Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Кыйраган учактагы жүктүн сыры


16-январь, 2017-жыл
16-январь, 2017-жыл

38 адамдын өмүрүн жалмаган “Боинг-747” учагындагы 85 тонна жүктүн кимге таандык экени белгисиз бойдон калууда.

Ал арада кыйраган учактын ээси ACT авиакомпаниясынын Стамбулдагы өкүлү “Боинг-747” карго рейси "Манас” аба майданына жүк ташып баратканы тууралуу "Азаттыкка" телефон аркылуу маалымдаган.

Парламенттеги оппозиция Кыргызстандын өкмөтү учактагы сырдуу жүктүн чыныгы кожоюну тууралуу маалыматты жашырып жатканын айтып, ал бийлик калкалаган көмүскө аткезчилик болушу мүмкүн деген маселени көтөрдү.

Буга чейин өкмөт кыйраган учак “Манастан” май куюп, тыным алган соң кайра Стамбулга учмак деп билдирген эле. Кечке жуук транспорт министри Жамшитбек Калилов маалымат жыйынында өкмөттүн дарегине айтылган дооматты четке кагып, жүктүн каякка таандык экени белгилүү деди.

Күдүк ойго түрткөн суроолор

Парламентте кыйраган учактын конууга аракет жасаган абалы жана анын багыты боюнча өкмөттүн берген маалыматтары шек жаратып жатканы айтылды.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев парламентте кыйраган учактагы жүктүн кожоюндарын аныктоо боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, өкмөт кыйраган учактагы сырдуу жүктүн каякка багытталганы тууралуу ачык маалымат бере элек.

Стамбулдагы ACT авиакомпаниясынын маалыматына таянган Өмүрбек Текебаев кулаган учактагы каргашалуу жүктүн кожоюнун Бишкектен издөө демилгесин көтөрдү:

- Элдин убалына калган бул эмне деген жүк? Эмне үчүн муну жаап-жашырат? Анын артында ким турат? Биз мына ушунун бардыгын ачышыбыз керек. Менин колумдагы түркиялык компаниянын катында “май алмаштырууга муктаждык жок болчу, биз буюртма менен Бишкекке жүк ташып келгенбиз” деп айтып жатат. Биздин өкмөт “бул кыйраган учак май куйганга гана конуп, транзит менен Стамбулга учуп кете турган рейс болчу” деди. Ошол эле кезде түрктөр 52 жолу жүк ташып келгенин жазыптыр. Ошондо 100 тоннадан жүк ташып келгенде 5000 тоннага чукул жүк ташып келген болуп жатат.

Бул жерде кимдир бирөө көмүскө түрдө жең ичинен пайда көргөн. Эгерде бул жерде аткезчилик болуп, анан ошону жашырып жатышканы чын болсо. Бул жерден жанагы айтылган 50 рейс жүктү мисалга алганда эле болжол менен миллиард долларга жакын киреше таап жатышат. Ошол үчүн Кыргызстанда кара жол жана авиа каттамдар менен кирген аткезчилик товарлардын агымы бар деп бизге казактар менен орустар ишенбей жатышат.

Кыйраган учак жүгүнүн ээси ким?

Үйлөрдүн үстүнө кулап, адам курмандыктарына алып келген “Боинг-747” учагындагы 85 тонна жүктүн ээси ким экенин тергөө органдары текшере элек. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов “Азаттыкка” билдирди.

Кыйраган учакта электроника жабдуулары, планшеттер жана мобилдик телефондор сыяктуу товарлар бар экени белгилүү. Бирок ушул кезге чейин наркы болжол менен бир канча миллиондоп бааланган жүктүн ээси катары эч ким чыккан эмес. Мында бийликтеги кайсы бир таасирдүү чөйрөнүн коммерциялык кызыкчылыгы болушу мүмкүнбү деген суроону өкмөт мүчөлөрү четке кагышууда.

Абулгазиев: нускамалар боюнча тергөө тобу иштейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов жүк Кыргызстанга таандык эмес экенин айтып, анын калдыктары тергөөгө өткөрүлгөнүн төмөндөгүчө белгиледи:

- Жүк биздики эмес да. Аны биз тактаган да жокпуз. Аны тактоонун бизге кереги да жок. Жүктүн ээлери бизге чыккан жок. Алар жүктү ташып бараткан компанияга чыгышса керек. Кыйраган учактагы жүк бул жакка түшүшү керек экен эле дегендей маалыматтарды тактасак, мына азыр биз штабда отурабыз, андай маалымат жок экен. Мына ошол жүктү түшүрүүгө аба майданына эч кандай тапшырык да түшкөн эмес экен. Ал жүк өрттөнүп кеткен. Бир аз эле бөлүгүн биздин кызматкерлер чогултуп туруп, тергөө органдарына өткөрүп беришти. Мына ошол күнү өрт өчүрүлгөндөн кийин эле ачылган кылмыш ишине байланыштуу анын бардыгы тергөөгө тапшырылган.

Кыйраган учакта эмне жүк болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:35 0:00

“Боинг-747” учагы "Манас" аэропортуна атайын эле жүк түшүргөнү келгенин айткан Стамбулдагы АСТ авиакомпаниясынын өкүлү "Азаттыкка" күйүүчү май куюуга муктаждык болбогонун телефондон маалымдаган эле.

Ошондой эле АСТ авиакомпаниясынын 18-январдагы кагаз жүзүндөгү билдирүүсүндө анын кыйраган “Боинг 747” сыяктуу учактары менен Бишкектин башкы аба майданына буга чейин 52 ирет авиа жүк каттамдары аткарылганы көрсөтүлгөн.

Бирок буга чейин мына ошол авиакаттамдар менен ташылган жүктөрдүн канчасы Кыргызстандын бажы терминалынан каттоодон өткөнү же өтпөгөнү белгисиз.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов бул тууралуу толук маалымат бере албасын айтты:

- Мен азыр Москвада иш сапарда жүргөндүктөн бул тууралуу так айта албайм. Кайсы компания кандай жүк менен келгенин базадан карап чыгышыбыз керек. Ошондуктан мен ал компания туурасында так билбейм. Мен уккан маалымат боюнча ал учак май куюу үчүн “Манас” аба майданына конмок экен. Бирок негизи, авиакомпаниялар ар кандай иштейт да. Жанагындай карго рейс болгондо, жолдон ала кетчү же таштай кете турган жүктөр дагы болушу мүмкүн. Мына ошондой практика бар. Бирок мен ал компания тууралуу так билбейм.

Чукуев: түрк учагы “Манаска” май куюу үчүн конмок
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

Ошондой эле Стамбулдагы АСТ авиакомпаниясынын билдирүүсүндө кыйроого учураган авиакаттамды эки гана учкуч аткарганы айтылып, ​"Гонконг-Бишкек каттамындагы алты сааттык учуу иш мөөнөтүнө байланыштуу кошумча пилотко муктаждык жок болгон" деп түшүндүрүлөт.

Авиациянын эл аралык тажрыйбасында учкучтар абада алты сааттан ашуун учууга мүмкүн эмес. Узак авиакаттамдарда учуу алты сааттан өткөндө ал болжонгон аба майдандан май куюп, тыным алып, учкучтар алмаштырылат. Мына ошондуктан кыйроого учураган учактын багыты Бишкек болгону жана жүк Кыргызстанга таандык болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Анан калса авиакырсык болгон жерден табылган товарлардын нускамаларынын кыргыз жана орус тилдеринде болгону дагы көптөгөн күдүк ойлорду жаратты. Ошол эле кезде транспорт министри Жамшитбек Калилов кечке жуук маалымат жыйынында жүк Түркияга таандык экенин жана анын камсыздандырылганын айтып, билдирүү таратты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG