Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:41

Эл үнү

Апрел. Тарых жасагандарга эстелик

16-ноябрда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде былтыркы апрель окуясында курман болгондорго күмбөз ачылып, эскерүү иш-чарасына Кыргызстандын бийлик башындагылар катышты.

Текст көлөмү - +
"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1938-жылы репрессиянын курмандыктары эскерилип, былтыркы апрель окуясында курман болгондорго атап күмбөз ачылды.

Эскерүү жыйында сүйлөгөн президент Роза Отунбаева апрель ыңкылабы менен Кыргызстанда жаңы доор башталганын, дал кыргыз революциясы дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндөгү жекебасар бийликтердин ойрон болушуна из салганын белгилеп, орус премьер-министри Владимир Путиндин сөзүн мисалга тартты:

​​- Путин айтмакчы, быйыл Араб өлкөлөрүндө, андан кийин дүйнөнүн башка булуң-бурчтарындагы чоң өзгөрүүлөрдүн, социалдык кыйынчылыктардын башатында Кыргызстан турганы талаша алгыс факт. Биздин революция менен жаңы доордун мезгили башталды. 

Кыргыз бийликтери экономикалык оор кырдаалга карабастан, коррупциялашкан мурдагы бийликти кулатуу үчүн жанын берген апрель каармандарына эстелик комплексин куруп, жарадарлар жана курман болгондордун жакындарын турак-жай менен камсыз кылып жатышат.

Жакында аяктаган президенттик шайлоодо жеңген премьер-министр Алмазбек Атамбаев апрель баатырлары Кыргызстандын жаңы тарыхына жол ачканын белгиледи: 

​​​​- 7-апрелде каза болгон биздин баатырлар өлүмү менен бизге жол көрсөтүп берди. Бул - демократия жолу. Кыргызстанда мындан ары эч качан деспотизм болбойт! 2010-жылдын 7-апрели "бир адам колуна чексиз бийлик топтой албайт" деген түшүнүктү бүтүндөй планетага далилдеп койду.

Атамбаев кан-жанын берген адамдар тилек кылган реформаларды аягына чыгарууга сөз берди.

Парламент төрагасы Акматбек Келдибеков былтыркы кандуу окуялардан соң эл да, журт башчылары да биримдикти туу тутуп жашоосу керектигин айтты:

​​- Каргашалуу апрель жана июнь окуяларынан кийин эл биримдиги менен журт бүтүндүгү канчалык маанилүү экендигине, канчалык аяр мамиле талап кылаарына дагы бир ирет ынандык. 

"Ата-Бейитке" сөөгү коюлган апрель окуясында каза болгон 83 адамдын ысымы кара ташка чегерилип, бир адамга “белгисиз жаран” деп жазылды.

Үстүндө түндүк орнотулган үч бурчтук түрүндөгү эстелик-комплекстин бийиктиги 8, туурасы 7 метр. Ал кызыл мармар таштан жасалган.

Эстелик комплекстин курулушуна жалпы эсеби 20 миллион 800 миң сом сарпталганы маалымдалды.

"Ата-Бейит" эстелик комплексинен сүрөт баян:

Апрель курмандыктарына күмбөз коюлду

x

Апрель курмандыктарына күмбөз коюлду

​​


​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Акчал
17.11.2011 20:20
Азыркы бийликтегилер,кабинеттерине курман болгон 87 баланын суротторун илип алыш керек.Кокустан Бакиев бийликтен кетпей калганда,ак уйдо эмес,кара уйдо отурушмак.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: osh
17.11.2011 18:10
munun baary jalgan

кимден: Аяз каяктан: Нарын
17.11.2011 16:22
Орунбасар, сага кызмат жетпей калса керек ээ?? Биздин балдар жер алдында ташка айланды!! А сага окшогондор дагы эле УО го претензия эле коюп бутпой жатасынар!!! А сен озун элге эмне татыктуу иш жасадын я????????ушу суроону озуно бир берип кордун беле???? сага окшогондорго дагы эле 1,50дон светти толотуп коюш керек экен!!!
Пикирге жооп

кимден: Орунбасар каяктан: Бишкек
18.11.2011 17:34
Орунбасарга орундун кереги жок, сөз эмне жөнүндө жүрүп жатканын аңдабайсыңбы? Дагы эле Бакиевдердин куйрйктары менен иштешип, өзүлөрү да коррупцияга малынып, Эл жасаган революцияны өздөрү кылгансып эл баатырлыгына өздөрүн көрсөтүп жатышканы жөнүндө сөз болуп жатат Нарынбай. Эртең кыргыз эл баатырлары деген эң жогорку сыйлыкты алышканда Орунбасардын айтканы туура экен дейсиң. Жан тартып калыптырсың өзүңдө мандем бар го ТООлук жердеш.

кимден: Мадий каяктан: Бишкек
17.11.2011 16:17
Жаткан жерлери жайлуу болсун!! торурагы торко болсун!!! Пейли туздорду арбактары менен колдой журушсун!!! Рахмат окмотко!!!

кимден: Эже каяктан: Бишкек
17.11.2011 16:13
УО силерге рахмат!! Балдардын арбактарына куран окутуп, сый корсоттунор!!! Уй булоолоруно аябай эле жардам корсоттунор!!! Рахмат !! Балдардын арбактары ыраазы деп ойлойбуз!!! А кээ бир адамдар ошол жардамдарга да тойбой жатканы окундурот!!! Негизгиси бул 87 бала тарыхта калып эч качан унутулбайт!!! Адахамга, мадумаровго наалат!!!! ушуларды "варвар" деп айткан!!! арбактар аны чынында оодара салды го президент болом деп шуулдап бараткан атынан!!! Каапырдын оозу да нээти да жаман неме экен!!! Кудай таразалады адахамды, эми бийликке деле жолотпош керек бул кер оозду!!!

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.11.2011 15:08
Тупутуура айтасын usa

кимден: Кудайдын пендеси каяктан: Жалган дуйно
17.11.2011 11:41
Эстелик да керек, алар октон коркпой, жанын тобокелге салып, эмне учун барышканын унутпасак! Эстеликке барып мээлейин чечуудон эринип, кагазга карап эки ооз соз суйлоп, куран окуп коюшсун деп кетишти беле? Жок! Жок! Бийликке келгендер, эми элди алдоого акынар жок! Убалдан коркуп, ак иштоо керек!

кимден: Орунбасар каяктан: Бишкек
17.11.2011 11:30
Кеп чынынан бузулбайт революйияны карапайым эл жана патриот алдынкы катарда Бакиевдер менен кармашып жүргөндөр жасашты. Ал эми Убактылуу өкмөт мүчөлөрү даяр орунга келип отурушту да жанында, экинчи катарда жүргөн балдарды унутушуп кайра эле Бакиевдин куйруктары менен ымала түзүп алышты. Топчуке, бекназаров, Каптагаевдерге кыргыз элинин баатыры деген наам бергени жатышат. Бурадарлар буга кандай карайсыңар. Миллиондорду жегендерге каршы турбайлыбы?

кимден: ыргыз
17.11.2011 11:29
саламатсыңбы кыргыз калкым. эски репреция кайталанды дегени туура эмес. шейит болгондордун ичинде орус барбеле, хрестийндардын кошогу менен башталды кечээ күнкү программа. кыргыз өзүнүн каада салтын жана динин таза кармоо керек. бул деген патриоттук сезим деген болуп эсептелет.

кимден: aja каяктан: usa
17.11.2011 02:02
ajantka dele estelik,murzogo dele estelik,- degi ele milliondop ketirmei jakir kyrgyz mamleketine asyr onoibu?
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.11.2011 15:10
чыгым апрель тонкорушун уюштургандардын эсебинен болсо туура болмок
Пикирге жооп

кимден: :((
17.11.2011 12:01
бул эстеликтер позияцияны бекемдоого кызмат кыла турган эстеликтер болуп эсептелет!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу