Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:21

Министр ЖМК боюнча жаңы долбоорду эки айда иштеп чыгуу керек экенин айтты


“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны. 29-март, 2024-жыл.
“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны. 29-март, 2024-жыл.

29-мартта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушту. Министр эки айдын ичинде мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, президенттик администрацияга жиберүү керек экенин айтты.

“Жалпыга маалымдоо каражаттарын каттоону татаалдатууга биздин министрлик да каршы. Сиздер менен мыйзам долбоору боюнча конструктивдүү иштешүүгө даярбыз”, - деди ал.

Жумушчу топто “Медиа Полиси” институтунун юристи Нурбек Сыдыков, Kaktus.media басылмасынын негиздөөчүсү Дина Маслова, “Азаттыктын” кызматкери Кубат Оторбаев, Next TV телеканалынын башкы продюссери Дмитрий Ложников да бар. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, юрист Акмат Алагушев да кирди. Дагы башка адистер да кошула турганы кабарланды. Жумушчу топтун курамын министрлик бекитет жана аны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жетектейт.

13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.

7-мартта Садыр Жапаров Кыргызстандагы 40тай жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен жолугуп, ЖМКлар менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин айткан.

Расмий маалымат боюнча, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Эгерде Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору кабыл алынса, ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, аны Юстиция министрлиги жүргүзмөк. Каттоо үчүн үч документ - арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим талап кылына баштамак. Ошондой эле ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керектиги жазылган.

Жогорку Кеңешке киргизилип, айрым комитеттерден биринчи окууда колдоо тапкан бул документти эл аралык жана жергиликтүү уюмдар сынга алган.

Президент Садыр Жапаров документти иштеп чыгуу үчүн 2022-жылы декабрда да жумушчу топ түзгөн. Президенттин администрациясынын укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов топтун жетекчиси болгон. Бирок президенттик аппараттын юридика бөлүмү жумушчу топтогу жарандык коомдун өкүлдөрүнүн берген сунуштарын акыркы 5-вариантка киргизбей калганда, алар Садыр Жапаровго ачык кат менен кайрылып, мыйзам долбоорун мындай абалда кабыл албоого чакырышкан. (KO/BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG