Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:11

Быйыл Орозо айт намазы мечиттерде гана окулду


Бишкектеги мечиттердин биринде Айт намазын окуп жаткандар. 10-апрель, 2024-жыл.
Бишкектеги мечиттердин биринде Айт намазын окуп жаткандар. 10-апрель, 2024-жыл.

Быйыл коопсуздукту сактоо үчүн Орозо айт намазы облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде окулду.

Эл мечиттерге саат 6:15те чогулуп, баяндар айтылып, намаз саат 7:30да окулду. Мусулмандардын ыйык Орозо айынын соңундагы Айт майрамы быйыл 10-апрелге туш келди. Кыргызстанда бул күн дем алыш деп жарыяланган.

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо Айт майрамы менен куттуктап, кыргыз эли Исламдын баалуу көрөңгөлөрүн өзүнүн түптүү каада-салттары менен айкалыштырып жашап келгенин билдирди. Мамлекет башчы Орозо айт намазын Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте окуду.

Бир канча жылдан бери Айт намаз Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген кишилер катышат.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам намаз мечиттерде гана аралык сактап окулган. Быйыл коопсуздуктан улам Орозо айт намазы өлкөдөгү жума намаз окула турган мечиттерде окулду. Социалдык тармактарда буга нааразы пикир жазгандар да болду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG