Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:22

Орусияда жогорку чиновниктер жашарбайт


Орусияда президент Владимир Путин жетекчи кызматта тургандардын эмгек курагын азыркы 60 жаштан 70ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун сунуштады. Эгер бул демилге ишке ашып, мыйзам менен бекемделсе, мурдагы президент Дмитрий Медведевдин саясий элитаны “жашартуу” аракетинде баштаган реформалары ара жолдо калган болот.

Кремлдин мыйзам долбооруна кошо тиркеген түшүндүрмөсүнө караганда, Орусия бийликтегилердин эмгек жашын көтөрүүгө “кесиптик чеберчилиги жогору жетектөөчү кадрдык курамды сактап калуу максатында” барууда.

Президент Владимир Путиндин администрациясы анын атынан Мамлекеттик думага жолдогон мыйзам боюнча бюрократиянын жогорку тепкичиндегилердин пенсияга чыгуу курагы азыркы 60тан 70ке көтөрүлөт.

Бул демилгенинин ички жана тышкы байкоочулардын көңүлүн бурдуруп жатканы - эки жыл мурда эле андагы президент Дмитрий Медведев Орусиянын саясий элитасын “жашартуу” аракетинде баштаган реформаларга карама-каршы турганы.

Москвалык саясат таануучу Евгений Минченко “Азаттыкка” курган маегинде Кремлдин жаңы демилгесин президент Путиндин башкаруудагы консервативдик ыкмасы менен байланыштырды:

- Ага көнгөн адамдары менен иштешүү ыңгайлуу. Владимир Владимировичтин башкаруу стили кыйла консервативдик. Кремлде бул демилгеге медиядан чоң реакция болот деп күтүшкөн эмес, тынч өтүп кетет деп ойлошкон. Бирок Путин менен бирге келгендер акыр –аягына чейин отуруп, андан кийин алардын ордуна балдары келген кырдаал коомдо чыңалуу жаратат. Элита арасындагы ички нааразычылыкты күчөтөт. Жалпы саясий жана экономикалык абал курчуса, бул ачыкка чыгып кетиши да мүмкүн.

Кремль сунуштаган мыйзам Орусияда бийликтин “А” категориясына кирген кызматтарды ээлегендерге тиешелүү.

Бул министрлерди, мамлекеттик агенттиктердин башчылары менен алардын орун басарларын, президенттин федералдык округдардагы өкүлдөрүн, администрациянын бөлүм башчыларын, президенттин кеңешчилерин, Мамлекеттик думанын эки палатасынын депутаттарын, губернатордук корпусту камтыйт.

Учурдагы мыйзам боюнча алар 60 жаштан пенсияга чыгат, президент ишеним көрсөтсө дагы беш жыл, 65ке чейин иштей алышат.

Орусиянын Илимдер академиясында элита проблемасын иликтеген социолог Ольга Крыштановскаянын айтымында, азыркы өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин президенттик кылган акыркы эки жылда элитаны “жашартуу” реформасы тез кетип, облус губернаторлорунун орточо жашы бир жылда эле он төрткө ылдыйлаган.

Бирок бул демилгени саясий класстын басымдуу бөлүгү чочулоо жана кооптонуу менен кабыл алып, элита ичинде ажырым башталган.

Социолог Крыштановская “Азаттык” радиосу менен маегинде белгилегендей, парламенттик жана президенттик шайлолордон кийин азыр Орусияда оппозиция күч алган шартта, Путин ошол эски элитанын колдоосун чыңдашы керек:

- Анын алдында диллема турат. Эгер ал саясий таптын колдоосунан айрылса, таяна турган эч ким калбайт. Анткени шайлоолор менен байланышкан легитимдүүлүк кризиси өз кезегинде саясий кризисти жаратты. Путин саясий тапка ачык кол созуп жатат. Өзүн алардын коргоочусу экендигин көрсөтүүдө. Эгер коом козголсо, элита ичинде ажырым башталса, анда ыңкылаптан качууга болбойт. Президент же элге таянуусу же бюрократияга таянуусу керек. Тилекке каршы бул жерде тигилерди да, буларды да канааттандыргыдай вариант аз.

Социолог Ольга Крыштановская кезинде СССР президенти Михаил Горбачев саясий таптан жаш күчтөргө басым жасоо менен жалпы элитанын колдоосунан айрылганын, мындай жараян мурдагы президент Борис Ельциндин тушунда да болгонун эске салып, азыр Кремлде “кайыкты чайпоо жараянын” кантип токтотууну олуттуу ойлонуп жатышканын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG