Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 00:18

Маданият

"Энелердин ыйын" ырга салган Роза

“Ай баратат” берүүсүнүн мейманы Кыргыз эл артисти Роза Аманова болду.

Текст көлөмү - +
Эл артисти Роза Аманова ырчылык өнөргө бала кезинен кызыгып, 1987-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, 14 жашында биринчи жолу Улуттук филармониянын сахнасына атактуу төкмө акын Тууганбай Абдиевдин тобу менен концертке чыгат.

Билимин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун фольклордук бөлүмүндө улантып, ал окуу жайы Улуттук консерватория болуп өзүнчө бөлүнүп чыкканда ошол жерден окуусун аяктайт.

Роза Аманова студент кезинде эле элдик дастандарды аткарып, "Мен сени сагынгым келет" аттуу ыры менен калың журтка таанылат.



Роза Аманова аткаруучу эле эмес, обондуу ырларды да жаратып, салттуу музыка өнөрүн өнүктүрүп, жайылтуу боюнча алгылыктуу иштерди жүргүзүп келет.

Ал өткөн жылы Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунованын сөзүнө жазылган "Энелердин ыйы" аттуу ырга обон чыгарып, эл алдына алып чыкты. Бул ырдын чоо-жайы тууралуу Роза Аманова буларга токтолду.

- Өткөн жылы 7-апрелде бирөөнүн жалгыз тиреги болгон, же бирөөнүн жалгыз баласы бейкүнөө окко учту. Мына ошону өз көзүм менен көрүп, жаным жай албай, бир орунга отура албай, жан дүйнөм ушунчалык жабыркады. Ошол окуяны көрүп мен эне катары, аялзаты катары ушунчалык жүрөгүм ооруду. Эл акыны Гүлсайра Момунова эжеге телефон чалып, "бул кайгылуу окуяны жок дегенде чыгарма аркылуу көрсөтөлү" деп, эртеси жолугуп, кечке чейин отуруп ушул "Энелердин ыйы" деген ырды чыгарганбыз.

Бул турмушта ар кандай көз караштагы адамдар болот экен. Адамдар деңгээлине жараша ой жүгүртөт тура. Мен ошол ырды ырдап чыккандан кийин, аттуу-баштуу эле бир адам айтып атпайбы, "кечээ эле Бакиевден Эл артисти наамын алып, эми бүгүн аны жамандап ырдап атат",-деп. Мен аны жамандаган жокмун, кыргыз элимдин башындагы шорду айтып ырдадым.

Ал эми Кыргыз эл артисти наамын, мен өнөрүм, талыкпаган эмгегим, мээнетим менен алдым. Мен ошол өнөрдү саткан жокмун, ошол өнөргө кызмат кылдым деп ойлойм. Ошол улуу устаттарымдын ишеничтерин 10 пайыз болсо да актаганга аракет кылдым.




Учурда белгилүү ырчылар республиканын аймактарына барбай, Бишкекте эле концерт берүү менен чектелип калды деген пикирлер айтылып келет. Роза Аманова карапайым калктын руханий жактан жабыркап турганын көрүп, концерттик топ түзүп, алыскы аймактарга барып концерт тартуулай турганын айтты.

- Мен былтыр “Кылым кайрыктары” деген чыгармачылык отчетумду Улуттук филармонияда элге тартууладым.

Мына ошол концертти алыскы айыл жерлериндеги карапайым эл көрсүн деген максат менен 17-июлда Ысык-Көлдөн баштап, Нарын, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Ош облустарынын борборлорунда коюп, өзүм туулуп өскөн Токтогулда аяктасамбы деген максаттарым бар.


Роза Аманова кыргыздын салттуу музыкалары, улуттук аспаптары, аларды өнүктүрүү, келечек муундарга татыктуу жеткирүү тууралуу да кызыктуу кеп салып берип, жаштарды салттуу музыкага тартуунун жаңыча ыкмаларын колдонуу зарылдыгын айтты.

2007-жылы кыргыз-түрк “Манас” университетинде консерватория түзүлүп, Роза Аманова 2008-жылдан бери ошол жерде эмгектенип келет. "Аваздык аспапчылык өнөрү жана өзгөчөлүктөрү" деген темада кандидаттык диссертациясын Алматы шаарындагы Курмангазы атындагы консерваториядан жактаган.

Ал алыскы аймактарды кыдырып концерт коюу менен бирге эл арасынан таланттуу улан-кыздарды ушул кыргыз-түрк “Манас” университетине алып келээрин кошумчалады.



Роза Аманова Токтогул шаарчасында туулуп-өскөн. Ал тайатасы менен тайэнесинин колунда чоңойуп, алты жашынан баштап комуз кармаган.

Тайэнеси Маржанкүл Чоң мурун деген өз учурундагы өнөрпоз адамдын тун кызы болуптур. Чоң мурун болсо Таластын (Конезавод), азыркы Искендер Осмонкулов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагынан Кетмен-Төбөгө көчүп келип, айтылуу Токтогулдун таланттуу шакирттеринин бири болгон. Чоң мурун сологой комузчу атыгып, комузда кол ойнотуп думаналарды бийлеткен күүлөрдү ойноп, өнөрү менен эл оозуна алынган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жали каяктан: кытай
17.06.2011 08:16
Роза эже, сизге ден-соолук, уй-булонузго бакыт, тынчтык, балдарыныз, омурлук жарыныз менен бактылуу турмушта жашаныз! Онорунуз оркундоп оссун! Сиздин кийген кийиминиз абдан озунузго жарашыктуу, кыргыздын сулуу, акылдуу кыз-келиндеринин бирисиз!!!
Пикирге жооп

кимден: tashhen каяктан: belgisiz
17.06.2011 14:18
poza ayem are talantuu bolso are suluu ,kergezden suluu onorpoz hezdarenen simbolu ,onorung orkondoybersin ,sizdin surotunguzdu kotsom oto suyunup kalam

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.06.2011 00:58
таланты ташкындаган ырчы бирок мен жаман коруп калдым.

кимден: Калыспикир
17.06.2011 00:38
Роза эжеде табигый талант бар. Сизге чынденсоолук, чыгармачылык ийгиликтер каалайм!!

кимден: Калыспикир
17.06.2011 00:35
Роза эжеде табигый талант бар. Сизге чынденсоолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!!

кимден: Gulya каяктан: 1
16.06.2011 23:48
Roza koro albagandar senin үnүndөn ailanip ketsin .Alarga kөңүl byrba. Saga den soolyk, chigarmachiligiң өrkүndөi berishin kaalaim senin jerdishiң

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине