Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Сирия: Жарандык согуштун белгилери байкалууда


Сирия -- Дамасктын чет жакасында сириялык жигит күйүп кеткен автобустун бомба коюлган жерин кароодо. 14-июнь, 2012.
Сирия -- Дамасктын чет жакасында сириялык жигит күйүп кеткен автобустун бомба коюлган жерин кароодо. 14-июнь, 2012.

Батыш Сирияда мазхаб аралык жарандык согуш тутанышы ыктымалдыгы айтылууда.

Айрымдар а түгүл анын белгилери даана байкала баштаганын айтышат. Андай белгилердин бири – өкмөттү колдогон Шабиха куралдуу тобунун барган сайын көбүрөөк согуштук аракеттерге тартылышы.

Сириядагы кризис тереңдеген сайын кандуу тирешүү жарандык согушка айланып баратат деген кооптонуулар көбүрөөк угула баштады. Алардын бири – БУУ жана Араб Лигасынын Сирия боюнча атайын арачысы Кофи Аннан:

- Кырдаал өзгөрбөсө келечекте ырайымсыз репрессиялар, кыргын, мазхаб аралык зомбулук, атүгүл жарандык урушка күбө болушубуз ыктымал. Мындан сириялыктардын бардыгы эле жабыркайт.

Бирок мазхаб аралык жаңжалдын белгилери ансыз да байкала баштаган, - дешет кээ бир байкоочулар.

Алсак Шабиха куралчан тобу барган сайын урушка көбүрөөк тартылууда. Асад үй-бүлөөсү кирген Аллавилер сектасынан куралган согушкерлер Хула шаарчасындагы кыргын үчүн шектелүүдө. Майдын соңунда ал жерде 108 киши, анын ичинде 49 наристе өлтүрүлгөн.

БУУнун расмий өкүлдөрү ал кыянаттыкка Шабихачылардын тиешеси болушу мүмкүн деген шектенүүсүн ортого салышты. Эмне дегенде, күбөлөрдүн ырастоосунда, сунилер үстөмдүк кылган шаарчаны адегенде өкмөттүк артиллерия аткылап, кийин коңшу аллави айылдарынан жүздөгөн куралчан адамдар келе баштаган.

Франциядагы Греммо изилдөө борборунун директору Фабрис Баланш күбөлөрдүн айткандары чын болуп чыкса, ал окуяны согуштук аракеттин эң чоң фактысы катары сыпаттаса болот:

- Ансыз деле 2011-жылдын сентябрь айынан бери Хомсто жарандык согушка күбө болуп жүрөбүз. Сириянын армиясы оппозицияга каршы күрөшүп келатат, оппозиция болсо жалаң сунилерден турат. Сириянын Эркин Армиясында суни эместер чанда жолугат. Менимче, аларда аллави же христиандар жок болушу керек. Каршы тарапта болсо Сирия армиясы. Хомсто куралдуу күчтөрдүн аскерлери Аллави коомчулугунун өкүлдөрүнөн куралган.

Шиийлерден IХ кылымда бөлүнүп чыккан аллавилер Сирия калкынын 12 пайыздайын түзөт. Бирок өкмөттү жана армияны көзөмөлдөшөт.

Баланш бир кездери аллавилердин бийликке келишин изилдеп чыккан. Анын айтымында, мазхаб аралык тирешүү аллавилер менен сунилер жайгашкан аймактардын чек араларында өзгөчө курч.

Бирок ири шаарларда да Шабиха режимди колдоодо чоң роль ойноп жатат. Адатта ак дамбал кийип, мыкты куралданган согушчандар аларга расмий бийлик берилбесе да, демонстранттарды уруп-сабап, атууга чейин барууда.

Шабиха Башар Асаддын атасы Хафездин учурунда пайда болгон. Хафез Асад 1970-жылы мамлекеттик төңкөрүш аркылуу бийликке келгенде аллавилердин башкаруусун киргизген.

Дамаск режими Шабиханы кармап турууга эмне себептен кызыкдар? Биринчиден, куралдуу күчтөрдүн лоялдуулугунан күмөн санайт. Мындан улам деп түшүндүрөт Баланш, Хомстогу кармаштарга армиянын бир эле бөлүгү, Башардын бир тууганы кол башчылык кылган 40 дивизия тартылган:

- Махер Асад жетектеген 4-дивизия жалаң аллавилерден куралган? Бир дагы суни, христиан же друздар жок. Суни батальондору башка, анча кооптуу эмес чөлкөмдөрдөгү урушка катышууда. Себеби режим суни жоокерлерге анча ишенбейт.

Экинчиден, Шабихага жамынып, бийлик өзүн зордук-зомбулук үчүн айыптоолордон оолак кармай алат. Эл аралык байкоочулар Хуладагы кыргын үчүн куралчан топ шектелип жатканын билдиргенде, Дамаск аскерий эмес кийим-кече табылганын, өкмөттүк армиянын адам өлтүрүүлөргө тиешеси жоктугун айтып чыкты. Режим Хула окуясы үчүн өкмөткө каршы провокаторлорду күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG