Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:27

Банк мага «Таажы вирусун жугузба!» деди


«Кудай урсун, мен коронавирус эмесмин!» (Азербайжандык азил сүрөт). 2020-жыл.
«Кудай урсун, мен коронавирус эмесмин!» (Азербайжандык азил сүрөт). 2020-жыл.

«Күлкү кербендин» кезектеги шиңгили таажы вирусуна (коронавируска) байланыштуу жаңы азилдерден турат.

Ар кандай вируска, анын ичинде таажы вирусуна каршы күрөштө да юмор өзгөчө дары. Анткени жаркын маанайдагы кишинин иммунитети ар дайым күчтүү болот. Алардын заманбап азилдери башкаларга да жагымдуу маанай тартуулайт.

* * * * *

- Коңшу көп кабат үйдө бир киши коронавируска байланыштуу набыт болуптур.

- «Байланыштуу» дегениң кандай? Вирус жугуптурбу?

- Жок. Ал коронавирустан коркуп ун, май, кант, туз, консерваларды өтө көп жыйып койгон ашканасындагы текче төбөсүнө кулап түшүп, жан таслим болуптур...

* * * * * * * *

- Коронавирустан чочулаган жаным «Кытайда жасалган» деген товарлардын баарын үйдөн сыртка ыргытып салдым эле...

- Анан?..

- Анан ошо... үй ичинде жылаңач дубал менен полдон башка дээрлик эчтеке калган жок.

* * * * *

- Дарыгерлер коронавируска каршы улам жаңы дары ойлоп таап жатышат.

- Жыйынтыгы барбы?

- Баары тең чөлкөмгө байланыштуу материалга негиздениптир: Шотландияда – виски, Грузияда – чача, Орусияда – водка, Түркияда – ракы, бизде...

- Жооп багытын түшүндүм.

* * * * *

- «Сиз эмнеге беткап тагынбастан сыртка чыгып жатасыз?» деп айтсам, чоң энем минтип көшөрүп жатпайбы: «Мен келчү жашка келдим. Азыр бөйрөктөгү таш, гипертония, простатит, дагы башка балан-байдыбан ооруларым бар. Коронавирус мага жетпестен, бул кезектин тээ куйругунда эле калат экен», - дейт жарыктык.

- А мен чоң атамды эптеп беткап тагынууга көндүрдүм.

- Кантип?

- «Эгерде киши коронавирустан өлсө, анда анын сөөгүн көмүүгө эл келбей коёт экен» десем, дароо беткап тагынды.

* * * * *

Одесса трамвайында бирөө жөтөлүп калса, жанындагы жүргүнчү чочуп кетиптир:

- Сизде коронавирус жок беле деги?

- Жок. Болгону кургак учуктун ачык түрү бар...

- О-ох, эс ала түшпөдүмбү!..

* * * * *

- Урматтуу калайык! Сиздер Арстан Алайдын айтканын уктуңуздар. Ал коронавирусту башка жакка үйлөп салыптыр. Биздин каарман дааватчылар да өлкөнүн булуң-бурчунда даават кылып, бакшыларыбыз тынбай дуба окуп, бул ооруну сыртка кубалап ташташты...

- Кечиресиз, сиз чын эле өлкөбүздүн Саламаттык сактоо министрлигинен келдиңизби?

- Чоң кыз, менин сөзүмдү бөлбөсөңүз. Бул – такмаза киришүү болчу да!..

* * * * *

- АКШдагылар коронавирусту Кытайдан чыккан деп жатышат. Кытайдагылар «муну америкалык чалгынчылар таркатып кетти» деп жатышат. Швециядагылар «бул катардагы тумоо» дешет экен. Деги, кимисине ишенебиз?

- Болсо болду, муну билсе, шаардагы чоң базардагылар эле аныгын таап билет!

* * * * *

- Банктагылар мага коронавирус жугузууга тыюу салышты.

- Эмнеге?

- Алардан чоң ипотекалык насыя алгам.

* * * * *

- Кошуна, арыбаңыз! Кандай жатасыз? Коронавирустун бул түрү да ойрон болуптур, эми карантин бүттү, куттуктайм!

- Опе-ей, бат элеби? Эми кампамдагы 10 тонна ун, 3 тонна күрүч, 1000 даана беткапты каякка кетирем, анда?

- Мен тамашалап эле жатам. Сизде ун, күрүч, беткап болсо, мага да кайрылышсаңыз!.. ​(TT)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG