Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

Кызынын жообуна генерал Чуйковдун жаалы келип...


"Күлкү кербени" совет доорундагы орус азилдеринен дагы бирди сунуштайт.

Сөз алды. Советтик генерал Василий Чуйков (1900-1982) Сталинградды коргогон айтылуу 62-армиянын (кийин 8-гвардиялык армиянын) колбашчысы болгон. Анын армиясы маршал Георгий Жуковдун (1896-1974) жетекчилигиндеги Биринчи Белорус фронтунун курамында Берлинди алууга катышкан. Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган соң, Чуйков ташы өйдө карай өрдөгөн аскер башчы болгон.

Ал эми маршал Жуковдун беделинин өскөнүнө кызганыч кылган Иосиф Сталин 1946-жылдын жай мезгилинен тартып аны кысымга алган. Ал түгүл Жуков “талап-тоногуч” (мародёр) катары сынга алынып, акыры 1946-жылы июнда Одесса аскер аймагынын башчылыгына төмөндөтүлүп, 1948-жылдан тартып Урал аскер аймагынын башчысы болуп калган. Сталин 1953-жылы кайтыш болгон соң, маршал Жуков 1955-57-жылдары СССРдин Коргоо министри болгон, кийин кайра кызматтан алынып, ардагер болуп калган.

1955-жылы “маршал” даражасын алган Василий Чуйков болсо 1960-64-жылдары СССРдин Коргоо министринин орун басары болгон.

Ал эми анекдотко айланган окуянын жөнү мындай.

Генерал Чуйковдун эрке кызы Нелли 1928-жылы туулган. Ал Москва мамлекеттик университетинин (ММУ) тарых факультетинде окууну самап, документтерин тапшырат. Эрке кыздын кылганы ушул да, албетте, кирүү сынагынан “2” деген баага татыйт.

Анан эртеси күнү ММУнун алдында офицерлер жайнап туруп калышат. Баягы сынак алган окутуучуларды деканга чакырышат. Алар келсе, декандын кабинетинде андан тышкары Василий Чуйков жана башка генералдар да күтүп турушкан экен.

Сынак алган профессордон эмне үчүн Советтер Союзунун Баатырынын кызы сынактан кулап калганын кадырлуу коноктордун көзүнчө сурашат.

‑ А сиздер кандай суроо берилгенин билесиздерби?

‑ Жок. Кандай суроо болчу? – деп генерал Чуйков кайра сурайт.

‑ “Сталинградды коргоону кайсы аскер башчы жетектеген?” деп сурадык.

‑ Кызыктуу суроо экен. Анан ал эмне деп жооп берди? – деп Чуйков кызыгат.

‑ Анын жообун өзүңүз эле андан сурап көрүңүзчү.

Чуйков кызына бурулуп, “жообуң кандай болду эле?” дегендей сураса, тигил кыз кыска гана үн катат:

‑ Жуков...

Ошондо ачуусу мурдунун учуна келе түшкөн генерал кызына кыйкырган экен:

‑ Дачага жөнө! Барып пол жуугун! Экинчи ушул жакка кайра басып келгениңди көрбөйүн!

(Бул – советтик доордон калган анекдот. Анын чын-төгүнү белгисиз).

Кошумча маалымат. Жуков 1943-жылдын башында Ленинград багытындагы согуштук аракеттерди жалпы жетектеген.

Ал эми Сталинград фронтун өтө маанилүү мезгилде – 1942-жылдын августунан 1943-жылдын февралына чейин - генерал Андрей Иванович Ерёменко (украинче: Андрій Іванович Єрьоменко; 1892—1970) жетектеген болчу. Бул фронттогу 62-армияны жетектеген генерал Чуйков – Сталинградды түздөн-түз коргогон колбашчы болгон. Чуйков ошондо эле Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөтүлүп, орто жолдон бул сыйлык Биринчи даражадагы Суворов орденине өзгөртүлгөн. Чуйков эки жолу (1944, 1945) Советтер Союзунун Баатыры наамын алган.

Анын кызы Нелли (мурдагы ысымы Нинель) Чуйкова кийинчерээк мурдагы СССРдин Коргоо эл комиссары, маршал Семён Тимошенконун уулу Константинге (1930—2004) турмушка чыккан.

(TT)

XS
SM
MD
LG