Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

Алты кишиден турган үй-бүлө Сирияга кеткен


Сириядагы согуштук аракеттерге борбор азиялыктар да катышып жатканын маал-маалы менен чыгып жаткан тасмалардан көрүүгө болот
Сириядагы согуштук аракеттерге борбор азиялыктар да катышып жатканын маал-маалы менен чыгып жаткан тасмалардан көрүүгө болот

Араван районунан Сирияга кетти делген адамдар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болуп чыкты.

Бир уул, бир кызы, келини жана эки небереси менен Сирияда жүрөт делген Дилярамхандан бир жылдан бери кабар жок.

"Апам менен агамдын кылганы туура эмес"

11-ноябрда Ош облустук Ички иштер башкармалыгы Араван районунан эки үй-бүлөнүн Сирияда жүргөнүн жарыялады. ИИБнын маалыматы боюнча Сирияда жүрөт делген Икромжон Каримов пенсия курагындагы Дилярамхан Ахмедованын уулу болуп чыкты. Жалпысынан алганда Дилярамхан Ахмедова бир уул, бир кызы, келини жана эки небереси менен бирге кеткен болуп чыгууда.

Дилярамхан Ахмедованын үйүндө учурда анын кенже уулу Илхом Каримов жашап жатат. Ал апасы Дилярамхан агасы Икромжон Каримовдун артынан кеткенин айтып берди.

- Апам менен карындашымдын кеткенине бир жылдан өттү. Апам ооручу. Бир аз дарыланам деп Москвага кеткен. Андар ары агамдын жанына кетти. Агам Икромжон төрт жыл мурун Москва аркылуу Түркияга кеткен болчу.

Илхам Каримов төрт жыл мурда агасын, анын артынан жеңесин Орусияга узаткан. Мындан бир жыл мурун кеткен апасы менен карындашынан кабары жок.

- Акыркы жолу апам Москвада жүргөндө телефондон сүйлөшкөнбүз. Андан бери сүйлөшө элекпиз. Ошондон бери кабар жок. Алар тууралуу айылда ар кандай сөздөр жүрүп жатат. Бирок алардын кайда экенин мен да анык билбейм.

Ирак.
Ирак.

63 жаштагы апасы Дилярамхан Ахмедова Сирияга кеткенге чейин экстремисттик диний уюмдардын мүчөсү катары соттолуп да чыккан. Ал совет доорунда Коммунисттик партиянын мүчөсү болуп, райондо жетекчилик кызматтарды аркалаган. Пенсияга чыккандан кийин динге берилип кеткен.

- Мурда апам жакшы иштеген. Он жылдан ашык убакыт райондун социалдык коргоо бөлүмүн жетектеген. Союз убагында райкомдо, партияда иштеген. Пенсияга чыккандан кийин беш убак намазга жыгылып, Куран окуп, үйдө отурган эле. Мен аларды азыр кайдан издешти да билбейм.

Учурда 93 жаштагы чоң энесин жана төрт баласын багып жаткан Илхом Каримов жакындарынын Сирияга кеткенин туура эмес кадам деп эсептейт.

- Төрт балам бар, мен кайда кетмек элем? Ачыгын айтканда бул пайдасыз иш да. Анын үстүнө 93 жаштагы энем бар. Ал жакка баруунун кереги жок деп эсептейм. Алар акылы менен иш кылышпагандар. Ал жакка барып, өзүн отко таштоо жеңил. Менин ниетим - балдарды чоңойтуу.

Түшүндүрүү иштери жүрүүдө, бирок пайдасы аз

Каримовдор жашаган айылдын мечитине намазга келген аксакалдардын бири Дыйканбай Акматжанов:

- Түшүндүрүү иштери жүрүп, жума намаздар учурунда чоӊ мечиттерде да Сирияга баруу туура эмес экендигин айтылууда. Биз да агымдарга кирбегиле деп үгүттөп жатабыз.

Бирок ушул эле айылдын Бактияр аттуу тургуну мечиттерде айтылган түшүндүрүү иштерин баары эле уга бербейт деген пикирде.

- Ал жакка баруу туура эмес экендигин мечиттерде айтып жатышат. Бирок бул кимдир бирөөгө таасир этсе, башкалар аны кулагынын сыртынан кетирүүдө.

Араван районунда 110 мечит бар. Анын жыйырмасы расмий каттоодон өтө элек. Район бийлигинде Сирияга кеткендер тууралуу жалпы маалымат жок. Район акиминин орун басары Абдилаким Гапаров буларды айтты:

- Райондо түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Аксакалдар кеӊеши, дин кызматкерлери, айыл өкмөттөрү жана жаштар комитеттери менен жакшы иштерди алып баруудабыз.

Бул арада бир үй-бүлөнүн алты мүчөсү Сирияга кетти делген Юсупов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчи орун басары Исмаилжон Давидов айылдан ондой киши Сирияда жүрөт деп болжолдонуп жатканын билдирди.

- Биздин божомол боюнча айыл өкмөттөн 8-9 киши Сирияга кеткен. Алар бизге кайда кетери тууралуу маалымат беришпейт. Орусияга, Казакстанга кетип жатканын айтышат. Бирок алардын чындыгында кайда барганын кийин гана билип калуудабыз.

Намаз окуп жаткан адамдар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.
Намаз окуп жаткан адамдар. Сүрөттүн макалага тиешеси жок.

Акыркы убактагы диний активдүүлүктү жаштардын ыйманга келүүсү деп кубаттагандар эл арасында четтен чыгат. Бирок адамдардын диний агымдарды ылгабай кабылдоосун кооптонуу менен кабыл алгандар да жок эмес. Район акимчилигинин алдында жолуккан Ташбай аттуу аксакал намазда өзүн адаттан тыш алып жүргөндөрдөн кооптонорун айтат.

- Бардык иш ошол вахабилерден чыгып жатат. Кара-Сууда да, Бишкекте да ошолордон чыкты. Мечиттерде, медреседе да ушул агымда окутууда. Кааласаӊ жума күнү кел. Алардын мечитте кылган "өнөрлөрүн" көрөсүң. Алар сүннөт окубайт. Колун жайып, сажда кылышат. Ошолорду тынчытса, аалам гүлистан болот эле.

Акыркы маалыматтар боюнча, Сирияда 150дөй кыргызстандык жүрөт, алардын онго жакыны каза болгон. Сирияга кеткендердин арасында аялдар жана балдар да бар. Сириядагы согуштук аракеттерге катышууга аттангандардын көпчүлүгү өлкө түштүгүнөн болууда.

XS
SM
MD
LG