Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:12

Быжыны жана сүйүүнү даңктаган шотланд акыны


Роберт Бернс (25-январь 1759 – 21-июль 1796), Шотландиянын улуу акыны.
Роберт Бернс (25-январь 1759 – 21-июль 1796), Шотландиянын улуу акыны.

Акын үчүн жазган ырларын эли унутпай окуп тургандан артык сыймык барбы! Мындай урматка тирүүсүндө Шотландиянын улуу акыны деп таанылган Роберт Бернс ээ болгон.

Анын кадимки быжы жөнүндөгү одасы 1802-жылдан бери жыл сайын 25-январда Шотландиянын улуттук майрамында жаңырат.

25-январь - Шотландиянын улуттук майрамы. Бул күнү кечинде шотланддар кадимки кыргыз тамагы быжыны жешет. Алардын быжысы койдун ичеги кардына, өпкө-бооруна, куйрук майына пияз жана талкан кошулуп жасалат.

Бул күнү шотланддар улуу акыны Роберт Бернстин туулган күнүн да майрамдашат. 1802-жылдан бери. Шотланддар быжысын жеп, вискисин ичип, тойлоп жатышканда дүйнөгө даңктуу уулу Роберт Бернстин быжыны даңазалаган ыры үйлөмө чаначтын авазынын коштоосунда ободо созолонуп турат. Ал ыр “Шотланддардын пудинги Хагисске ода” деп аталат.

Роберт Бернс одада лира мага кызмат кылып турганда табактагы жыты таноону кытыгылап, шилекей агызып турган быжылардын султаны - шотландиялыктардын Хагисин, аны жеп жаткан адамдардын жыгач кашыктарынын кулакка жумшак добушун, быжынын сорпосунун жанга берген күч-кубатын ырдай берем деп, быжы үчүн Теңирди алкап, алкышын айтат.

Быжыны жана сүйүүнү даңктаган шотланд акыны
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:13 0:00

Роберт Бернс эрди-зайып Уильям жана Агнес Бернстин жети баласынын туну. Ал 1759-жылы 25-январда туулган. 27 жашында Роберттин биринчи китеби шотланд диалектинде жарыкка чыккандан кийин ал Эдинбургдун поэзия чөйрөсүндө Шотландиянын болочокку даркан акыны деп макталат. Ал ыр жазуу менен катар эле шотландиялык элдик ырларды эч калем акысы жок бекер чогулткан, кайра иштеп чыккан. Себеби, жаш акын фольклорду жыйноону өз милдети катары көргөн. Шотланд жана англис тилдеринде бирдей жазган Бернстин махабат майданындагы эрдиктерин анын селкилерге жазган сүйүү каттары, никесиз төрөлгөн үч баласына аталыгын сотто мойнуна алганы (анын никесиз төрөлгөн үч кызынын тең аттары Элизабет) жана катынпоз акындын ыр-поэмалары тастыктайт.

“Сүйүүнүн көзү жок” деген лакап он үч баланы тарбиялап жаткан жесир зайыпка жанын чаап ашык болгон Роберт Бернске да таандык. Мыйзамдуу жары Жин Амурдан төрт бала көрөт. Сүйүүгө "март" Роберт Бернстин урпактарынын саны 600дөн ашканы качан.

Шотландиядагы байыркы сепил.
Шотландиядагы байыркы сепил.

Шотландиялык акындын “Жүрөгүм менин тоолордо” деген ырлар жана балладалар жыйнагы кыргыз тилинде 1978-жылы жарык көргөн. Жыйнакты бүгүнкү Эл акындары Омор Султанов, Анатай Өмүрканов жана маркум Медетбек Сейталиев которгон. Анатай Өмүркановдун айтуусунда, үч шайыр Роберт Бернстин ырларын которуп, кыргыз элин дүйнөлүк поэзиянын мыкты үлгүлөрү менен тааныштырууну каалаган:

- Котормо өнөрү, Орто Азияда, айрыкча, кыргыздарда мыкты болчу. Мунун себеби, кыргыз акындарынын мээнетине байланыштуу. Максатыбыз дүйнөнүн мыкты акын-жазуучуларынын чыгармалары менен кыргыз элин тааныштыруу болчу. Роберт Бернстин тематикасы да кыргыз турмушуна жакын: тоолор, талаалар, улуттук ар намыс. Мунун баары Роберттин ырларында чагылдырылган. Ошону биз чоң сүйүү, берилүү менен которгонбуз. Турар Кожомбердиев 1970-жылдары немец акыны Генрих Гейненин ырларын өзүнчө которуп чыгарган. Азыр андай максаттардын далайы талаада калды. Котормо өнөрү да Кыргызстанда өспөй-өнбөй туруп калды. Азыр Бернсти окугандар деле жокко эсе болуш керек. Мен кыргыз окурмандардан, кыргыздын жаш акындарынын Роберт Бернс сонун акын деп тамшанып жүргөндөрүн көрө элекмин.

Анатай Өмүрканов шотландиялык акынды сүйүү ырларынын кудайы, нукура элдик акын деп баалайт:

- Сен айткандай, Роберт Бернсте бүт баары бар. Ал турган турпаты, жазган ырлары боюнча накта элдик акын. Болгондо да тоонун акыны. Ошон үчүн улуу акын. Кичинекей элдин улуу акыны. Өзү да, кыргызча айтканда, төкмө болуп, бардагы үлпөттөрдө же той-топурда кошуп ырдап жиберген. Ал сүйүү ырларынын кудайындай да... Роберт Бернс сулуу кыздын аппак денесин, төшүн Шотландиянын тоолоруна, адырларына салыштырып жатпайбы?! Мына ошону Евгений Евтушенко (белгилүү орус акыны, орус поэзиясы боюнча бир нече тандалма жыйнактын түзүүчүсү жана редактору-ред. ) мактап, Бернс аркылуу орус поэзиясына жаңыча образ келди деп жазган. Анын “Тем Глен” деген ыры дүйнөлүк поэзиянын берметтерине кирет.

Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов атаган алдагы ырда мындай керемет саптар бар.

- Айтсаңчы кеңеш, жеңекем,

- Азапка түшкөн мен белем!

- Көнбөсө да ата-энем,

- Баарынан сүйкүм Тем Глен!

............................

- Көкүл байлап үмүтүм

- Кыялым согот түр килем.

- Үч жолу төлгө тарттырдым,

- Үчөө тең чыкты Тем Глен!

(М. Сейталиевдин котормосу)

Роберт Бернстин бул жалгандагы өмүрү кыска болду. Ал 37 жашында дүйнөдөн өтүп кетти. Бирок акын көзүнүн тирүсүндө эле Шотландиянын улуттук акыны болуп таанылат. Акындын ырларын анын каармандары: чөп чапкан дыйкандар, буудай тарткан тегирменчилер, ашыглык отуна күйгөн селкилер менен махабатка мас бозойлор, жер кезген селсаяктар, күйөөсүн күткөн зайыптар, жоо бетиндеги эр-азаматтар жатка билишет. Ал ырлардын кээ бирлерин окурман, сиз да билесиз. Кыргыз тилинде болбосо да орус тилинде уккансыз. Мисалы, Роберт Бернстин “Моей душе нет покоя” деген ыры Алиса Фрейндлихтин аткаруусунда жакында арабыздан өткөн Эльдар Рязанов тарткан “Служебный роман” көркөм фильминде жаңырат. Же үйлөнгүсү келген жигиттин тамаша түрүндөгү арзуу ырын (“Наш старый дом”) ырчы, акын-композитор Александр Градскийдин аткаруусунда уккан болушуңуз мүмкүн:

- Мне нужна жена-

- Лучше или хуже,
- Лишь была бы женщиной,

- Женщиной без мужа.
- Толстая, худая –

- Это все равно,

.....................

- Если молодая,

- Буду счастлив с нею,

- Если же старуха,

- Раньше овдовею.

.............................

Орус окурмандары Роберт Бернстин чыгармаларын негизинен акын, адабиятчы, балдар жазуучусу, көйкашка котормочу Самуил Маршак аркылуу билишет. Шотланд акынынын ыр-балладалары 40 жылдай мурда кыргыз тилине дал ошол Маршактын котормолорунан оодарылган. Тилекке каршы, андан бери Бернстин ырлары кыргыз тилинде башка басылбады.

Роберт Бернстин “Скотс ви хий” деп аталган ыры узак жылдар шотланд элинин расмий эмес улуттук гимни болгон. Бул ыр кыргыз тилинде “Брюс-шотландыктарга” деп аталып, акын Анатай Өмүрканов тарабынан которулган.

Көзүнүн тирүүсүндө эле Шотландиянын улуттук акыны деп эл тааныган Роберт Бернстин ырлары, балладалары, поэмалары жана эппиграммалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Анын сүрөтү акча жана монета бетине басылып, эчендеген өлкөлөрдө маркалар чыккан. Бирок Бернстин чыгармаларынын толук жыйнагы Британияда 1965-жылы гана жарык көрөт. Ал “Каледониянын шаңдуу музасы” деп аталат. Каледония - бүгүнкү Шотландиянын байыркы аты.

25-январда шотландиялактар улут күнүн белгилеген күнү улуу акыны Роберт Бернстин быжы жөнүндөгү одасын ырдап, быжы жешет. Акын үчүн анын ырларын эли унутпай окуп жана ырдап жүргөндөн артык эстелик барбы! Бул күнү шотландиялыктар өмүрү 37 жашында үзүлгөн акындын туулган күнүн расмий түрдө эскеришет.

XS
SM
MD
LG