Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Кар көчкү коркунучу, коопсуздук аракеттери


Кыштын ызгардуу суугунан кийин тоолордогу абал, алыскы аймактардын тургундарына жардам тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов “Азаттыкка” маалымат берди.

- Кардын көп жааганына байланыштуу жолдор жабылып, көчкү жүрүүдө. Бугүнкү күнгө карай жолдордо абал кандай?

Кылычбек Досумбетов: 17-февралдагы кар көчкү түшүү божомолун карап көрсөк, Ош облусу боюнча Ош-Харок жолдун 176-182 чакырымга чейин Талдык деген ашууда кар көчкү жүрүү божомолу бар. Ошондой эле Кара-Кулжа-Алайкуу ашуусунда 135-150 км. аралыгында кар көчкү болушу мүмкүн. Жалал-Абад облусу боюнча Бишкек-Ош жолунун 205-265 км. чейинки Ала-Бел ашуусунда, ошондой эле Чаткал районунун Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 75-97 км. чейин Чапчым ашуусунда түшүшү мүмкүн.

Ошондой эле Толук Сары-Камыш жолунун 45-60 км. чейин кар көчкү түшүү божомолу бар. Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча Кара-Кол-Элинчек жолунун 45-50 км. жана 72-88 км чейин Чоң-Ашуу ашуусунда күтүлөт. Ошондой эле Түп-Кеген-Барскоон-Акшыйрак Сөөк ашуусунда болушу мүмкүн. Чүй облусу боюнча Бишкек-Ош жолунун 130-138 км чейин кар көчкү жүрүшү мүмкүн.

- Бүгүнкү күнгө карай бир да жерде жол жабык эмес, туурабы?

Кылычбек Досумбетов: Көчкү түшсө да ал тарапта Өзгөчө кырдаалдар жана Транспорт министрликтеринин техникасы иштеп жатат. Кар көчкү түшкөн убакта дароо эле жолдор ачылып атат.

- Кар көчкү тосуп калган Кара-Кулжа тарапта кандай иш-чаралар уюштурулду?

Кылычбек Досумбетов: 15-февралда Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолдору жабылып, ошол жакта 59 студент, Кызыл-Жар жана Кара-Кулжа райондорунда калып кетишкен, окууга келе албай калган. Ошол күнү эртең менен МИ-8 тик учагы куткаруучулар менен Кара-Кулжа районуна барып, алыскы райондорго дары-дармектерди, пенсия, пособие, почтаны ж.б. алып барып, ал жактан студенттерди, ооруп калган адамдарды Кара-Кулжа районуна алып келишти. Өзгөчө кырдаалдар министри Бакыт Төрөбаев өзү барып, өзү көзөмөлдөп турду.

- Күндүн жылышы менен кар көчкү жүрүү коркунучу ого бетер күчөшү да ыктымалбы?

Кылычбек Досумбетов: 16-февралдагы кабарга таянсак, Өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Мукамбет Касымалиев алыскы тоо райондорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, бирок адамдар коркпош керек деген. Эгерде айдоочулар жолго чыга турган болсо, унаалар 500 км. аралыкта жүрүш керек.

Азыркы убакта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кар көчкүгө каршы кызмат бар. Төө-Ашуу жана автомагистралдарда алар кайсы жерде көчкү болушу мүмкүн, кайсы жерде болбойт деп божомол жасап атат.

- Рахмат.

"Азаттыктын" архивинен: Ооганстан: кар көчкүдө 160 киши калды

Кабул менен түштүк Ооганстанды бириктирип турган Салаң туннелинин эки чети тең кар көчкүдөн улам жабылып калган эле. Куткаруучулар анын астынан кеминде 165 адамдын сөөгүн табышты. Хинду-Куш тоолорунда бир нече күн тынбай кар жааган.

Ооганстан: кар көчкүдө 160 киши калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:15 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG