайга тапшырууга эшик ачылган.

Салтанаттын шам чырактары
Салтанаттын шам чырактары

- Мен окуудан тышкары зер буюмдарды саткан дүкөндө иштейм. Бул жакта өзүмдү-өзүм камсыз кылам. Иштеген жеримде студент кыздар көбүрөөк болгондуктан, бизге жетекчилик бош убакыт болгондо өз алдынча сабактарга даярданууга уруксат берет. Мен көбүнчө буюмдардын дизайнын жумушта отуруп ойлоп табам. Мен сүрөт тартканда, бир нерсенин дизайнын ойлоп тапканда өзүнчө рахат алам. Окуп, иштегенден эч чарчабайм! Өзүңө жаккан ишти кылсаң, сага дем-күч кайдан келип жатканын дагы билбей каласың.

Прага шаарында учурда 200дөй кыргызстандык жаштар окуп иштешет. Көпчүлүгү европалык окуу жайларда билим алган студенттер, алардын арасында ийгиликке жетишкендер дагы арбын.

Праганын толтосундагы эл аралык көргөзмөгө келген туристтер менен шаар тургундарынын агымы күчөгөндө, Ата Журтунан алыcтa балалык кыялдарын орундатып, алдыга умтулган кыргыз жаштарынын жаңы муунунун өкүлү Салтанатка ийгилик каалап биз дагы жол уладык.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG