Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

БШКга нааразылык күчөдү


Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны.
Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны.

Президенттикке талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаарына аз убакыт калганда жарыштан четтетилген талапкерлердин БШКга нааразылыгы күчөдү.

БШК каттоодон баш тарткан “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева менен “7-апрель жаштар кыймылы” партиясынан көрсөтүлгөн Нариман Түлеев Боршайкомдун чечимин айыптап, сотко кайрыла турганын билдирип чыгышты. 20-сентябрда БШК кол тамгалар жетишсиз деген жүйөө менен 5 талапкерди каттоодон баш тарткан.

Оюндан чыгарылгандар сотко чуркоодо

Президенттик жарыштан четтетилген “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиева Бишкектеги маалымат жыйынында Боршайкомдун чечимин сотко берерин жарыялады. Анын жүйөөсү боюнча, Боршайком мүчөлөрү 35 миң кол тамгасын атайылап кыскартып, талапкерлигин өткөрбөө амалы жасалууда. Шайлоо алдында нааразылыктардын чыгышына сырткы күчтөр да кызыктар, дейт Үмөталиева:

Токтайым Үмөталиева
- Азыр Кыргызстандын экиге бөлүп жарып, Орто Азияны бөлүп жарабыз деген күчтөр БШКнын өкүлдөрүн колдонуп, кээ бир саясий топторду колдонуп, атайын саясий технологияларды түзүп жатат. Алардын максаты азыр элди алып чыгып, шайлоону өткөрбөй коюп, Кыргызстанды дагы бир өрткө алып келүү. Алар ойлоп жатат, эгерде менин талапкерлигимди алып салса эле, элдин ой-пикирин түзө албай калам деп. Менин сөзүм бар. Азыр адвокаттар даярдап жатат. Сотко бүгүн беребиз.

Борбордук шайлоо комиссиясы 20-сентябрда жетиштүү анык кол топтой алган эмес деген негизде Нариман Түлеев, Токтайым Үмөталиева, Аскарбек Абышев, Уланбек Сооданбековду жана өкүлүнүн колу коюлбай калган деп Калыбек Арабаевди каттабай койгон. Нариман Түлеевдин талапкерлигин көрсөткөн “7-апрель жаштар кыймылы” партиясынын өкүлдөрү да БШКнын бул чечимине каршы болуп, Түлеев үчүн кол койгон миңдеген адамдарды БШК имаратынын алдына алып келебиз деп билдиришти.

Нариман Түлеев өзү мындай ойдо:

Бул пикир-келишпестик олуттуу жагдайга алып келбейт. Иштин башка тарабы, бул нааразылыктар БШКга жана азыркы бийликке болгон сын-пикирлерди көбөйтөт... Элмира Ногойбаева
- Элдер 30 миң, 31 миң кол топтоп, алардын баары өтүп жатса, 136 миң, анан карала электерди кошкондо 167 миң кол өткөргөн биздики өтпөй калабы? Бул эмне ойго алып келип жатат? Мен таң калып жатам. Биз азыр сотко берип жатабыз. Андан тышкары БШКга кагаз жибердик. Соттун чечими чыкканга чейин мамлекеттик тил сынагына киргизип, жаңы комиссия түзүп, кол тамгаларды кайра санап чыккыла деп.

БШК сындарды четке кагууда

Ал эми Боршайкомдун мүчөсү Жеңиш Акматов каттоодон баш тартылган талапкерлер 22-23-сентябрда өтө турган мамлекеттик тил сынагына киргизилбей турганын, талапкерлердин кол тамгалары мыйзамдын чегинде текшерилгенин тастыктады:

- Жогору жактан кысым болуп, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү ушундай кылды деген айыптоолор негизсиз. Колдору 30 миңге жетпей калды. Биз Нариман Түлеевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнө көрсөткөнбүз. Мына ушундай болду деп. Соттун чечими чыкмайынча аларды сынакка киргизбейбиз го.

Элмира Ногойбаева
БШК менен жарыштан четтетилген талапкерлер ортосундагы араздашуулар канчага созулары, соттор кандай чекит коёру азырынча белгисиз.

“Азия полиси” борборунун талдоочусу Элмира Ногойбаева мындай жагдайларды шайлоо алдында боло жүрчү көрүнүш катары сыпаттайт:

- Бул пикир-келишпестик олуттуу жагдайга алып келбейт. Иштин башка тарабы, бул нааразылыктар БШКга жана азыркы бийликке болгон сын-пикирлерди көбөйтөт. Бирок бул жерден чоң бир саясий катаклизмди көрбөй элемин.

Боршайкомдун басма сөз кызматы азыркы маалга карата президенттикке талапкерлердин саны 25ти түзүп, алардын 2си расмий каттоодон өткөнүн жарыялады. БШК ушул жуманын акырына чейин талапкерлерди каттап бүтүп, аркы жумадан тарта үгүт иштери башталмакчы.

XS
SM
MD
LG