Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:39

Бүгүн СССРде акыркы саясий кризис ГКЧП төңкөрүшүнүн башталганына 25 жыл толду. Үч күнгө созулган капсалаңдуу окуялар Советтер союзунун курамындагы Кыргызстанды да сындан өткөрүп, республиканын жетекчилери өзүнүн көз карашын батыл билдирген.

Акыры бул окуя СССРдин тарашы жана анын курамындагы өлкөлөрдүн эгемендик алышын шарттады. ГКЧП окуялары Кыргызстандын саясий калыптануусуна кандай таасир тийгизди?

1991-жылдын 19-августундагы эскичил коммунисттердин мамлекеттик төңкөрүш аракетин Кыргыз советтик республикасы саясий активдүүлүк менен тосуп алган.

Бул окуяга чейин "Кыргызстан" Демократиялык кыймылы жигердүү иш алып барып, айкындуулук жараянынын желаргысы менен демократиялык кайра куруулар талабы ачык айтыла башталган.

Мына ушундай шартта Советтер Союзун сактап калууну максат кылган топтун Чукул кырдаал боюнча мамлекеттик комитет түзүп, бийликти колуна алуу аракетине кыргызстандыктар чөлкөмдөгү коңшулардан айырмаланып ачык каршы чыккан.

Ошол кезде “Азаттык” радиосунун Бишкектеги кабарчысы, тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин мындай кырдаалды өлкөдөгү саясий активдүүлүктүн жогору болгону менен байланыштырат:

КДК жыйыны маркум Табылды Эгембердиев жана Тынчтыкбек Чоротегин. 1991-жыл

КДК жыйыны маркум Табылды Эгембердиев жана Тынчтыкбек Чоротегин. 1991-жыл

- Бул кутум учурунда Кыргызстан башка Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмалуу тагдырды баштан өткөрдү. Себеби, бизде башкалардан өзгөчөлөнүп коммунисттик лидер бир эле учурда парламент жана жумурият башчысы болуп саналбастан, президент компартия жетекчисине параллель бийлик ээси болуп калган эле. 1990-жылдын октябрь айынын аягында Аскар Акаев президент болуп шайланып, аны Жогорку Кеңештеги демократиячыл депутаттар колдоп турган. Ал эми Компартиянын катчысы кызматына Абсамат Масалиевден кийин Жумгалбек Аманбаев келип, Бишкектеги Ак үй эки башка канатка бөлүнгөн.

Чындыгында эле ал мезгилде Кыргызстан Коммунисттик партиясынын башчылары антиконституциялык путчту ачык колдоп чыгышкан.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов ГКЧП бул аракети менен мамлекеттик төңкөрүш жасагандыгын бийлик башындагылардын ичинен биринчи болуп ачык билдирип, калкка кайрылган. Андан соң президент Аскар Акаев да атайын кайрылуу менен чыгат.

Бийлик башчылары өлкөдөгү жарандардын демократиялык жигердүүлүгү мындай кадамга түрткөнү айтылып келет. Анткени демократтар кыймылында Борбор Азия аймагында биринчилерден болуп жеткен жеңишин тартырып жиберүүдөн чочулап, өлкө жетекчилигинен активдүүлүктү талап кылышкан.

Коомчулук да, бийлик башындагылар да эки ача ой менен жашап, коммунисттик жана демократтык көз караштар тирешип турган.

Турсунбек Акун

Турсунбек Акун

Ал кезде КДКнын активдүү мүчөсү болуп, ГКЧПга каршы чыккан укук коргоочу Турсунбек Акун ошол кезде өлкө жетекчилигине коомдун активдүүлүгү дем берген деген пикирде :

- Төңкөрүш аракетинин болгону абдан чоң окуя. Аны алгачкы болуп Кыргызстан Демократиялык кыймылы айыптап чыктык. Андан кийин ошол кездеги Жогорку Совет (Кеңеш) төрагасы Медеткан Шеримкулов билдирүү менен чыгып, каршы экенин билдирди. Андан кийин гана Акаев чыкты. Мындай каршылык менен кабыл алууга КДК сыяктуу демократиялык уюмдар күч алып, Коммунисттик партияны ачык сындап турганыбыз себеп болду.

Кыргызстанда 31-августта эгемендик декларациясы кабыл алынбастан, Компартияны жоюу боюнча токтом кабыл алынган.

Ал учурда республиканын ички иштер министри болгон Феликс Кулов да төңкөрүш аракетине кескин каршы чыккандардын бири болгон. Куловдун айтымында, бул окуялар Кыргызстандын саясий калыптануусуна өз таасирин тийгизген:

- Менин пикиримде, бул биздин эгемендик алышыбызда абдан чоң роль ойноду. Ошол учурда активдүү кыргыз жаштарынын башы бирикти. Министр катары мени чакырып, эгер танктарды киргизсе, анын алдына бой таштайм деген жаштар чыкты. Ошол учурда демократиялык баалуулуктарды коргоо жана калыптандыруу үчүн күрөшүү керек экенин түшүндүк.

Аалыбек Акунов

Аалыбек Акунов

Ал эми саясий илимдердин доктору Аалыбек Акунов путч окуяларына ачык пикирин билдирүү менен Кыргызстан чөлкөмдөгү өлкөлөрдөн бөлөкчө жолду тандаганы ошондо эле дайын болгонун белгилейт. Мындай абал болсо кийинки өлкөнүн саясий турмушуна өз таасирин тийгизди:

- Биздин коңшулар болгон түркмөн, өзбек, казак бийликтери коммунисттик партиясын жойбой эле анын атын демократиялык кылып өзгөртүп койду. Мурунку биринчи катчылар өлкөнү жетектеп калды. Ал эми Кыргызстанда 31-августта эгемендик декларациясы гана кабыл алынбастан, көп узабай Компартияны жоюу боюнча токтом кабыл алынган.

Ошол эле учурда тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин бул окуялар эркиндикти, демократиялык баалуулуктар үчүн күрөшкөн адамдарды күч менен токтотуу ишке ашпай турганын далилдегенин билдирүүдө. Тарыхчынын айтымында, мындан бардык бийликтер сабак алууга тийиш:

Москва, 20-август, 1991-жыл

Москва, 20-август, 1991-жыл

- Бул кутум аркылуу демократиялык жараянга бөгөт коюуга каршы элди уюштуруунун зарылчылыгы жок экенин көрсөттү. Мисалы, Москвада калайык өзү көрсөтмөсү жок эле танктардын алдына куралы жок чыгып, кутумга каршы чечкиндүү турушту. Атуулдук колдоосун демократия үчүн берүүгө даяр экенин эл ошентип далилдеди.

1991-жылдын 19-21-августунда Советтер Союзунун тарыхындагы акыркы саясий кризис орун алган.

Советтер Союзунун президенти Михаил Горбачевдун ден соолугуна байланыштуу мамлекетти башкарууга дарамети жоктугу тууралуу жалган кабар ушул күнү эртең менен сыналгыдан жана үналгыдан кабарланып, өлкөдөгү бийлик өзгөчө кырдаалга байланыштуу мамлекеттик комитетке бериле тургандыгы билдирилген.

Кыргызстанда Сатыбалды Жээнбеков жетектеген КТР аркылуу ГКЧПнын мамилеси гана чагылдырылып тим болбостон, ага каршы чыккан Орусия Президенти Борис Ельциндин саясий билдирүүсү да обого чыгарылып турган.

Үч күн өтпөй бул мыйзамсыз комитет кулатылып, аны уюштургандар камакка алынган. Бул окуя СССРдин чукул арада таркашын тездетип, анын курамындагы 15 республика мамлекеттик эгемендигин жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG