Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Жогорку Кеңеш ТБны чыгарууну колдоду


Кыргызстан -- "Манас" аба майданындагы Транзиттик борбордогу аскерлер. 23-март, 2013.
Кыргызстан -- "Манас" аба майданындагы Транзиттик борбордогу аскерлер. 23-март, 2013.

19-июнда Жогорку Кеңеш Транзиттик борборду чыгаруу маселесин жабык түрдө карап, өкмөттүн сунушун жактырды.

Өкмөт базаны чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун 21-майда парламентке берген эле. Андан бери фракциялар, комитеттер бул маселени карап, өкмөттүн сунушун колдогон.

Транзиттик борборду "Манастан" чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун караган Жогорку Кеңештеги жыйынга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев катышты. Мыйзам долбоорун парламентке сунуштоо тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге тапшырылгандыктан, ал жыйынды жабык өткөрүүнү депутаттарга сунуштады. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев министрдин сунуштун комитет колдоорун билдирди. Натыйжада Жогорку Кеңеш маселени жабык карады.

Парламент залынан Абдырахмановдун билдирүүсүнө караганда, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Транзиттик борборду чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун колдоп берүүнү өтүндү. Бул сунуш көпчүлүк коалицияга кирген фракциялар тарабынан колдоого алынды.

Депутаттар Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков жана Акматбек Келдибеков 2014-жылы кетүүгө камданган Транзиттик борборду сый менен эле узатууга чакырышты.
Бирок көпчүлүк коалициянын депутаттары өкмөт туура чечим кабыл алып жатат деген ойдо болушту дейт Абдырахманов:

- Коалиция колдоп жатат. Өткөрүп кетишет го деймин. Үч окууда тең карап бергиле, дароо эле карап бергиле деп жатышат.

Абдырахмановдун айтымында, базаны чыгаруу боюнча чечим шашылыш жана Москванын кызыкчылыгында кабыл алынып жатат. Андан Кыргызстан экономикасы олуттуу жоготууларга учурайт. Республиканын экономикалык зыяны 200 млн. долларга жетери айтылууда. Белгилүү болгондой америкалыктар "Манастын" ижара акысы үчүн эле 60 млн. доллар түз бюджетке төлөшөт. Андан сырткары салык, айыл чарба продукцияларын сатуу, иш менен камсыздоо сыяктуу кыйыр кирешелердин натыйжасында Кыргызстанга дагы 140 млн. доллар түшүп турарын адистер белгилеп келишет.

Депутат Назарали Ариповдун билдирүүсүнө караганда, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев экономикалык жоготуулардын кенемтесин толтуруу үчүн жаңы салыктар киргизилерин маалымдаган:

- Төрт комбинатты ишке киргизебиз деп жатат. Андан сырткары тамекиге, күйүүчү майга акциздик салыктарды көтөрүү менен жабабыз деп жатышат.

Жабык жыйындын соңунда өкмөттүн мыйзам долбоору көпчүлүк тарабынан колдоого алынып, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" парламенттин сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин мүчөсү Курманбек Осмонов билдирди.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, добуш берүү бейшемби күнү болот. Ошондуктан бейшемби күнү Транзиттик борбор боюнча келишимди бузуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна да добуш берилет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG