Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

Тажикстанда хижабга тыйуу салган бийликтердин аракети ийгиликсиз эле болбой, тетири натыйжасын бере баштады. Анткени азыр Душанбе шаарында хижаб эле эмес, никаб кийгендер көбөйдү.

18 жаштагы Фатима көзүнөн башка бүт жагын жапкан никаб кийе баштаганына көп деле болгон жок. Душанбелик бул кыз соңку мезгилдерде исламга катуу берилип, диний ишенимин чыңаш үчүн кийимин да алмаштырууну эп көргөн экен.

"Көчөдө баратсам, адамдар жаман көзү менен акырайып карашат, - дейт ал. - Кээ бирлери мени “ниньдзя” деп мыскылдашат. Бирок аларга көңүл бурбайм. Мындан менин динге ишенимим андан бетер курчуйт".

Фатиманы адамдар “ниньдзя” эле эмес, “ваххабист” да дешет экен. Тажикстанда көбүнчө диний экстремисттерди ушинтип атап коюшат.

Акыркы бир жылда тажик баш калаасы Душанбеде никаб кийген аялдар көбөйдү. Басымдуу бөлүгү - эми эле бойго жеткен кыздар. 2007-жылы Тажикстанда хижабды коомдук жайларда, мамлекеттик ишканаларда кийип жүргөнгө тыйуу салынган. Ошого карабай, соңку жылдары хижабчандардын саны артып баратат.

Өзгөдөн келген кийим

Хижаб, никабга караганда, ачыгыраак деп эсептелинет. Анда, жок дегенде, адамдын жүзүн көрсө болот.

Сурайо Набиева Хужанддагы мектептердин биринде сабак берет. “Мурда бийликтер хижабды “өөн учураган” нерсе деп келишти. Эми андан да өөнүрөөк никаб пайда болгондо, хижаб жеңилирээктей көрүнүп калды”, - дейт Набиева.

Жакында Белгияда мусулман аялдарга бети-башын толугу менен жапкан кийим кийгенге тыйуу салынды. Мына ушундай эле чаралар Францияда да талкууланып жатат. Бирок Тажикстанда буга тыйуу салынышы, айрым байкоочулардын айтымында, тетири натыйжа бериши мүмкүн.

Мусулмандар басымдуулук кылган Тажикстанда көпчүлүк никабды араптардан келген деп билет. Анткени сунни мусулмандарынын ханафи багытын карманган тажиктерде аял киши бетин да жаап жүрүшү талап кылынбайт, демек, никаб аларга бир аз жат учураган нерсе.

Конституциянын бузулушу

Үй-бүлө маселелери жана аялдардын укугун коргоо боюнча иштеп жүргөн Бахтиер Насруллоев - “хижабга тыйууну алып салыш керек” дегендердин бири.

"Бул өңдүү тыйуунун салынышы өлкөнүн Конституциясын эки башка нукта бузат, - деди Насруллоев. - Биринчиден, тажик мыйзамдарына ылайык, ар бир жаран өзү каалаган динди тутунганга укуктуу. Экинчиден, ар бир жаран билим алууга укугу бар. Аларды хижаб кийгени үчүн эле сабакка киргизбей коюшканы – тажик мыйзамдарын бузганга барабар".

Никабдан кийин хижаб жеңилирээктей көрүнүп калды
Өлкөдө хижабга тыйуу салынгандан бери университеттерден бир топ студент окуудан айдалды. Тажикстандын мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти Ганжина Шарифованы, маселен, өткөн аптада эле университеттен чыгарып жиберишкен.

"Мен университетке кирээрде дайыма жоолугумду чечип алып, жалаңбаш кирем. Кайра имараттан чыкканда хижабымды салынып алчумун. Бирок биздин деканыбыз мен жатаканага бараткан жерде хижаб кийгенимди көрүп калды", - дейт Шарифова.

Хижабга тыйуу салынышына каршы чыккан ата-энелер, радикал саясатчылар бар. Бир кыз Билим берүү министрлигин бул боюнча сотко да берди, бирок жеңилип калды.

Анткен менен, азыр Тажикстанда хижаб-никабды кийгенге болот дегендер да, болбойт дегендер да бир нерсени тана алышпайт - өлкөдө бети-башын чүмбөттөп жүргөндөр көбөйүп баратат. Болгондо да алардын көпчүлүгү - жаштар.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG