Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:52

Дүйнө

Юлия Тимошенко сотту “тактеке” деп сындады

Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко киевдик сотту өлкө президенти Виктор Януковичтин “тактекеси” деп айыптады.

Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенко. 17.3.2010.
Текст көлөмү - +
29-июнда Юлия Тимошенко Киевдин Печерск райондук сотунун отурумуна катышты.

Ал  2009-жылы Орусия менен  газ боюнча келишимдерди  мыйзамсыз түзгөн,  кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 190 миллион доллар каражатты казынага түшүргөн эмес  деп айыпталууда. 

Сот отуруму улуттук сыналгы каналдан көрсөтүлүп, Тимошенко айым сот келгенде ордунан туруудан баш тартты. 

Сот Родион Киреев киргенде аны Тимошенко айым “марионетка”,  же кыргызча айтканда “тактеке ("башкарылган куурчак”) деп атады.

- Ар бир адам соттун алдында турат. Бирок сиз сот эмессиз. Сиз сыртыңыздан гана сотко окшоп турасыз жана ишемби күнү чыгарган чечимдериңиз менин, мыйзамдын, баш мыйзамдын  бардык суроо-талаптарын  четке кагуу менен кабыл алынды. Сиз сот эмессиз, ошондуктан мен ордумдан козголбойм, - деп сүйлөгөн Тимошенкого анын сот залында отурган колдоочулары кол чабышты.

Тимошенко бул сот иши аркылуу бийлик оппозицияны тепсеп, жок кылгысы бар деген доосун дагы бир жолу кайталады:

- Бул сот эмей эле президентик администрациянын бир департаменти жана силер саясий буйрукту  аткарып жатасыңар.

Сот Тимошенкого түз кайрылып, суроо берип жатканда,  ал айым жооп берүүдөн баш тартып жатты жана Киреевдин толкунданганы көрүнүп турду.  Мындан мурун Тимошенко Киреевди алмаштырууну өтүнгөн.

Юлия Тимошенконун ачуулуу сөздөрүнөн көп өтпөй Киреев соттук угууларды 4-июлга чейин жылдырды.

Ал бул танапис  Тимошенконун жактоочулары иш менен таанышуу үчүн керек деп  билдирди.

Тимошенконун адвокаттары иш менен таанышууга 3  күн сурашкан.

200гө жакын адам, алардын көбү  Тимошенко жетектеген “Батькивщина” партиясынын мүчөлөрү,   сот өтүп жаткан имараттын сыртында плакаттарды жана транспаранттарды кармап турушту. 

28-июнда сыналгыдан берилген интервьюда Украинанын президенти Виктор Янукович  Юлия Тимошенко “коргонуунун саясий гана ыкмасын” тандап алганын айтып, сот иши “таза жана ачык” болушун каалаарын билдирген.

Эгер Тимошенконун күнөөсү далилденсе, аны мыйзамга ылайык 10 жылдык абак мөөнөтү күтүп турат.

Журналисттерге сүйлөп жатып, Титмошенко айым "жакында түрмөгө түшүп калам  го" деп  кооптонуп жатканын жашырган жок.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук