Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Пакистан: Премьерди кулатуу аракети күчөдү


Исламабаддагы демонстрация. 18-август, 2014
Исламабаддагы демонстрация. 18-август, 2014

Пакистан саясий кризиске кайрадан кептелгендей. Армия өкмөт менен оппозиция лидерлерин чыңалып бара жаткан кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга чакырды.

Өлкөдөгү үчүнчү ири саясий партия лидеринин жана эскичил диниятчынын он миңдеген жактоочулары борбор Исламабадда премьер-министр Наваз Шарифтин кызматтан чегинүүсүн талап кылып жатышат.

Исламабадда жыйналган демонстранттар шейшемби күнү кечинде парламент имаратын көздөй жүрүш жасоо менен борбордун катуу кайтарылган “кызыл зонасына” кире алышты.

Өкмөттүк кеңселер менен чет элдик элчиликтер жайгашкан аймакты полициянын атайын күчтөрү курчап, баррикада катары жүк ташуучу контейнерлерди орнотушкан эле.

Бирок демонстранттар контейнерлерди кран менен жылдырып, тикенек зымдарды кесип, “кызыл зонага” киргенде коопсуздук күчтөрү каршылык көргөзгөн жок.

Пакистандын саясий кризиске кайрадан сүңгүшүнө өбөлгө болгон нааразылык жүрүшүн өлкөдөгү үчүнчү ири саясий партия – “Техрик - и - Инсаафтын” лидери, мурдагы крикет жылдызы Имран Хан менен эскичил диниятчы Тахир ул-Кадри жетектөөдө.

Пакистандыктар парламенттин алдына келишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

Имран Хан Исламабадда "Биз чыныгы демократияны орнотобуз. Наваз Шариф кызматтан чегинмейин эч жакка етпейбиз. Пакистан элине кайрылам, Исламабаддын "кызыл зонасына" баарыңар келип, премьер Наваз Шарифтин отставкасын талап кылууңар керек" - деп сүйлөдү чогулган жактоочуларынын алдында.

Имран Хан эгер Наваз Шариф кызматтан 20-августтун кечине чейин чегинбесе, жактоочуларын премьер-министрдин кеңсесине баштап барарын эскертти.

Ал Исламабадга он миңдеген адамдарды жыйнаганы менен өзү мурда убада кылгандай демонстранттардын санын бир нече жүз миңге жеткире алган жок.

“Техрик - и- Инсааф” партиясынын өкмөт башчыны кызматтан кетирүү талаптарына эскичил жана өзүнө медианын көңүлүн бура алган диниятчы Тахир ул-Кадринин жактоочулары да кошулууда. Кадри бүгүн тарапкерлерин парламентти эч ким кирип чыга алгыс кылып камалоого үндөдү.

Премьер-министр Наваз Шариф
Премьер-министр Наваз Шариф

Исламабаддык журналист Рахил Хан “Азаттык” менен маегинде Пакистандагы азыркы саясий талаштын тарыхын эске салат:

- Добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланганы тууралуу Имран Хан 2013-жылдын майындагы шайлоодон кийин айтып чыккан. Ал өкмөттүн алдына бир катар маселелерди коюп, шайлоодогу бурмалоолорду иликтөөнү суранган. Мындайча айтканда, ал мыйзамдуу жолдорду колдонду десек болот. Эми ал өкмөт он төрт айдан бери тынч талаптарга олуттуу маани бербеди, көчөгө чыга турган учур келди деген бүтүмгө токтогондой. Андыктан, аларды парламенттин алдынан көрүп жатасыз.

Былтыр майдагы шайлоонун натыйжасында Наваз Шарифтин “Мусулман лигасы” партиясы парламенттеги 342 орундун 177син алган. Анын кызматтан кетишин талап кылган Имран Хандын “Техрик - и - Инсааф” партиясына 38 орун тийген.

Исламабаддагы демонстрацияларга тушташ бул партия парламенттеги депутаттык мандаттардан баш тартарын, провинция парламенттеринен да чыгарын жарыялады.

Бул эгер айтылгандар укуктук жактан бекемделсе, Пакистан жаңы шайлоолорду уюштурууга мажбур болот дегенди билдирет.

Азыркы окуялар Наваз Шарифтин премьерликтен кетишине кептейби?

- Мен түшүнгөндөн эгер армия мажбурлабаса, премьер-министр кызматтан чегинбейт. Маселенин өтө маанилүү жагы ушул. Наваз Шариф шайланган премьер-министр да, парламентте колдоосу чоң. Буга кошумча коомдук пикирдин басымдуу бөлүгү да ага каршы эмес. Албетте, ага каршы саясий партиялардын, адамдардын тобу бар. Кызматтан чегинбешин Шариф кечээ өзү да ишара кылды. Эгер буга Пакистандын коопсуздук инстэблишменти, армия мажбурлабаса. Бул окуялар алдыдагы 48 саатта кандай өнүгөрүнө көз каранды, - дейт исламабаддык журналист Рахил Хан.

​Журналист кошумчалагандай, окуялардын мындан аркы өнүгүшүнө демонстранттар “кызыл зонада” коопсуздук күчтөрү курчап турган өкмөттүк кеңселерге кирүүгө аракеттенсе, бийлик кырдаалды кантип жөнгө салары, күч колдонобу же жокпу - таасир берет.

Өкмөт башчынын кызматында азыр үчүнчү ирет отурган Наваз Шарифти 1999-жылы бийликтен армия кулаткан.

Андагы төңкөрүштүн башында ошол кездеги армия башчысы, кийин президент болгон Первез Мушараф турган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG