Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 01:07

Журтташтар

Корея: кыргыз мигранттын укугун элчилик коргоодо

Ушул жылдын февраль айында 21 жаштагы кыргызстандык мигрант Чыңгыз Түштүк Кореянын Кёнгидо провинциясындагы Ансан шаарында машине куруучу заводдо иштеп жаткан маалда сол колунун бармагын алдыртып алган. “Азаттыкка” курган маегинде Чыңгыз мындан бир жыл мурда Кореяга иш издеп, мыйзамсыз жолдор менен кеткенин ачыктады.

Текст көлөмү - +
Майыптыкка учураган кыргыз уланынын укугун коргоо боюнча Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги иш алып барып жатканы маалым болду.

Саламаттыгына өндүрүштүк залал келтирген Чыңгыз колуна жасалган соңку операциядан кийин ооруканада жатат. Ал келерки аптада бейтапканадан чыгат.

Чыңгыздын даарыланышына кеткен чыгымдар ал иштеген мекеменин камсыздандыруучу компаниясынын эсебинен төлөнгөн. Ден соолугуна өндүрүштүк залал алган кыргыз мигрантына компенсация төлөтүү боюнча аракеттер элчилик тарабынан көрүлүүдө.

Чыңгыз менен маекти бул жерден угуңуз:

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: maral каяктан: germany
06.10.2011 03:42
kaisyl jerde jurbogulo dayim aman bolgula kyrgyzdar,chyngyz da ayigyp ketsin.

кимден: Melya каяктан: Chonan
02.10.2011 21:54
Jurnalist kyz akchasyna ayiabai kyzyktyhyz go! Barmagyn bir jolu surap koisohuz bolo. Akcha jonundo ele surai beriptirsihiz ancha emnesi kyzyk bolup ketti? Men ele aityp berein! Bul jerde Tuwtuk Koreada jahy kelgen migrant menen 20-jyl jawagan koreanyn jaraany ukugu birdei! Koreeada zakon jakjwy iwteit, owonduktan baardyk operas'iyasy jana kompensac'iyasy tolongondon kiyin oz jerine kaityp barat! Eh negizgizi aman kalgany oljoo da akcha go tabylat! Koreadagy migrant kyzdar jana baldar ozuhorgo sak bolgula, aman-esen uiuhorgo kaityp bargyla!

кимден: Мухаммад Салих каяктан: Туштук Корея
02.10.2011 20:28
Ассалому Алайкум! Мекендештер! Бизда тилектешпиз Чынгызга компенсация толонуп берсе. Бул жерде мыйзам бар, ошентседа капиталист өлкөө, азыраак төлөп бергенине аракет кылышат. Чынгыз айткандай корей тилин билбегендиктен булар биздин укуктарыбызды тебелешет. Ошондуктан Кыргызстандан контракт менен жонотордо окутмуш болуп экзамен албай эле жонотсо дурус болмок. Кимге керек болсо үрөөнүп алат сөзсүз.Кыргызстан десен кообу билбейт.Өзбекистан,Казакстанга коңшу мамлекет десен ы деп койюшат! Дипломаттык мамиле алсыздыгынан болсо керек!

кимден: Gulnara Arykbaeva каяктан: Italia
02.10.2011 15:41
Biz dele ushul Chyngyzga okshop ookat kylaly dep kudaidyn buirugu menen Italiaga keldik ele. Bizdi ushintip karamak tursun unubuzdu ugup da koigon adam jok. Kancha kakshap aitsak da, suransak da, kyikyrsak da ech kim bizdi ukpai koidu. Jada kalsa °silerge konsul kylyp koiduk° degen Shneizarianyn kyrgyz konsulu Ulan Daniary dele bizden kachyp, jardam berer turu jok. Eger Chyngyzdyn abalynda kalgan kyrgyz Italiada bolso, Italiadagy kyrgyzdar ele jardam bermek. Kancha okuialar bolup kele jatat, biz biri-biribizdi ele kotorup kele jatabyz. Jakynda bir ayal oldu insulttan. Italiadagy but kyrgyzdar 5000 evrodon ashyk akcha chogultup turup, tuugandaryn biakka keltirbesten sooktu samolet menen Kyrgyzstanga salyp jiberdik. Bul uchun Italiadagy bardyk kyrgyzdarga, kyrgyz diasporasyna yraazychylygymdy bildirem. A ai karagan tekedei kutkon konsulduk , elchiligin aitpai ele koioiun, bizge buiurbai kaldy okshoit. Okmotko bizdin keregibiz jok bolso da, elge, baldarybyzga, ui-bulolorubuzgo kerekpiz,keregibiz tiyip jatat. Any el bilet. Oshonduktan, Italiadagy jerdeshterim, ozunorgo ele Kudaiym kuch bersin.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)