Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Кытайдын Терешковасы космоско жөнөдү


Майор Лю Цзянг
Майор Лю Цзянг

Бүгүн Кытай тарыхында биринчи жолу космоско аял-тайконавт сапар алды. Майор Лю Цзянг космоско аттанган аялдардын тизмесин толуктамакчы.

Кытай тарыхында биринчи жолу космоско аял-астронавт (тайконавт) жөнөп жатат. Аба күчтөрүнүн майору Лю Цзянг айтылуу Валентина Терешкованын жолун жолдоп, космоско аттанган аялдардын тизмесин толуктамакчы. Мындан 46 жыл мурун дал ушул күнү 16-июнда Терешкова Жер орбитасын айланып келген.

Майор Ли Яңгди жана эки эркек кесиптешин ташыган "Шэнчжоу-9" кемесин учуруу 16-июнга пландалган. Алар 2011-жылы учурулган "Тянгун-1" орбиталык лабораторияда 10 күн иштеп кайтышмакчы. Жаңы миссиянын максаты жөнүндө Кытайдын космос программасынын маалымат катчысы Ву Пинг айтып берди:

- Тайконавттар алгачкы жолу кеменин тогошуу технологиясын жабдыктарсыз текшерип, автоматтык туташуу жолдорун дагы бир жолу сынашат. Биз "Тянгун-1" космос модули астронавттардын комплексти башкаруу боюнча бардык муктаждыктарына жооп берер-бербесин текшерип көрөлү деп атабыз. Алгачкы жолу жерден барган материалдарды жана адамдарды орбиталдык лабораторияга жүктөйбүз.

Мамлекеттик маалымат каражаттары жазганына караганда, эки астронавт бир нече күн модулда өткөрүп, анын жашоону колдоо системасын сынашат. Үчүнчүсү болсо кемеде кала берет.

Байкоочулар "Тянгун-1" менен тогошуу ийгиликтүү өтсө, космос тармагында дымактуу долбоорлорду көздөп жаткан Кытайга жакшы дем берет дешет.
"Тянгун-1" лабораториясына 3 экспедиция пландалган. Буга чейин пилотсуз "Шэнчжоу-8" кемеси ааламга барып келген. "Шэнчжоу-9дан" кийин дагы бирөө учурулат. 2013-жылы мындан да заманбап, алдынкы технологиялар боюнча жасалган "Тянгун-2", дагы эки жылдан кийин "Тянгун-3" станцияларын ишке киргизүү долбоору бар. Мындан тышкары Кытай айга кеме учурууну максат кылып келатат.

Бардыгы ойдогудай болсо, Кытай өз алдынча аял-космонавтты Жер орбитасына жөнөткөн СССР жана АКШдан кийинки 3-өлкө болуп калмакчы.

Өлкөнүн түндүгүндөгү Хебей чөлкөмүндө туулган Лю 34 жашта. 3 жылдан бери тайконавттардын даярдыгынан өтүп келди. Маалымат каражаттары ал 2010-жылы башкарып бараткан аба аскерлеринин учагы кырсыкка учураганда, Лю дүрбөлөңгө түшпөй, учакты чеберчилик менен чукул кондурганын жазып, аны каарман катары сүрөттөшөт.

Ву Пингдин айтымында, Люнун программасы эркектердикинен бир аз айырмаланат:

- Аялдардын физиологиялык өзгөчөлүктөрүнөн улам, ага медициналык текшерүүдөн өткөндө жана көнүгүүлөрдү жасаганда, эркектердикинен айырмаланган өзгөчө шарттар түзүлөт.

Жөнөкөй дал келүүбү же кытайлар адаттагыдай гороскопко жараша пландашканбы, Люнун кемеси старт алган күнү биринчи аял-космонавттын ааламга учканына туура 49 жыл болот. 1963-жылы 16-июнда СССРдин "Восток-6" кемеси орбитаны 48 жолу айланып, Жерге ийгиликтүү кайтып келген. Анын бортундагы 26 жаштагы лейтенант Валентина Терешкова бир заматта тирүү легендага айланган. Кездеме токуучу цехтин мурдагы жумушчусун мамлекет башчылар кабыл алган, сүрөттөрү бардык гезиттерде, открытка, маркаларда жаркырап, Валентина эң популярдуу ысымга айланган.

Авиациянын генералы 75 жаштагы Терешкова азыр ардактуу эс алууда.




.

XS
SM
MD
LG