Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:50

Кыргызстан орган алмаштыруунун көмүскө базарына айланбайбы?


Черногориядагы бөйрөк алмаштыруу операциясы, 2015-жыл
Черногориядагы бөйрөк алмаштыруу операциясы, 2015-жыл

Жогорку Кеңеш жакында Трансплантология жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизди. Ал ириде жергиликтүү дарыгерлер арасында кызуу талаш-тартыштарды жаратты.

Соңку үч жылдан бери трансплантация жасоону менчик ооруканаларга берүүнү сунуштаган мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгеси Жогорку Кеңеште улам-улам көтөрүлүп, 26-ноябрда парламенттин көпчүлүк добушу менен кабыл алынып, президенттин кароосуна жиберилген. Мыйзамды өзгөртүү демилгеси кыргыздын белдүү хирургдарын эки жаатка бөлүп, пикир келишпестиктин ордосуна айланды.

Депутаттар менчик ооруканаларга орган алмаштырууга уруксат берип, чет өлкөгө чыга албаган бейтаптардын өмүрүн узартабыз дешкени менен, жүрөк жана орган трансплантациясы жаатында иштеген илимпоз, дарыгерлер Кыргызстан орган сатуучу көмүскө "трансплантация базарына" айланып кетүүсүнөн чочулашат.

Улуттук кардиология институтунун алдындагы жүрөк жана орган алмаштыруу боюнча илимий борбордун атын атагысы келбеген хирургу ички түпөйүл оюн мындайча билдирди:

- Трансплантация боюнча мыйзам толук кандуу иштеш үчүн биринчи кезекте өлкөнүн экономикасы өнүккөн болуусу зарыл. Алдыңкы өлкөлөрдө биринчи кадам өлгөн адамдардын органдарын көчүрүү боюнча мыйзамдык нускоолордон башталат. Биздикиндей мыйзамдар начар иштеп жаткан кырдаалда орган алмаштырууну жеке менчик борборлорго берүү өтө опурталдуу. Биринчиден, мындай борборлорду ким текшерет? Органдарды соодалоо башталбайт, деп ким кепилдик берет? Андан көрө мамлекеттик эки-үч борборду камсыздап беришсин. Ал жакта көзөмөл менен тартипке салынган операциялар аткарылсын. Бизде азыр жакын тууганынын органын эле трансплантациялоого уруксат берилип жатат. Өлгөн адамдын органын көчүрүү маселеси каралган эмес. Бул мыйзамдын соңу кандай натыйжа берет, деп чочулап турамын.

Өлкө орган сатуучу базарга айланабы?

Бишкекте бөйрөк алмаштыруу операциясы.
Бишкекте бөйрөк алмаштыруу операциясы.

​1987-жылы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чоң жыйынында жогоруда кыргыз дарыгерин түпөйүл кылган адам органдарынын мыйзамсыз соодасына бөгөт коюш үчүн эл аралык трансплантация принциптеринин нускоосу кабыл алынган. 2010-жылга чейин дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн орган алмаштыруу мыйзамы дал ушул принциптердин негизинде иштеген. Андан соң Стамбул декларациясы кабыл алынып, "трансплантологиялык туризм" деген алгачкы түшүнүк пайда болуп, ал расмий түрдө эл аралык Трансплантология жана нефрология уюмунун көзөмөлүнө берилген.

Кыргызстан орган алмаштыруунун көмүскө базарына айланбайбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:03 0:00
Түз линк

Дүйнөлүк трансплантологдор бирикмесинин мүчөсү, Кыргызстанда алгач ирет орган алмаштыруу жаатындагы мыйзамды иштеп чыккандардын башында турган профессор Калдарбек Абдыраманов орган алмаштырууда көзөмөлдүн чабалдыгына тынчсызданат:

Профессор Калдарбек Абдыраманов операция учурунда.
Профессор Калдарбек Абдыраманов операция учурунда.

- Трансплантация жасоочу атайын мекеме Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында өз алдынча иштеген, эч кандай мекемеге көз каранды эмес орган, чоң институт болушу керек. Жогорку Кеңештеги депутаттарыбыз мыйзамга өзгөртүү киргизгени жакшы. Эгер мамлекет колдоп, көзөмөлдөй алса, көмүскө трансплантация болбосо, жолдон баратып эле балдарыбыз жоголуп кетпесе, анда мен жеке менчик клиникаларда орган ооштурууну колдойм. Бирок ага эч кимдин көзү жетпейт да.

Мыйзам долбоорун парламентке 26-ноябрда Социалдык саясат жана билим берүү комитетинин жетекчиси, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Садык Шернияз кайрадан сунуштап, депутаттардын колдоосуна ээ болгондон кийин акыркы чекитти коюш үчүн президентке жиберилди.

Орган алмаштырууну менчик секторго бергенде адам органдарын саткан кылмыштар өнүкпөйбү, деген сурообузга депутат Шернияз Саламаттык сактоо министрлигине жоопкерчилик жүктөлөрүнө токтолду:

Жогорку Кеңеш депутаты Садык Шернияз.
Жогорку Кеңеш депутаты Садык Шернияз.

- Ал мыйзамда так жазылып турбайбы, жакын адамдардын гана уруксаты, макулдугу менен орган көчүрүү менчик мекемелерде ишке ашырылат. Саламаттыкты сактоо министрлигине абдан чоң жоопкерчиликти жүктөдүк. Алар атайын жобо иштеп чыгышат. Жобого ылайык, бир гана жакын туугандар кишиге орган абдан зарыл болгондо донор боло алат.

Кыргызстанда азыр ички органдардын трансплантациясын күткөндөрдүн саны барган сайын арбып бара жатат. Органга муктаждардын сап башында бөйрөктүн айыккыс дартына чалдыккандар турат. Азыр бюджеттин колдоосу менен бөйрөгү ооруган 587 адам диализ алат. Бирок дагы 1200 киши бюджеттик диализге кезекте турат. Алардын баары бөйрөгүн алмаштырууну күткөн бейтаптар. Индия, Түркия, Беларус жана башка мамлекеттердеги менчик клиникаларга барып, бөйрөк алмаштыруу операциясына эң аз дегенде 35 миң доллар таппай кыйналган атуулдар арбын.

Түркиянын тажрыйбасы

Бөйрөк алмаштыруу ишин алгач ирет Советтер Союзунда 1933-жылы Херсон шаарында Юрий Ворон аттуу хирург ийгиликтүү ишке ашырган. 1950-жылдары АКШда хирургиянын бул түрү кызуу иликтенип, 1967-жылы Түштүк Африканын борбору Кейптаунда Кристиан Бернард аттуу батыш хирургу биринчи жолу адамдын жүрөгүн алмаштырып, трансплантология илиминин көшөгөсүн ачат. Азыр трансплантология адам клеткаларынын бардык түрүнө колдонулуп, кеңири жайылды. Бирок бул багыттагы мыйзамдык тескөөлөр 1987-жылдан тарта дүйнөлүк деңгээлде колго алынды. Кыргызстандыктар эң көп барып, бөйрөгүн алмаштырган жакынкы өлкөлөрдүн башында Түркия тургандыктан, бул өлкөнүн тажрыйбасы тууралуу Эржиес университетинин органдарды ооштуруу борборунун жетекчиси, профессор Октай Оймак буларды айтып берди:

-Түркияда орган ооштуруу 1980-жылдардан мурда эле башталган. Анан улам илгерилеп отуруп, акыркы 5-10 жылда абдан кеңири жасала баштады. Операциялардын ичинен бөйрөк алмаштыруу бизде көп. 2013-жылдагы маалыматтар боюнча, Түркияда 2 944 адамдын бөйрөгү алмашты. Ошондо орто эсеп менен жылына 2 миңден ашык бөйрөк трансплантациясы жасалат. Бул сан барган сайын көбөйүүдө. Абдан көп мамлекеттик жана менчик медициналык борборлор бар. Алгачкы трансплантация бизде менчик, бир университеттин ооруканасында болгон. Андан соң мамлекет бул тармакты көзөмөлгө алды. Биздеги дагы бир өзгөчөлүк, мыйзам боюнча бир тууган же ата-эненин гана бөйрөгүн донор катары бейтап ала алат. Чет элден келип, бөйрөк алмаштыргандарга да талабыбыз ушул. Ушундан улам трансплантация тармагында “көмүскө базар” жок. Эгерде кимдир бирөө жашыруун башканын бөйрөгүн сатып алса баары бир билинип калат. Анткени донор да, бөйрөк алмаштырган адам да акыр аягы Түркиядагы мамлекеттик бейтапканага каттоого туруп, өмүрүнүн аягына чейин көзөмөлдө турушу зарыл да. Түркиянын трансплантациялоону жана андан кийинки терапияны тескеген мыйзамдары жакшы иштейт. Көзөмөлдөөчү органдар да күчтүү. Андыктан бизде мыйзамга каршы окуялар мурда катталган, бирок азыр жок. Көзөмөл абдан катуу болгондуктан, кокус бирөө-жарым мыйзамсыз бөйрөгүн же башка органын алмаштырганы билинип калса, операцияны жасаган оорукана жабылат. Операция кылдырган киши да, донор да камалып, дарыгерлер сот алдында жооп беришет. Аларды өмүр бою дарыгерлик кылуу укугунан ажыратып, абакка камашат.

Мыйзамдын өзгөрүүсүн колдогон адистер анын аткарылышы үчүн көптөгөн жаңы шарттар түзүлүшү керек дешет. Органды алмаштыруучу хирургдар, мыйзамдык пайдубал, медициналык жабдуулар жетиштүү болгон күндө деле операциядан кийин оорулууну кайра калыбына келтирүү иши да мамлекет тарабынан тыкыр көзөмөлдөнүп, керектүү шарттар түзүлүүсү зарыл. Түркиянын Анталия шаарында иштеп жүргөн кардиолог, дарыгер, Кыргыз медициналык академиясында билим алган вандык кыргыз Аятуллах Кочак Кыргызстандагы ооруканаларда шарттын жоктугун белгилейт:

- Түркияга келип дарылангандан кийин жөн эле бөйрөктү алмаштырып койгон менен иш бүтпөйт. Операциядан кийинки дарылоо процесси бар. Ошону да жакшы билип, жакшы аткарыш керек. Дайыма Түркияда жашаш керек же Кыргызстанда да биздин трансплантация борборубуз тийиштүү деңгээлде иштеп, органын алмаштырган адамды мыкты көзөмөлгө алуу талап кылынат. Менчик же өкмөттүк ооруканада болобу - айырмасы деле жок. Бирок мыкты шарты, заманбап техникасы, чыныгы кесипкөй нефролог, анестезиолог, реаниматолог адистерге муктаждык бар. Биздеги мамлекеттик ооруканалардын азыркы акыбалына ичим ачышат.

Тажикстандын тажрыйбасы

Коңшу Тажикстанда 2007-жылдын июль айында Кишинин органдары жана ткандарын алмаштыруу жөнүндөгү мыйзам кабыл алынары менен алгачкы бөйрөк алмаштыруу операциясы Дүйшөмбү шаарында 2009-жылы ишке ашкан. 2010-жылы өкмөттүн токтому менен Адам органдары менен ткандарын көчүрүү боюнча улуттук илимий борбор түзүлгөн. Мамлекеттик бюджеттен бул борборго үч миллион сомониге (жарым миллион доллар) чукул каражат бөлүнгөн. Ошентсе да борбор чет элдик донор уюмдардын жардамы менен жетиштүү жабдылып, азыр орган алмаштыруу операцияларын ийгиликтүү жасап жатат. Жылына болжол менен 100 тажикстандык бөйрөгүн алмаштырат. Алардын 20 % гана чет элге барып, 20-60 миң доллардык операцияларды жасатса, Дүйшөмбүнүн өзүндө операция чыгымы 10 миң доллардын тегерегинде.

Бөйрөк оорусунан жабыркагандардын Ак үй алдындагы митинги. Февраль, 2015-жыл.
Бөйрөк оорусунан жабыркагандардын Ак үй алдындагы митинги. Февраль, 2015-жыл.

Кыргызстанда Кардиология жана трансплантология боюнча улуттук илим-изилдөө институту 1990-жылдардын этегинде түзүлгөн. Мыйзамдык база да коңшу өлкөдөн эрте негизделген. Ошентсе да азырынча бизде орган алмаштыруу үчүн атуулдарыбыз чет элге барууга мажбур. Аталган институттун жетекчиси, профессор Айдарбек Шералиев мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөрдү колдойт:

- Трансплантологияда жеке менчик ооруканаларга уруксат берүү азыркы замандын талабы. Бул абдан чоң маселе. Биринчи биз мыйзам чыгарып, институт ачып баштаганбыз. Бирок биздин материалдык-техникалык базабыз жетишсиз болуп жатат. Бюджеттен өзүбүз эле кылабыз, дей берсек, анда көпкө чейин кечигип калабыз. Орган ооштурууга муктаж болгон адамдар чет өлкөгө барышып, чоң суммадагы каражат коротуп келип жатышпайбы. Менчик ооруканаларга биз каршы болбошубуз керек. Бирок аларды биз катуу көзөмөлгө алууга милдеттүүбүз.

Жогорку Кеңеш жактырган мыйзамдагы өзгөртүүлөр Түркиянын учурдагы стандарттарына окшош. Бирок аны ишке ашыруу, көзөмөлдөө азыркы Кыргызстандын шартына дал келеби-келбейби - муну мезгил көрсөтөт. Ал арада бөйрөктүн айыккыс дартына чалдыккандардын айрымдары акысыз операцияга кезекке турушуп, соңку үмүттөрү Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы келишимде болсо, колунда тыйыны барлар Индия, Беларус жана Түркияга барып, орган алмаштырып келишүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG