Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Габала саммити: Атамбаев темир жол курууну сунуштады


Азербайжан -- Кыргызстандын, Азербайжандын жана Түркиянын президенттери саммитте. Габала шаары, 16-август, 2013.
Азербайжан -- Кыргызстандын, Азербайжандын жана Түркиянын президенттери саммитте. Габала шаары, 16-август, 2013.

16-августта Азербайжандын Габала шаарында Түрк тилдүү өлкө башчыларынын III саммити жыйынтыкталды.

Анда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия мамлекет башчылары экономика, саясат, маданият, туризм тармагында демилгелерди талкуулашты.


Президенттердин демилгелери


Түрк тилдүү өлкөлөрдүн башчыларынын III саммитинде адаттагыдай саясий, экономикалык, маданий тармакта кызматташууну арттыруу тууралуу сөз болду. Саммитке катышкан өлкө башчылары өз демилгелелерин айтышты.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев түрк тилдүү өлкөлөрдү бириктирген темир жол куруу идеясын ишке ашырууга басым жасады:

- Нурсултан Назарбаев өткөн жылы Бишкектеги саммитте колдогон темир жол идеясын тезирээк ишке ашырсак жакшы болот эле. Анткени бул темир жол Орто Азияны Түркия, Азербайжан менен бириктирет. Башка тараптан Түркиядан баштап Азербайжан, Казакстан, андан Кыргызстанга барат. Кечээ мен картаны карадым, Кыргызстандан Кашкарга чейин барса болот. Ал жакта да бир топ казак, кыргыз, уйгур жашайт. Муну ишке ашырсак, биз абдан чоң иш жасаган болот элек. Элдерибиздин арасындагы карым-катнаш күчөп калмак.

Саммитте казак президенти Нурсултан Назарбаев эң көп сунуштар менен чыкты. Алардын ичинен жаңылык катары туризмди өнүктүрүү боюнча маселеге көңүл бурулду. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин баш катчысы Халил Акынжы тез арада туризм боюнча комитет түзүүгө киришишерин билдирди.

Саммит бүткөндөн кийин журналисттерге маалымат берген Акынжы кеңештин өткөн жылдан бери жасап жаткан иштери боюнча өлкө башчылары жана тышкы иштер министрлерине 300дөн ашык беттен турган отчет тапшырганын айтты:

- Бир тууган өлкөлөр - Өзбекстандын жана Түркмөнстандын арабызга болушунча тез кошулуусун каалайбыз. Жасап жаткан жумушубуз тууралуу сиздерге жалпылап айтсам, адегенде Нахичеван келишиминдеги ар тараптуу жана кеңейтилген кызматташуу максатын ишке ашыруу үчүн кызматташтыгыбызга тоскоол болуп жаткан учурларды жоюуга аракет кылып жатабыз. Андан кийин эмнелерди жасаш керек болсо ошол багытта чара көрүүдөбүз.

Түрк дүйнөсүн экономика, маданияттан сырткары дүйнөлүк саясат да кызыктырды. Араб өлкөлөрү, анын ичинде Сириядагы кырдаал тууралуу да сөз болду. Президенттер Ооганстандагы коопсуздук үчүн да түрк тилдүү мамлекеттер бирге иш алып барышы керектигине токтолушту.


Атамбаевдин сунушу "суу кечеби?"


Бул саммитте кыргыз президенти сунуштаган түрк тилдүү өлкөлөрдү бириктирген темир жол куруу идеясын ишке ашыруу мүмкүнбү? Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” мындай демилге ишке ашаарына ишенээрин билдирди:

- Азыр министрликтер иш планды ийне-жибине чейин иштеп чыгыш керек. Бул боюнча аларга тапшырма берилген. Түркияда өтчү кийинки саммитте ушул маселелер конкреттүү түрдө кагазга жазылат деп ишенип жатабыз. Темир жолдун схемасын ачык айта албайм. Бирок Кытай аркылуу алып өтүүнү ойлоп жатабыз. Ал үчүн кытай тарап менен да сүйлөшүп чыгыш керек. Бул реалдуу түрдө ишке ашканы жатат, буюрса.

Айрым адистер болсо мындай темир жолду куруу экономикалык жактан алганда өтө кымбат жана түйшүктүү экенин белгилешүүдө. Бирок экономист Жумакадыр Акенеев буга чейин курулган, же курулуп жаткан темир жолдорду бириктирүү аркылуу бул демилгени иш жүзүнө ашыруу мүмкүн деп эсептейт:

- Жаңы темир жол куруу деген - сөзсүз баарын жаңы куруп чыгуу деген эмес. Эски темир жолдорду колдонуп, жок жерлерине жаңыларын кошуп, бириктирсе болот. Бул абдан жакшы идея деп ойлойм. Толугу менен ишке аша турган идея. Мисалы, Түркмөнстан менен Азербайжандын, Азербайжан менен Казакстандын, Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда темир жол байланышы бар.


Өзбекстан менен Түркмөнстанды тартуу аракети


Алмазбек Атамбаев саммиттин алкагында Түркия президенти Абдулла Гүл менен жолугушуп, кеңешке кирген төрт мамлекеттин катарына башка да түрк тилдүү мамлекеттерди тартуу керектигин билдирди. Өзбекстан көптөгөн чакырууларга карабай өзү кирбей жүрөт, Түркмөнстандын жарым-жартылай катышып жатканы белгилүү. Анда кыргыз президенти кайсы түрк тилдүү мамлекеттерди кошууну айтып жатат?

Бул суроону президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаковго жолдодук.

- Коңшу түрк тилдүү мамлекеттерди чакырып жатат. Азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Түркмөнстан өзүнүн өкүлүн ар бир саммитке жиберип, көз салып жатат. Барган сайын жакшы жылыштар болууда. Өзбекстан менен башка өлкөлөрдү да чакырып жатабыз.

Түркия АКШ баштаган НАТОнун мүчөсү, Азербайжан болсо Түркиянын таасиринде экени жалпыга белгилүү. Ал эми Кыргызстан менен Казакстан Орусияга ыктаган өлкөлөр экенин жана Орусия менен АКШ мамилелериндеги чыңалууну эске алганда, түрк тилдүү өлкөлөрдүн кантип кызматташары көпчүлүктүн көңүлүндө турган маселе.

Кыргызстандык саясий талдоочу Эмил Жураев түрк тилдүү өлкөлөрдүн интеграциялашуу аракетин Орусиянын таасирине тең салмак издөө катары баалайт:

- Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин аракетин - тышкы саясаттагы альтернативалык багытка болгон аракет десек болот. Ал ар бир мүчө өлкө үчүн ошондой. Өзгөчө басым жасай турган нерсе - Орусия менен болгон тышкы саясатта Казакстан жана Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон демилге. Ал аз да болсо тең салмактуулук үчүн рол ойношу мүмкүн. Бирок жакынкы келечекте Орусия менен болгон мамилебизге тете уюмдун пайда болушу бүдөмүк.

Ошентип түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташтык кеңешине быйыл Азербайжан төрагалык кылып, кийинки жылкы саммит Түркияда өтмөй болду. III саммиттин жыйынтыгында кабыл алынган декларацияда эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурчу принципиалдуу маселелер бекитилген жок деп айтсак деле болот. Анда негизинен мурдагы жолугушууларда айтылгандарды ишке ашыруу жана спорт, илим, билим, маданият, экономика, соода-сатык тармагында кызматташуу каралган.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши 2009-жылы негизделген. Ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркия кирет.

XS
SM
MD
LG