Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:10

Мечит балдар бакчасына берилди


Кара-Суу районунун Агартуу айылындагы мечит имараты эми наристелердин үйү болуп калды. Айылдыктар демилге көтөрүп, 2 мечиттин бирин оңдоп-түзөп, бала бакча кылып алышты.

Бала бакчада азыр 30 бала тарбияланууда. Жумушка кеткенде балдарын үйдө жалгыз калтыруудан чочулаган ата-эне көңүлдөрү тынчып калганын айтышууда. Болгону бала бакчанын акысынын кымбаттыгы тургундарды бир аз капалантты.

Балдар үйүнүн жетекчиси Саламат Назарова:

- Жаңы мечит курулгандан кийин бул жер бош калды. Айыл элинин, айыл өкмөттүн демилгеси менен бала бакча кылалы деп чечтик. Чоң бир эле бөлмө болчу, өкмөттөн акча бөлүштүрүп 2-3 бөлмө жасаттык.

Жатакана, балдар ойной турган жайга айланттык. Жалпысы 142 миң сомго ремонт кылып берди. Эми алыбыздын жетишинче тарбиялап атабыз.


Анча-мынча нерселер жетишпеген менен учурда балдар бакчасынын бардык шарттары түзүлгөн.

Саламат Назарова
Учурда мында 27 бала тарбияланууда. Башында ата-энелер да балдарын үйдөгү оюнчуктары менен жөнөтүп жатышты.

Мында иштеп аткандар өздөрү деле үйлөрүнөн казан-табагын көтөрө келишет:

- Иш баштоо оңой эмес экен. Бала-чакабызды карабай, наныбызды жаппай ушунда келип иштеп атабыз. Жардам берип аткандан кийин биз да аракет кылып, бекер отурбайлы деп, казан-табак алып, кашык-оюнчуктарды чогулттук. Үйүмдөгү казан-аягымдан бери көтөрүп келип атам. Шаардагы бала-бакчалардан бизге керек болгон стол-стулдарды, керебеттерди өкмөтүбүз алып берди. Балдар өздөрү да үйлөрүнөн бирден-экиден оюнчуктарды алып келди.

Көңүл тынчып калганда...

Агартуу айылында 450 түтүн, 2000ден ашуун адам жашайт. Көпчүлүгү талаа жумуштары менен алек болсо, айрымдары Кара-Суу базарында соода кылышат. Кичинекей болсо да бакча иштей баштап, алар балдарын ушул жакка жөнөтүп, көңүлдөрү тынчып калышты.

Айыл тургуну Сонунбү Өсөрова:

Сонунбү Өсөрова
- Бизге жакшы болуп калды. Балдар көчөдө жүрбөйт, ысыкта калбайт, сааты менен тамак ичет, сааты менен жатат. Мен үч неберемди балдар бакчасына бергем. Коңшу айылдан бир неберемди атайын алып келди.

Бир нерселерди үйрөнсүн, билсин дедим. Сүйлөй албаган неберем жакшы сүйлөп, ырдаганга үйрөнүп калды. Рахмат, эми аракет бар үчүн ушундай болуп атат.


Динара Сыдыкова жаңы ачылган балдар бакчасынын акысы кымбаттыгынан ага 2 кызын киргизе албай отурат.

Күйөөсү талаага жумушка кетип, балдарын күнүгө өзү менен кошо базарга алып барат. Тапканы азырынча бул жакка жеткидей эмес:

- 750 сомдон эки баламды бала бакчага берсем 1500 сом болот.

Менин күйөөм курулушта иштейт, өзүм соода кылам. Тапканыбыз аз эле. Мындай заманда кыйын да. Мен эле эмес, айылдын жарымы эле айтып атат. Кошуналарым да “неберелеримди берет болчумун, бирок кымбат экен” деп атышат. Көпчүлүгү эле ошондой.


Деген менен жергиликтүү бийлик азыркы бала бакчанын жанына АРИСтин демөөрчүлүгү менен дагы 35 орундуу имарат тургузмакчы. 2 миллион сомдук имарат бүтүп калса, бала бакчанын баасы 400 сомго чейин түшүшү мүмкүн.

Айыл округ башчысы Тилек Матраимов:

Тилек Матраимов
- Өкмөттүк тарификацияга кирбей калганына байланыштуу балдардын акысы азыр кымбатыраак болуп жатат. Бирок сентябрда жаңы бала бакча бүтүп калса, дагы 35 балага орун ачылат. Ошондо жалпысынан 70и бала бакча менен камсыз болуп калмак. Акысын да азыркынын жарымына азайтабыз.

Анткен менен Жоош айыл округунда Агартуудан башка дагы 2 эле айылда бала бакча иштеп атат. Калган 10 айылдын наристелери азырынча үйүндө, же көчөдө ойноп турууга аргасыз.

Кантсе да элетте мечит имараты балдар үйүнө берилип жатканын жергиликтүү серепчилер жакшы көрүнүш катары сыпатташууда. Көпчүлүк айылдарда мектеп менен балдар үйү жөткүрүп турса, көк чийдирип мечит салуу модага айланып бараткан болчу.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG