Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

Сирия оппозициясына курал берүү талкууланды


Сириялык козголоңчу Алеппо шаарында кармашта, 13-март 2013-жыл.
Сириялык козголоңчу Алеппо шаарында кармашта, 13-март 2013-жыл.

Европа биримдигинин Сириядагы козголоңчуларга курал сатууга киргизген эмбаргосу май айында бүтөт. Ал арада биримдик Франциянын Сириядагы оппозицияга курал сатууга уруксат берүү сунушун талкуулады.

Франция Сирияда президент Башар Асад менен согушуп жаткан козголоңчуларга курал сатууга киргизилген эмбаргону алып салууну сунуштаган. Франциянын президенти Фрасуа Олланд Башар Асаддын режими эки жылдан берки жаңжалды токтотууга кызыкдар эмес деп эсептейт. Ал Европа Сирияда карапайым элдин «кырылышына» көңүл кош карап тура бербеши керектигин эскертти:

- Биз да жоопкерчиликти сезишибиз керек. Бул режимдин сөзгө келбей турганы, саясий өзгөрүштү каалабаганы анык болуп калды. Мындай шартта биз элдин кырылышына жол бере албайбыз.

Франция европалык эмбарго күчүндө калган күндө да козголоңчуларды куралдандырууга даяр экендигин айтууда.

Мөөнөтү май айында бүтүп жаткан эмбаргону эртелеп күчүнөн кетирүүнү Британия да колдоп келет. Бирок Германия өңдөнгөн башка өлкөлөр буга каршы.

Ал арада Сирия өкмөтүнүн союздашы Иран менен Орусия бул өлкөгө курал берүүнү улантып келатат.

Европа Биримдигинде козголоңчуларга курал берүү согушту дагы күч алдырып, дагы көп кан төгүлөт деген тынчсыздануу бар.

Европалыктар ошондой эле мындай курал Сириянын режимине каршы күрөшкөн, ошол эле мезгилде Батышка кастарын тиккен исламчыл согушкерлердин колуна түшүшү мүмкүн деп камтама болушууда.

Германиянын канцлери Ангела Меркел эмбаргону алып салууда өтө кылдаттык керектигин эскерткен.

Сирия оппозициясы Батыштан эбактан бери эле курал бергиле деп сурап келет. Бирок мындай өтүнүчтөр көбүнчөсүндө көз жаздымда кала берүүдө.

Сауд Арабия менен Катар козголоңчуларды ачык куралдандырып жатат. Бирок Асаддын режимин бийликтен баш тартууга чакырып келаткан Кошмо Штаттар оппозицияга «аскерий эмес» жардам көрсөтүү менен чектелүүдө.

АКШнын Мамдепартаментинин маалымат катчысы Виктория Нуланд бейшембиде европалыктардын эмбарго талкуусу боюнча Вашингтондун конкреттүү турумун билдирген жок. Болгону Сириядагы оппозициячыл коалицияга мүмкүн болушунча колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Иран сириялык оппозицияга курал бере албайт деп эсептелет, себеби анын колу Улуттар Уюмунун санкциялары менен байлануу. Бирок Тегеран Сириянын режимине Ирак аркылуу тымызын курал жеткирип жатат деген шектенүү бар.

Улуттар Уюмунун эсебинде 2011-жылдын мартында башталган толкундоолордон бери 70 миңдей кишинин каны төгүлдү. Бир миллиондон ашык киши үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду.

XS
SM
MD
LG