Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:19

Экономика

Миграция агымы: сыртка кеткендер көп, келгендер аз

Өткөн жылы чет өлкөгө иштөөгө кеткендердин саны мурдагы жылдардан көбөйгөн жок. Анткен менен чет жерде жарандык алып, туруктуу жашоого өтүп жаткандардын катары арбууда.

Текст көлөмү - +
Кылтылдап поюз баратса

2009-жылы чет жерде иштеп аткандардан келчү акчанын көлөмү кыйла азайды. Ошол эле учурда Кыргызстанга сырттан келчүлөрдүн агымы көбөйүүдө.

Кыргызстанда эмгекке жарамдуу калктын 8% ашууну жумушсуз. Алардын катарын жыл сайын, мектеп, орто, жогорку окуу жайларын аяктаган 60 миңге чукул жаш адамдар да толукташууда. Алардын көбү турмуш-шарттын айынан чет жерге иштөөгө кетишке мажбур. Кыргызстандын эмгек, ишке орноштуруу, миграция министри Айгүл Рыскулованын айтуусунда, өткөн жылы чет жерге иштөөгө кеткендердин саны мурдагы жылдардан анча деле айырмаланган жок.

- Эмгек мигранттарыбыздын саны бүгүнкү күндө 250 – 350 миңдиң ортосунда. Өзүңүздөр билесиздер, миграция маселеси такай өзгөрүлүп турат. Так санды бир күндө бериш абдан кыйын. Ошол эле убакта мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу, мына мисалы, Орусиянын эле эмгек мигранттарын алсак, эгерде үч-төрт жыл мурун мыйзамдуу түрдө иштеген мигранттардын саны 50 миңден ашпаса бүгүнкү күндө 200 миңге чейин жетти.

Антип чет жерде иштөөнүн мыйзамдык эреже-талаптарын сактагандардын гана катары арбыбастан, көбүнесе Орусиянын жарандыгын алган мекендештерибиздин саны да узарууда. Маселен, орусиялык миграция кызматынын өткөн жылдын аягында жарыя кылган маалыматына ынансак, 2008-жылы 42 миң 809 кыргызстандык орус жарандыгын алган.

Кыйла жылдардан бери Орусияда иштеп жүргөн Камбар Пусуровдун ырасташынча, жарандык алуу мезгил-шарттан улам чыккан арга.

- Убакыттын талабына жараша алышты да. Өзүңүздөр билесиздер, 2007-жылдын 1-январынан баштап Орусияда жарандыгы жок болсо базарларга тургузбай койду. Өздөрүнүн базарларына иштетпей коюшту. Ошол жылдан баштап көп ала башташты.

Куш келипсиз

К.Пусуров 2007-жылы жарандык алуу базардан улам көбөйгөнүн, бирок бул тенденция бара-бара азая бериши мүмкүн, деп эсептейт. Анткен менен миллион ашуун Кыргызстандын эмгекке жарамдуу калкынын кыйласы чет өлкө жарандыгын алып биротоло турук алып калышы өлкөдө дагы бир миграциялык проблеманы жаратууда. Кыргызстан базарларында соода кылып, орто жана чакан бизнес ачып алган коңшу чет өлкө жарандар арбып баратышат. А.Рыскулова жыл сайын 10 миңге жакын чет элдиктерге бул жерде иштөөгө уруксат берилерин кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандан чет жерге иштеп кеткендердин расмий маалыматтагыдан 2 –3 эсе көп экени көпчүлүккө жаңылык деле эмес. Көбүнесе кара жумушка чегерилген кыргызстандык мигранттардан 2008-жылы 1 миллиард 300 миллион доллар акча которулган. Өткөн жылдын 11 айында кыргызстандык мигранттар 980 миллион доллар акча жөнөтүшкөнүн Орусиянын Борбордук банкы маалым кылды.

Болгон кыйынчылыктын баарына кайыл болуп, чет жердеги оорчулуктарды көтөрүүгө мажбур болгон кыргызстандык ишкердин айтуусунда, тобокелдикке баш байлаган адамдар аз эмес.

- Биздин үй-бүлөнүн кетип аткандарынын мен акыркысымын. Балдарымды алып кетүүгө келгем. Маселени мигранттар кантип жашап атышат, суроосуна эле такабаш керек. Кетип бараткандын баары алдыда белгисиздик күтүп турганын жакшы билет.

Азырынча эмгек мигранттары боюнча Кыргызстан өкмөтү Орусия, Казакстан Корея Республикасы менен эларалык укуктук негизде иш алып барууда. Кыргызстан эгемендик алганы чет жердеги 25 миң этникалык кыргыздар көчүп келишкен. Алардын 22 миңи Кыргызстан жарандыгын алышкан.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыргыз каяктан: Австралия
01.02.2010 11:34
Тигине дагы бир кыргыз жигити кетти мына дагы бир кыргыз кызы кетти тигил жердин гражданствосун алды бул жердин гражданствосун алды деп отура бергендин ордуна КЫРГЫЗДАР акча топтоп келип ар кандай ишканалардан Бутиктерден ачкыла мүмкүнчүлүк түзүп беребиз дебейсиңерби :-)

кимден: Эркин.гастарбайтер каяктан: Россия талаасы
26.01.2010 17:59
Айгуль айым!Сиздин жумушуңуз жөн эле статкомдун бир отдели болуп калыптыр.Алган айлыгыңарды актабайт экенсиңер.Так маалымат жок болгон соң силер эмне иш кылып жатасыңар,кыйратып?

кимден: Joomart каяктан: Kol
26.01.2010 08:38
Men koldun aildarin kidirgam jakinda es alip. emnesin aitasin jaratiliw kooz abdan, kyrgyz jeri kudai suigon jer okwoit. Jaratkan Alla beriptir bizge jerdi, biz ele anin barkin tuwuno albaitabiz okwoit. kai jerge barba aildardin kobundo el baikalbait, ancha-mincha abiwka kempirler, baldar.. kalgani kochup atiwiptir.. '2000chi jilga chein surasan 'Biwkeke ketti' dep aitiwchi ele azir 'Rossiada' dewet' dep maga bir ailidin turgunu atip berdi.. tuurada da, oilonup korgulochu bir ailga barsam dukon bek, anin ustuno ail bouncha biroo ele okwoit. joldor talkalangan, ech bir jakwi jawoogo wart jok! anan jawtart kachat da! kim ele owondoi jerge jawagisi kelsin? okmottun sayasati jok, bul jerde Biwkektin ailana-tegeregin eptep champalap, kalganin uurdap biznes jurguzup atiwat, kalganin batiwtin banktarina saliwti. menimche alaradi Kyrgyz jerinde bir nerse ele karmait: AKCHA, DUNUIO!
mina jakinda tentuwum kochup ketti. al bilimdi chet mamleketten algal adis. andan murun eki dos balam ketiwken. baari bilimduu. tangalarlik baarinan alar bargan jerde emnegedir jumuw bar eken alarga! chochun el chochun til!! a bul jerde oz el oz til.. Sayasat jok bizde!
Muratbek Imanaliev bir jolu aitpadi bele: "V Kyrgyzstane net ni vnutrennei, ni vnewnei politiki" dep. A kiwi chokoterin aitiptir

кимден: немис каяктан: Германия
26.01.2010 06:44
Бүгүнкү күндө демография маселеси оор болуп аткан өлкөлөр, булар өнүккөн өлкөлөр. Ал мамлекеттерде максимум эки балалуу, же көпчүлүк учурда бир эле балалуу болгонду каалашат, балалуу болбой жүргөндөр андан көп. Бул деген эмне деген маанини билгизет? Бул деген ошол өнүккөн мамлекеттердеги титулдук улуттун азайышы деген маселени билгизет. Чет өлкөгө айла жоктон, Кыргызстанда оор турмуштун айынан, кетип аткан кыргыз жарандары башка өлкөнүн демографиялык проблемасын чечкенге жардам берип, салымын кошуп атышат, анда Кыргызстандын демографиялык маселесин ким чечет, өзбектер менен тажиктерби??? Ал проблемага кошул ташыл болуп, чет өлкөгө кеткен мигранттар өз эне тилин унута башташат, өзгөчө Орусияга кеткендер. Бул маселе билинбегени менен өтө оор маселе. Ал эми азыркы кыргыз бийлигине бул маселе боюнча кайдыгерлик мамиле гана бар, эмне болсоң ошо бол, маа демектен доңуз коп деген.

кимден: Сарымсак каяктан: Москва
25.01.2010 21:20
"Жыргаганыман жыртык чапанчан жүрүпмүнбү" - дегендей эл-жерин таштап бөлөк жерге, болок элге кетиш үчүн чооң себеп болуш керек.
Адам үй-жайын таштап, жөн эле бир жакка кете бербейт. Кыргызстанда жашоого мүмкүн болбой калганда гана адам кеткенге мажбур болот. Албетте, Орусияда акча көбүрөөк дечи, а бирок скинхеддер, коррупциия жаныңы сууруп алат. Неге Кыргызстан бийлиги иштегенге, жашаганга шарт түзбөйт деп зээниң кейийт. А Кыргызстандын чоңдорун карасаң килейген-килейген үйлорду салып алып, балдарын балчаңдаттырып Джипке мингизип, дегеле элди ойлогон түрү жок. Биздин Оштогу жаңы шаарчаларда дээрлик чиновниктер жашайт экен. Бийлик оңолмоюнча биз талаада тентип жүрө берет окшойбуз.
Балдарыбыз да орус болуп баратат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)